Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Төраганын маселесин депутаттык комиссия иликтейт


Жогорку Кеңеш төрага Акматбек Келидбековго ишеним көрсөтпөө маселесин 12-декабрда кароону чечти. Ага чейин бүгүн түзүлгөн депутаттык комиссия “Ата Мекен” фракциясы тарабынан коюлган айыптарды иликтеп чыгууга тийиш.

“Ата Мекен” фракциясы 30-ноябрдагы жыйынында Акматбек Келдибековго 15 пункттан турган айып коюп, ага ишеним көрсөтпөй турганын билдирген. Коюлган айыптардын арасында "Акматбек Келдибеков кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланышкан", "мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган", "KG номурларды туш келди тараткан" деген жана башка айыптар болгон.

Ошондуктан “Ата Мекен” фракциясы төрагага ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине киргизүүнү парламенттин шаршембидеги жыйынында сунуштады.

KG номурлары талкуу жаратууда
KG номурлары талкуу жаратууда
Бул аракетти Кыргызстан социал-демократиялык фракциясы колдоого алды. Аталган фракция 7-декабрда билдирүү таратып, анда моралдык себептерге байланыштуу Акматбек Келдибековду өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды.

Социал-демократиялык фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков маселени кандай тартипте кароонун жолдорун айтып чыкты:

- Жаңы регламенттин беренелерин карап көрсөк, 23-беренеде төрага жана анын орун басарларынын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктары токтотулушунун тартиби жазылган. Маселе күн тартибине киргизилет, андан кийин 72 сааттан мурун эмес, бирок беш күндөн кеч эмес мөөнөттө каралат деп турат.

"Мына ушул тартипте баралы", - деп кошумчалады Чыныбай Турсунбеков.

“Ата Мекен” фракциясы регламентке ылайык, 10-декабрда Жогорку Кеңештин чукул жыйынын чакырып, төраганын маселесин кароону сунуштады.

Бирок “Республика” фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулайманов маселени дүйшөмбү күнү кароо туура болоорун айтты:

- Ишемби дем алыш күн. Ал күнү депутаттар чогулбай калышы да мүмкүн. Ошондуктан дүйшөмбү күнгө койолу. Баарыбыз келип, төраганын маселесин карайлы. Төраганын күнөөсү далилденсе, ошого жараша жыйынтык чыгаралы.

“Республика” фракциясынын мүчөсүнүн бул сунушу кабыл алынды. Ал эми “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев төрагага коюлган айыптарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады:

- Комиссия түзүп койсок эмне болот? Бардык фракциялардын өкүлдөр кирсин. Анан комиссиянын корутундусун карап койсок ашыкча болбойт деген ой.

Бул сунуш да кабыл алынып, ар бир фракциядан бирден өкүл кирген депутаттык комиссия түзүлдү. Ал дүйшөмбү күнгө чейин “Ата Мекен” фракциясы тарабынан төрага Акматбек Келдибековго коюлган айыптардын чын-төгүнүн иликтеп, өз корутундусун парламентке берүүгө тийиш.

Мындай чечим кабыл алынганга чейин депутаттар ортосунда бир топ талаш-тартыштар орун алды.

Бишкек, 17-декабрь, 2010-жыл
Бишкек, 17-декабрь, 2010-жыл
Депутат Каныбек Иманалиев коалициялык макулдашууга ылайык, коалиция тарагандан үч күндөн кийин төрага кызматынан кетүүгө тийиш экендигин айтып, "бул талапты эмне үчүн аткарбай жатасыз" деген суроону Акматбек Келдибековго узатты. Төраганын жообу мындай болду:

- Креслого жабышкан эч ким жок. Мен дагы бир жолу айтып койсом, менин дарегиме жаман сөздөр айтылгандан кийин мен өзүмдүн абийиримди сакташым керек. Ушинтип жазылыптыр, анан коалиция боюнча макулдашууга ылайык арыз жазышыңыз керек деп жатышат. Мен андай жазсам, анда "Өмүрбек Текебаев айткандын баарына макул болду" дегенди билдирет.

Төрага ошондой эле коалициялык келишим эки жылга түзүлгөнүн, КСДП мөөнөтүнөн мурда чыгып, аны бузганын белгиледи. КСДП өз кезегинде мыйзам чегинде коалициядан чыкканын эскертти.

Мына ушундай талаш-тартыштардын жыйынтыгында төраганын маселесин дүйшөмбү күнү кароо чечилди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG