Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Шайлоодон утуп чыккан партиялар алынган добуштун өлчөмүнө жана мыйзамда каралган квотага жараша мандат бөлүштүрүүгө киришти.

Партиялардын тизмесиндеги өзгөртүүлөр буга чейинки макулдашууга ылайык шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланганга чейин такталууга тийиш. Мына ошондуктан буга чейин партиялар ортосунда кызуу атаандаштык болсо, эми талапкерлер ортосунда мандат алуу үчүн күрөш күч алды.

Жол башчылардын “жоомарттыгына” ишеним

Буга чейинки ички макулдашууга ылайык, шайлоодон утуп чыккан партиялар талапкерлер арасында мандат бөлүштүрүүгө өтүштү. Партиялардын саясий кеңештеринин мандат бөлүштүрүү жараяны жашыруун жүрүп, ич ара териштирүүлөр купуя сыр катары сакталууда.

Мындай көрүнүш Социал-демократтар партиясында гана жок. Анткени бул партия талапкерлердин курултайда бекиткен тизмеси туруктуу болорун жарыялаган. Калган беш партия депутаттык мандаттар талапкерлердин алып келген добушуна жараша бөлүштүрүлө турганын шайлоонун алдында эскерткен болчу.

“Республика Ата-Журт” партиясынан тизмеде сегизинчи катталган депутаттыкка талапкер Гүлнара Асымбекова мандат бөлүштүрүү боюнча лидердин чечимине ишене турганын билдирди:

- Биз башында бул боюнча кандай маселе болсо дагы партиянын лидери чечет деп сүйлөшкөнбүз. Ким кандай добуш алганына жана гендердик маселе кандай каралышы керектигине байланыштуу маселе чечилет деген ойдомун. Чечимди лидер өзү кабыл алат. Биз ага ишенебиз. Ошондуктан бул жерде эч кандай маселе болбойт.

Шайлоонун арасаат “арифметикасы”

Тизме түзүлүп жатканда партияга чоң акчалай салым кошкон талапкерлер үчүн мыйзамда жазылбаган “алтын мандат” түшүнүгү киргизилген. Бул талапкер канча добуш алганына карабастан анын мандатка ээ болуусун шарттайт. Ошол эле кезде тизменин алдыңкы катарына саясий капиталы бар деп эсептелинген талапкерлер киргизилген. Мындай талапкерлердин жетиштүү добуш алуусу каралган. Бирок бул шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир депутаттык мандат 11 миң шайлоочунун добушуна туура келди.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Исхак Масалиев мындай жагдайда добуштардын санына жараша мандат бөлүштүрүү талаштуу экенин белгиледи:

- Эч кимди эч ким күчкө сала албайт. Буга партиянын да укугу жок. Эгер талапкер “мен эч кандай добуш ала алган жокмун, ошого байланыштуу мени тизмеден чыгаргыла” деп моюнуна алып кайрылышы мүмкүн. Меники мурдагы сүйлөшкөн боюнча башкача. Мен башында “партияга добуш алуу үчүн колдон келгенин жасайм” деп эле айткам. Мен Кадамжай округунан 3 миң добуш, андан башка эки шайлоо участкасынан алган добуштарды кошкондо 5,500 добуш жыйнап бердим. Бул жетишпейт. Бирок партиянын ичинде бир гана Бакыт Төрөбаев 11 миң добуш ала алды. Калгандарынын көрсөткүчү андан төмөн. Мисалы, кээ бирөөлөрү 1000 добуш же 600 добуш алып, бирок тизмеден чыгып кетпей коюшу дагы мүмкүн.

Бушайман кылган жагдайлар

Учурда партиялардын ичиндеги мандат бөлүштүрүү жараяны көпчүлүк талапкерлердин тынчсыздануусун жаратууда. Анткени мандат бөлүшүүдө добуштун көптүгүнөн сырткары мыйзамдагы квоталар жана аймактык өкүлчүлүк принциби сакталабы деген маселе бар.

“Кыргызстан” партиясынын 12-тизмедеги депутаттыкка талапкери Элмира Жумалиева мандат бөлүштүрүүдөн чыр чыгып кетпейби деп кооптонот:

- Бул эми туура эмес нерсе да. Өзү негизи мындай нерсе болбошу керек эле. Өткөн чакырылышта мына ушул нерседен көп жаңжал чыкты да. Туруктуу тизме менен эле иш алып барып, татыктуу добуш алып келген тизменин артындагы башка талапкерлерге башка кызматтарды сунуштаса эмнеге болбосун? Мен, мисалы, милдеттеме кагазды жазбайм деп эле айткам. Бирок “эл атаандашат” дегенинен эле жазып бергем. Туруктуу тизмени сактоо - бул мыйзамдын талабы да. Мен Таластагы эки айыл аймагынан эле Бишкектин бир районунан көп добуш алдым. Мисалы, Бишкектин Свердлов районундагы талапкерибиз 40 миң шайлоочу бар жерден 1300 добуш алса, мен 4 миң шайлоочу бар жерден эки миң добуш алдым. Мандат бөлүштүрүүдө мына ушул жагдай эске алынат деген ойдомун.

Шайлоо мыйзамдары партиялардын курултайда бекиткен тизмесинин туруктуулугун кепилдейт. Бирок партиянын ички жоболору менен алдын-ала арыз жаздыруу ыкмасы аркылуу добуштун санына жараша мандат бөлүштүрүү мыйзамга каршы келбейт дешет адистер. Бирок бул жагдайда аймактык өкүлчүлүк менен квоталарды сактоо кандай тартип менен жөнгө салынары белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG