Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

"Лонг Хай" компаниясынын жумушчулары өкмөткө нааразы


Балыкчы-Корумду жолун оңдоп жаткан “Лонг Хай” компаниясынын жумушчулары үч айдан бери айлык албай жатканына нааразы. Бул тууралуу алар бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында айтып чыгышты. Жолчулардын маалыматына ылайык, өкмөт өзүнө алган милдеттемелерди аткарбай, жолдун курулушуна керектүү каражаттарды которбой жатат. Буга байланыштуу компания жумушчуларга маяна берүүнү токтоткон.

Нааразы болгондор өкмөттү жол курулушуна керектүү каражаттары которууга чакырышууда. Бул маселе боюнча өкмөт менен Транспорт жана жолдор министрлиги эч кандай комментарий бере элек.

Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Анын курулушу чыр менен коштолуп, финансы булактары каралбай калганы айтылган. Аталган каттамдын жалпы узундугу 104 чакырымга созулат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, долбоорду толук бүтүрүү үчүн 2,6 миллиард сом керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG