Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Айрым эксперт, саясатчылар Кыргызстанда саясый партиялар кризиске кабылганын айтууда. Ушул тапта 163 партия ырасмий каттоодон өткөн. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов, “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана Кыргыз либерал демократиялык партиясынын баш катчысы Манас Саматов.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Албетте ар бир партия өз дараметине жараша иш алып барууда. Ошентсе да 5 миллион калк үчүн 163 партия көп эмеспи? Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө деле 2-3төн, ашып барса онго жетпеген партия бар.

Өмүрбек Текебаев: Конкреттүү тарыхый кырдаал, өлкө үчүн жоопкерчиликти бир эле партия алыш керек. Бул идеалдуу учур. Жапонияда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин либерал-демократтар, Германияда социал-демократтар, Сингапурда дээрлик коммунисттер жана башка ушуга окшогон партиялар жоопкерчиликти алып, өлкөсүн жаңы орбитага чыгарган.

Албетте ага атаандаш, аны алмаштырып кете турган партиялардын болушу шарт. Эгер ал партиянын иши туура эмес болуп, өлкө өнүкпөй жатса, калк аларды алмаштыра ала тургандай шарт болушу зарыл. Биз ушундай атаандаш системаны сунуштап жатабыз.

Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев

Калк карайлап калбашы керек. Бир киши же бир партияга сыйынып, "ал жок болсо, эртең эмне кылабыз" дебестен, калктын керегине жарай турган партиялар, бир нече азаматтар ар дайым даяр болуш керек. Кырдаалга жараша запас жол менен өлкө кете бериш керек.

Негизинен бир-эки эле партия керек. Бирок азыр бизде партиялык системанын чындап башталганына бир эле жыл болду.

“Азаттык”: Аалыбек мырза, сиз партиялык курулуш боюнча көп иликтеп, илим жактагансыз. Айрым эксперт, саясатчылардын Кыргызстанда саясий партиялар кризиске кабылды дегенине макулсузбу? Кыргызстанда ушунча партия болушу, партиялардын ичиндеги пикир келишпестиктер мыйзам ченемдүү көрүнүшпү?

Аалыбек Акунов: Көп партиялуулук азыркы күндүн чындыгы. Мыйзам ченемдүүбү, жокпу ал өзүнчө маселе. Бирок алардын арасында аты бар, заты жок партиялар экендигин эки жолку шайлоодо көрдүк. Кайсы партиялар катышып жатат, алардын программаларын эл билет деген суроону койгондо эле алардын басымдуу бөлүгү өзүнөн өзү четке чыгып калат.

Аалыбек Акунов

Аалыбек Акунов

Балким 70 жылдан ашуун мезгилге чейин созулган Совет бийлиги учурунда жалгыз эле Коммунисттик партия болуп жүргөн кыргыз коому партиялардын өсүшүнүн балалык оорусун башынан өткөрүп жаткандай.

Бирок кандай болсо да сандан сапатка өтүш керек деген диалектиканын мыйзамы бар эмеспи, эми бул партиялар бюджеттен акча алып жаткан жери жок. Алардын айрымдары негизги максат катары бийликти койбойт. Кээ бир партиялар коомдук уюмдардан айырмаланбайт.

“Азаттык”: Партиялар идеяга эмес, адамдардын каалоо-тилегине, максатына негизделген деген көз караш да жок эмес.

Аалыбек Акунов: Алардын да өзүнүн бир этабы бар, башка өлкөлөрдө деле ошондой болгон. Башында партия өзүнүн лидери аркылуу таанышат. Өмүрбек мырза айткандай, атаандаштык болгондо лидерлердин ортосунда болгон менен негизги атаандаштык партиянын программалары ортосунда жүрөт.

“Азаттык”: Мисалы, КЛДП жакында эле түзүлдү. "Башкалардан өзгөчө партия болот, эл менен жолугушуулар да башкача өтөт" деп айтып келесиздер, кандай идеянын тегерегинде топтолдуңуздар, Манас мырза?

Манас Саматов

Манас Саматов

Манас Саматов: Биз буга чейин иштеп келаткан партиялардын ишмердүүлүгүн иликтеп көрдүк. Алардын үч белгисин атай кетейин. Биринчиси, бизнес долбоор катары пайда болгон партиялар. Балким алар партия деген түшүнүктүн жаратылышына төп келбеген партиялар.

Экинчиси, бир лидердин партиялары. Булар да өзүнүн жакшы жактары менен бирге жаман жактарын да көрсөтүп калышты.

Үчүнчүсү, партиянын көптөгөн мүчөлөрү мурдагы коммунисттик партиялардын мүчөлөрү болушкан. Булар паранжы жамынып эле, атын өзгөртүп, партияга кошулуп келе жатат.

Партиялардын чыныгы жүчү акыркы парламент иштей баштаганда да ачыла баштады. Кимдин ким экени, канчалык партиялык принциптерге бекем экени көрүнүп келатат. Биз ушул терс жактарды иликтеп, бир топ илимдүү-билимдүү жаштардын демилгеси менен жаңы партия түздүк. Бизде лидер деген жок. Тууган-урук, эч кимге эч кандай квота бөлүнбөйт, бардыгы тең укуктуу. Эч кандай улутка бөлүнбөйт.

Камчыбек Ташиев: Саясий партияларда крисиз болуп жатат деген туура эмес. Ошол эле мезгилде элди, өлкөнүн келечегин ойлогон саясий партиялардын арасында кайсы бир деңгээлде өзгөрүүлөр болушу керек деп ойлойм.

Камчыбек Ташиев

Камчыбек Ташиев

Шайлоого партия катары биринчи ирээт катыштык. Бул биздин мамлекетибизде биринчи болуп жаткан система. Президенттик шайлоого катыштык. Ошол мезгилдеги татыктуу, татыктуу эмес мүчөлөрдүн, партия жетекчилеринин жүзү көрүндү. Ошого байланыштуу мен “Ата-Журттун” жетекчиси катары биздин партияда өзгөрүү болот деп айтып коюшум керек. Парламенттик шайлоодон кийин шайланып келген депутаттардын арасында иштегендерде да, иштей албагандарда да өзгөрүүлөр болот деп ойлойм.

Бир мисал, КСДП бийликтин күчү менен гана кармалып турат. Эгер эртең бийлик кете турган болсо, Атамбаевдин саясий карьерасы бүткөндө аталган партия кыйрап калат. Идеяга берилиш керек. Бийликке жетүү идеологиясы бир гана бөлүгү болушу зарыл.

“Азаттык”: Жогоруда сөз болгон партия лидери менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Жетекчиси бийликтен кеткен партия кыйрайт деген пикирге макулсузбу?

Өмүрбек Текебаев: Ар кандай учур болот. “Ак жол”, андан мурдагы “Алга, Кыргызстан” анын негиздөөчүлөрү кызматтан кетер күнү, ошол учурда тарап жок болгон. Алар азыр бир нече партиялардын арасында жүрөт.

Ал эми социал-демократтарды келечек көрсөтөт. Бул партиянын 20 жылдык тарыхы бар. Бүгүн-эртең жок болуп кетпесе керек. Анткени Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө да бул партия болгон. Социал-демократия деген да дүйнөдө таанылган чоң идеологиялык агым. Бирок анын күчү, мүчөлөрү башка болуп калышы мүмкүн.

Мен бир нерсени билем, бийликте турганда бир чакырымдай кезекте туруп, карапайым партия мүчөсү четте калып, шамдагайлар мени да тегеректеп калган убакыт болгон. Парламенттен аз добуш алып, коалицияга кирбей калганда, айрыкча президенттик шайлоодо күндүз от менен издеп таба албай калгам. Коалицияга кирди дегенде да жайнап кезекке туруп калышты. Бул партиянын лидеринин сапаты эмес, бул биздин элдин сапаты экен. Албетте Атамбаев эгер оппозицияда калса, бүгүн аны жандап жүргөндөрдүн бир бөлүгү башка партияларга качат, бирок идеялаштары, партиянын берилген мүчөлөрү калат деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG