Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

Айрым коомдук уюмдар саясий партиялар бюджетин, каржылык булагын жана чыгымын ачык көрсөтүшүн талап кылууда. Алар партиялардын каржы булактарынын көмүскө жүргөндүгү Кыргызстандагы парламенттик системанын өнүгүшүнө тоскоол болууда деп эсептейт. “Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналат.

Талкууга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери, депутат Чыныбай Турсунбеков, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматова жана “Реформа” партиясынын өкүлү Искендер Шаршеев катышты.

“Азаттык”: Кыргызстанда саясий партиялардын бюджети кантип, кимдин эсебинен куралат?

Надира Нарматова: Бүгүнкү күндө 150дөн ашуун партия бар, алар мамлекеттен эч кандай каражат албайт. Ар бир партия өзүнүн мүчөлөрү, демилгечиси жана жетекчилери аркылуу ар кандай жол менен өз бюджетин түзүп келет. Бул баарына маалым.

Негизинен партияга мүчө болгон адамдардын төлөгөн мүчө акысынын, партиянын негиздөөчүсүнүн жана колдоого алган демөөрчүлөрдүн эсебинен бюджетин чогултат.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Ал эми жарандык коомдор мамлекеттик башкаруудагы бардык ашканаларга чейин кийлигишип, аралашканын бардыгыбыз эле көрүп келатабыз. Бирок ар кайсы мамлекетте өзүнүн саясатын жүргүзүп жаткан партиянын, алсак жеке үй-бүлөнүн деле жашыруун сыры болот. Анан жарандык коомдордун бардыгын билишибиз керек деп, одоно айтканда, бардыгына тумшугун тыгып, талап кыла бергени деле жакшы эмес.

Мамлекеттен каражат албагандан кийин, демөөрчү, мүчөлөрдүн эсебинен партияны өнүктүрүп, өз муктаждыгына жараша жумшап жаткандан кийин анын баарын билишибиз керек дегендин өзү туура эмес.

“Азаттык”: Эмнеге Кыргызстанда партиялар каржылык булагын жана чыгымын ачык көрсөтпөй “караңгы” сакташат?

Чыныбай Турсунбеков: Бул багытта оош-кыйыштар жок эмес. Азыркы кырдаалда башка нерселердин бардыгы ачылып, элге жете баштаганына байланыштуу партиялар деле каржылык булагын ачык көрсөтө баштайт деп ишенем. Тилекке каршы, азыр бир да партия каржылык булагын, бюджетин ачык көрсөтүүгө даяр эмес. Биринчи кезекте партияга каржылык жардам бергендер даярбы деген маселе турат. Учурда партияларга жардам бергендер да жардамын ачык көрсөтүүнү каалабайт.

Эгер ачыктыкка өтсөк кайсы партияга кайсы өлкөдөн же кайсы чет элдик бизнесменден жардам келип атканы, анын артында соода-сатык, белгилүү бир талаптар бар экенин көрсөтөт. Ошондуктан ачыктыкка өтүү өлкөгө алып келчү экономикалык коркунучтан кутулуунун бир жолу болуп эсептелет.

Экинчиден, криминалдар каржылап жатат деген кептен куткарат. Мындан сырткары айрым бир ишкерлер бар: расмий иштебейт, салык төлөбөйт, бирок ошол эле убакта дайыма бийлик колтугунда жүрүп, бийликтеги партияларга демөөрчү болгону үчүн ага кылмыш иши козголбойт. Ачыктыкка өтүү партияларды коррупциядан алыс болууга алып барат.

“Азаттык”: Партиялардын каржы булактарынын көмүскө жүргөндүгү парламенттик системанын өнүгүшүнө тоскоол болууда деп эсептегендер бар. Сиз ушундай пикирлерге кошуласызбы?

Искендер Шаршеев: Биз да каржылык булак ачык болушу керек деп ойлойбуз жана муну биз практика жүзүндө колдонуп жүрөбүз. Мисалы, jasha.kg деген сайтта ачыктык деген бөлүм бар. Анда кимден канча акча түшкөнү, кайсы иштерге коротулганы толук жана ачык жазылып турат.

“Сыр сактоо – коррупциянын биринчи белгиси” деп айтылат. Эгер келген каражатты жашырса, ал балким жашыруун булактар аркылуу келгендир. Башкаларга да ушундай шек жаралат. Баары ачык-айкын болсо жашырууга негиз жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG