Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Партияларды шайлоодо "санайбыз"


Кыргызстанда каттоодон өткөн саясий партиялардын саны азыр 160тан ашты.
Кыргызстанда каттоодон өткөн саясий партиялардын саны азыр 160тан ашты.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор саясий партиялардын партиялык курулушунун алсыздыгын көрсөттү.

Эксперттер партиялык тизме аркылуу болгон шайлоолордун жүрүшүн талдоо учурунда мына ушундай бүтүмгө келишүүдө. Серепчилер саясий күрөш партиялар ортосундагы идеялардын атаандаштыгы боюнча эмес, тар кызыкчылыктардын таймашы аркылуу жүргөндүгүн белгилешүүдө.

Партиялык эмес, кландык белгилер күчөгөндө

Саясат таануучулар жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо өзүнүн идеологиялык жана программалык өзгөчөлүгү менен суурулуп чыгып, электоратка таасир эткен партиялар көзгө урунбагандыгын байкашкан. Талдоочулар шайлоодо бийликти кландык белгилер боюнча гана бөлүштүрүү жүргөндүгүн айтышып, аймакты өнүктүрүүнүн программасы бир дагы партия тарабынан сунушталбагандыгын белгилешти. Ошол эле кезде саясий партиялар жердешчил жана улутчул сезимдерге ойноп, басым көрсөтүү технологияларын колдонуу менен гана электоратка таасир эткен учурлар катталган.

Ош шаардык кеңешине шайлоого көз каранды эмес байкоо жүргүзгөн Нургазы Мусаев партиялар шайлоочулардын саясий маданиятынын төмөндүгүнөн пайдаланышкандыгына басым жасады:

- Шайлоочулардын саясий маданиятынын төмөн бойдон калып жаткандыгы саясий партиялар үчүн чоң олжо болду. Анткени шайлоонун алдында кайсы партиянын кандай программасы бар экен деп сурап кызыккан шайлоочуларды аябай аз кезиктирдим. Көпчүлүгү “бул кимдин” партиясы деген принцип менен добуш беришти. Анан бардыгы биригип алышып, “бармак басты көз кысты” кылышып, каалагандай мыйзам бузууларга барышты. Мыйзам бузуу аркылуу өткөн шайлоонун жыйынтыгы талаштуу болоорун бир дагы партия өкүлү айтып чыга алган жок. Бул жерде кандай гана жол менен болбосун добуш алыш керек деген маселе алдыда турду.

Партияларга болгон ишенимди ириткен “вирус”

Ош, Каракол жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго республикага белгилүү ондон ашуун партиялар катышканы менен алардын ичинен бардык аймактардагы шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгүнүн добушун алгандар болгон жок.

Партиялардын айрымдары кайсы бир аймакта колдоого алынса, кээ бир жерлерде жеткиликтүү добуштарга ээ болушкан эмес.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы улуттук деңгээлге өсүп жеткен бир дагы партия жок экендигин көрсөттү деп эсептейт Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жеенбеков:

- Шайлоолордун жыйынтыгы президенттин, өкмөт башчысынын партияларынын жана парламентте отурган башка партиялардын аймактарда бедели аябай эле төмөн экендигин көрсөттү. Муну менен бир дагы партия улуттук деңгээлге өсүп жете электигине күбө болдук. Биздин “Ата Мекен” партиябыз калктын калың катмарынын каалоосун чагылдырган социалисттик партия. Бирок өлкөнүн ири социалдык катмары колдош керек болгон партия да эмнегедир колдоого ээ болгон жок. Логика боюнча калктын социалисттик багытты колдой турган бөлүгү көп болуш керек эле. Бирок андай болгон жок. Анын себеби эле партия өзүнүн идеясын жеткире алган жок. Негизи эле бардык партиялар өздөрүнүн ишин уюштурууда лидердин гана көз карашына байланып, партиянын ичинде демократиялык өзгөрүүлөр болбой жатат. Мунун өзү партиялардын ичиндеги атаандаштыкка жол койбой жыйынтыгында жалпы иштин деңгээлине таасир этүүдө.

Саясий принциптердин кризиси

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор быйыл биринчи жолу партиялык тизме менен жүргүзүлдү. Партиялык системаны калыптандыруу жараяны Кыргызстанда 2007-жылы башталып, пропорцияналдык шайлоонун негизинде парламент түзүлгөн. Экинчи жолу 2010-жылы октябрь айындагы парламенттик шайлоо да мына ошол системанын негизинде өттү.

Бирок серепчилер партиялык курулуш калыптанбай жаткандыгын белгилешүүдө. Саясат таанучу Эдил Байсалов саясий партиялар классикалык үлгүдөгү партиялык ишмердүүлүктү жүргүзүүдөн ат чабым алыс болуп жатканын айтат:

- Эгерде Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялардын мүчөлөрүнүн ортосунда талаш-тартыш күчөп, ар кимиси өзүнчө багыт менен жүрүшсө жергиликтүү кеңештердеги шайлоо тууралуу эмне айтууга болот? Каяктагы партиялык саясат, кайдагы партиялык тартип? Көпчүлүк партияларда убактылуу тар кызыкчылыктар менен эле саясатчылар биригип алышат да анан бир убакта бөлүнүп-жарыла башташат. Бул албетте партиянын ишине таасир этип, алсызданта баштайт.

Көч бара-бара түзөлөбү, же?..

Анткен менен Кыргызстандагы саясий партиялар шайлоолорго эми гана катышып, телчигүү жараянын баштан кечирип жатышат дегендер да аз эмес. Партиялык системанын сандык жана сапаттык деңгээли убакыт өткөн сайын өзгөрүлө тургандыгын айткан серепчилер анын өнүгүшү шайлоочулардын талабына жараша экендигин белгилешти.

“Республика” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев саясий күрөштө партиялардын чыныгы идеялык атаандаштыгы калыптаныш үчүн убакыт талап кылынаарына токтолду:

- Биз бир нерсени түшүнүүгө тийишпиз. Азыр партиялар калыптануу мезгилин баштан кечирип жатат. Бул учурда көп кемчиликтер да кетиши мүмкүн. Бирок биздин партиялардын алгач парламенттик, эми жергиликтүү шайлоолорго катышкандыгынын өзү эле алар үчүн чоң сабак болду. Көч бара-бара түзөлөт дегендей дагы бир-эки шайлоодон кийин партиялар чыныгы партиялык үлгүдө иш алып бара башташат. Анан бара-бара партиялар оңчул, солчул жана борборчул болуп өздөрүнүн багыттарын жана идеологиясын тактаган соң шайлоочулар алардын мына ошол өзгөчөлүктөрүнө жараша тандап калышат.

Кыргызстанда каттоодон өткөн саясий партиялардын саны азыр 160тан ашты. Бирок учурда алардын онго жакыны гана саясий активдүүлүгүн көрсөтүп келет.

XS
SM
MD
LG