Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Партиялар шайлоого камдана баштады


Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо 2015-жылы болушу керек.
Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо 2015-жылы болушу керек.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоого айрым саясый партиялар эмитен эле кам көрүүгө киришти.

Кыргызстандагы мен-мен деген байлардын бири саналган Аскар Салымбеков мындан эки жарым жыл мурда түптөлгөн “Эмгек” партиясынын төрагасы болуп калды. Ал келаткан шайлоого ушул партиянын атынан ат салышат.

Аты жаңы, курамы эски

Аскар Салымбеков аталган партиянын курултайында куру сөзгө эмес, ишке басым жасайбыз деп убада кылды.

- Кокус парламентке эртең шайлоо болуп калса эмне кылабыз деген ой менен ушул партияга топтолуп жатабыз. Биздин башкы максатыбыз - эмгек аркылуу прогресске жетишүү. Жыйырма жыл жакшы эле сүйлөдүк. Эми ошол оозеки айтылган нерсенин баарын бир нукка салып, жүзөгө ашырчу кез келди.

Партия жыйынында сөз сүйлөгөндөр өлкөнүн азыркы абалына тынчсызданууларын билдирип, бийликке бир катар сындарды да айтышты.

“Эмгек” партиясынын аты жаңы болгону менен курамы эски саясатчылардан турат деп сындагандар да бар. Буга мурда “Ак жол”, “Ата-Журт” партияларында жүргөн генерал Рашид Тагаев, Ибрагим Жунусов сыяктуу инсандардын кириши себеп болду көрүнөт. Ошондой эле бул партиядан ишкер Сергей Пономарев, профессор Аалыбек Акунов, нарколог Жеңишбек Назаралиев, обончу Түгөлбай Казаков сыяктуу ар кайсы аймактын жана ар кайсы тармактын өкүлдөрүн да кезиктирүүгө болот.

Саясий партияларды изилдеп жүргөн журналист Бакыт Орунбеков улам бир партия жаңыртуу көрүнүшү Кыргызстанда али партиялык салт калыптана электигинен кабар берет деген ойдо.

- Кыргызстанда саясий партия түзүү салты, анын табияты эмне экенин коомчулук жана аны уюштуруп жаткандар азырынча аңдай элек. Бизде көп партиялуулуктун салттуу жолу келе элек. Анткени таарынган кыздай болуп саясатчылар бир жылы башка партияга, экинчи жылы башка партияга кирип кеткен учурлар көп. Акыркы 15 жылды алсак, айрым саясатчылардын алды 5-6 партия жаңыртышты.

Бирок “Эмгектин” лидери Салымбеков мындай сынга макул эмес.

- Ар бир саясатчыны тигинин учурунда иштеген, же мунун заманында иштеген деп жээриген туура эмес. Алар ошол учурда Акаев же Бакиев үчүн эмес, эл үчүн иштеген да. Минте берсек Кыргызстанда соо адам калбайт да. Биздин партиянын мүчөлөрү бирөөнүн мүлкүн тартып алган жок да, алар таза бойдон калышты.

"Элге балык эмес, кайырмак беребиз"

“Эмгек” партиясынын төрагасынын орун басары болуп шайланган Ибрагим Жунусов болсо эми элге бышкан балыкты эмес, кайырмакты сунуш кылабыз дейт:

- Эми бул партия Салымбековдуку экенин элдин баары билет. Эми бизден шайлоочулар куурулган балыкты үстөлүмө коюп бер деп талап кылышы мүмкүн. Анткени биз мурдагы шайлоолордо элди жаман көндүрүп алганбыз. Бирок “Эмгек” партиясы элге даяр балык бербейт, кайырмак гана берет.

Ошентип “Эмгек” партиясынын саясий саябанга чыга келиши Кыргызстанда парламенттик шайлоо жакындап калганын айгинеледи. Азыр башка партиялар да акырындан ишин жандантып, эки жылдан кийин болчу, а балким мөөнөтүнөн эртелей болчу парламенттик шайлоого кам-чом көрө баштаган кез.

"Эмгек" партиясын түптөгөн Аскар Салымбеков кыргыз коомчулугуна “Дордой” комплекстеринин ээси, мурдагы “Ак жол” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Нарын облусунун мурдагы губернатору жана Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG