Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

“Ата-Журт" катаал сыноого кабылды


"Ата-Журттун" тарапкерлери партиянын абактан бошогон үч депутаты менен жолугушууда. Ош, 23-июнь, 2013.
"Ата-Журттун" тарапкерлери партиянын абактан бошогон үч депутаты менен жолугушууда. Ош, 23-июнь, 2013.

Партия жана фракция лидерлери депутаттык мандатынан ажыраса, дагы бир жагынан партия ичинде ажырым байкалууда.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен партиянын жана анын лидерлеринин келечеги кандай болот?


"Ата-Журт" коалицияга кошулабы?

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, фракция лидери Садыр Жапаров жана депутат Талант Мамытов Жогорку Сот тарабынан айыптуу деп табылган. Соттун чечимине ылайык алар жакын арада депутаттык мандатынан ажырайт. Бул саясатчылар депутаттык мандаттан эле ажырап калбастан, келечекте он жыл бою депутат болуу жана мамлекеттик кызматта иштөө укугунан да ажырашты.

Адвокат Искендер Жоробаев:

- Жазасын өтөп бүткөн күндөн баштап, мына ушул соттолгондук жоюлуш үчүн он жыл өтүш керек. Ага чейин мыйзамга ылайык соттолгондук жоюлбайт. Демек, жакынкы он жылдыкта булардын эч кандай шайлоого, ошонун ичинде депутаттык шайлоого катышканга укугу жок.

"Ата-Журттун" абактан бошогон үч депутаты Ошто, 23-июнь, 2013.
"Ата-Журттун" абактан бошогон үч депутаты Ошто, 23-июнь, 2013.
Бирок мыйзам Камчыбек Ташиевге “Ата-Журт” партиясын жетектөөгө жол берет.

Партиянын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкуловдун маалымдоосуна караганда, партия лидери Камчыбек Ташиев жакын арада Жалал-Абаддан келет. Мына ошондо алдыдагы маселелер боюнча кеңештер, сүйлөшүүлөр болот.

“Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров депутаттык мандатынан ажыратылган соң, ал фракция лидери болуудан да калат. Ошондуктан фракция жаңы лидерди шайлоого тийиш. Депутат Курманбек Осмонов бул маселе сентябрь айында сессия башталганда каралышы мүмкүндүгүн белгилейт.

“Ата-Журттун” оппозициячыл лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров депутаттык мандатынан ажыратылган соң, партияны көзөмөлүндө кармап, бирок фракцияны колдон чыгарышы мүмкүн. Ал кайрадан Акматбек Келдибеков жана Мыктыбек Абдылдаевдин көзөмөлүнө өтүшү күтүлөт.

Садыр Жапаров мындай шартта “Ата-Журт” келечекте башкаруучу коалицияга мүчө болушу мүмкүндүгүн четке какпайт. Бирок бул маселени фракция абдан кылдат ойлонуш керек деген ойдо:

- Ар кандай вариант болушу мүмкүн. Биз коалицияга киргиле же кирбегиле деп айтпайбыз. Депутаттар өздөрү билсин. Эгерде мамлекетти оңдоп кете турганга көзү жетсе, анда кире берсе болот. Бүгүн экономика өйдө кетпей, ылдый кетип жатат. Мындан ары деле ылдый кете турган болсо, анда жоопкерчиликти моюнга алып, эртең кыргыз элинин каргышына калып, эмне кереги бар кирип...

“Ата-Журт” партиясындагы экинчи бир талылуу маселелердин бири - партия лидерлеринин ортосундагы ажырым. Партияны жеңишке алып келген Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибековдун ортосунда келишпестик эч кимге деле жашыруун болбой калды. Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири эки лидердин азыр эле эмес, келечекте да бир болушу күмөндүү экенин жашырган жок.

Ажырым...


Акматбек Келдибековго каршылыгын партиянын дагы бир лидери Садыр Жапаров да жашырбай калганы маалым. Ал Келдибековдун талапкерлиги өкмөт башчылыгына көрсөтүлүп калса, фракция колдобошун буга чейин эле билдирген. Андай позициясынын себебин Жапаров мындайча түшүндүрдү:

- Мен фракция лидери болуп турганымда таза киши премьер-министр болуш керек дегенмин. Таза, булганбаган, мамлекеттин казынасына кол салбаган кишилер болсун деген оюм бар эле.

Жапаров ал эми Акматбек Келдибековго төрагалык кызматтан бошотулуш учурундагы жаңжалдар терс таасирин тийгизди деп эсептейт.

Саясий серепчи Сабыр Муканбетов “Ата-Журттун” лидерлеринин мандатынан ажырашы менен фракция негизинен президенттик аппараттын көзөмөлүндө калат деп эсептейт. Анын айтымында, учурда Жогорку Кеңеште КСДП жана “Ата Мекен” фракциялары гана калды. Калган үч фракция чачыранды болуп бүттү:

- Бул жерде Ташиевдердин -“Ата-Журттун”, “Республиканын” кыйрашы “Ата Мекенге” да оорчулук алып келет. Эмне үчүн дегенде “Ата Мекен” кандайдыр бир саясат жүргүзүш үчүн кайсы бир саясий күчтөр менен альянс жасаш керек эле. Иш жүзүндө үч фракция жокко чыгып жаткандан кийин “Ата Мекендин” колунда курал калбай калды. Бириге турган тарап жок. Ошондуктан бул “Ата Мекендин” КСДПга көз карандылыгына да алып келет.

Муканбетовдун пикиринде, “Ата Мекен” Батукаев жана башка маселелерди көтөрүүнү улантса, анда КСДП калган фракциялар менен коалиция түзүп, “Ата Мекенди” оппозицияга чыгарып салышы мүмкүн.

Ал эми Акматбек Келдибеков жана Мыктыбек Абдылдаев “Ата-Журттагы” жети-сегиз депутатты гана көзөмөлдөй алат. Ошондуктан алардын олуттуу күчкө айланышы күмөндүү.

Садыр Жапаровдун айтымында, “Ата-Журттун” лидерлери депутаттык мандатынан жана шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашына карабастан, партия саясаттан четте калбайт. Өз тизмеси жана талапкерлери менен шайлоолорго катышуудан баш тартпайт.

Бирок Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев түзө турган тизмеде Акматбек Келдибеков жана Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу “Ата-Журттун” лидерлери болушу күмөндүү. Ал эмес, алар өзүнчө партия түзүү максаты бар экени айтылып келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG