Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Айрым коомдук уюмдар саясий партиялар бюджетин, каржылык булагын жана чыгымын ачык көрсөтүшүн талап кылууда.

Мындай демилгени “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова козгоп чыкты. Анын пикиринде, партиялар шайлоого чейин эле өз каржы булагын жана чыгымдарын ачык көрсөтүп, ал коомчулуктун назарында болушу керек. Укук коргоочу партиялардын каржы булактарынын көмүскө жүргөндүгү Кыргызстандагы парламенттик системанын өнүгүшүнө тоскоол болууда деп эсептейт:

- Партиялар саясатка, бийликке келип жатат. Партиялык тизме менен шайлоо болгондон кийин Кыргызстанда бийликти ошолор түзөт. Анан алар өздөрү таза эмес, коррупциялык акчалар менен келсе, кандай бийликти түзмөк эле? Кантип ачыктык болот? Мындан тышкары, өзү коррупционер болуп турса, өздөрү түзгөн бийликтен кантип таза иштөөнү талап кылат?

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 150дөн ашуун партия бар. 2010-жылы болгон парламенттик шайлоого 29 партия ат салышып, анын бешөө Жогорку Кеңештен орун алган.

Парламенттеги “Республика” фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов өз партиясынын бюджетин мындайча айтып берди.

- Бардык партиялар бюджетин ачык көрсөтүп жатат дегенден алысмын. Бизде мурдагыдай мүчөлүк акча чогултуу деген жок. Фракциянын депутаттары жана партиянын мүчөлөрү каражат чогултуп, өзүбүздүн фондго берип турабыз.

Партиялардын бюджети ачык-айкын эместигин башка партиялардын өкүлдөрү да моюнга алышат. Коомчулукта партия шайлоодо чет өлкөлүк кайсы бир уюмдан же таасирлүү адамдан каржылык көмөк алыптыр деген пикирлер да бар.

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов мындай дейт:

- Бул сыяктуу фактылардын чын-төгүнүн далилдеген так маалыматтар менде жок. Бирок мисалы, алар кайсы бир партияга жакшы көргөнү үчүн эле акча бөлбөйт. Алар парламентке, бийликке ушул партия келип калса, эл аралык саясий кызматташтыкта ал партиянын бизге пайдасы тийип калабы деп, биринчи өздөрүнүн кызыкчылыгын унутпайт.

Кыргызстанда партиялар лидерлеринин жана шайлоодо партия атынан тизмеге кирген талапкерлердин эсебинен жашайт. Мындан тышкары, кайсы бир партиянын идеясын колдогон, же өз кызыкчылыгын көздөгөн ишкерлер да каржылык демөөр кылышы мүмкүн.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков партиялардын “кассасы” эмне үчүн көмүскө деген суроого мындайча жооп берди:

- Биринчиден, партияларга ачык акча төлөгөндөрдүн өздөрүн текшере келсе, көйгөйлөр чыгып калышы мүмкүн. Экинчиден, партияларга ачык колдоо көрсөткөндөрдүн көбү эртең ошонун айынан жапа чегип каламбы деп коркушат. Ал эми айрым өлкөлөрдөй болуп, Кыргызстанда партиялар мамлекеттен каржыланбайт. Ошондуктан, бизде дайыма партиялардын “кассасы караңгы”. “Тигил өлкөдөн мынча акча келиптир, тигил партияга “бандиттер” жардам берип жатыптыр” деген имиш кептерди эле угуп калабыз.

2010-жылы апрель окуясынан кийин өткөрүлгөн референдумда жаңы баш мыйзам кабыл алынып, Кыргызстан өзүн парламенттик өлкө деп жарыялаган. Ага ылайык, парламенттик шайлоо партиялык тизме менен жүрүп, утуп чыккан партия өкмөттү түзүү укугун алат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG