Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Кыргызстандагы саясий партиялардын партиялык курулушу калыптанып, алардын идеологиялык багыттары так аныкталган эмес.

Ошондуктан партиялар мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын алып жүрүүчү саясий күч катары чыга албай жатканы саясат талдоочулардын тегерек үстөл жыйынында талкууланды. Парламенттин мурдагы спикери, профессор Зайнидин Курманов учурдагы партияларды бийликке жетүү үчүн убактылуу уюмдаша калган кызыкчылык топторуна окшоштурду. Жыйынга катышкан саясий партиялардын лидерлери саясий эксперттерди партиянын классикалык үлгүсү боюнча мүнөздөмө берүү усулунан баш тартууга чакырышты.

Багыты жок партиялар

Кыргызстанда Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн саясий партиялардын саны 2014-жылга карата 193тү түздү. Алардын арасынан онго жетпеген партиянын штабдары гана туруктуу иш алып бара турганы айтылды. Көпчүлүк партиялардын идеологиялык багыттары жана типологиясы партиялык курулуштун классикалык үлгүсүнө шайкеш келбегени боюнча маселе көтөрүлдү.

Саясат таануучу Зайнидин Курманов саясий партиялардын партиялык курулушундагы бир катар өксүктөргө токтолду:

Зайнидин Курманов.

Зайнидин Курманов.

- Кыргызстандагы көпчүлүк партиялардын өзүнүн идеологиясы жок. Бизде партиялар жасалма жол менен түзүлгөндүктөн алар коомдук кызыкчылыкты алып жүрүүчү саясий күч катары чыга албай жатканы мына ошондон. Ал эми парламентте отурган партиялар жобосунда жарыялаган баалуулуктарга каршы келген мыйзамдарды кабыл алып жатышат. Буга мисал жанагы чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды айтса болот. Анан парламентке келүүчү саясий күчтөргө шайлоо босогосун он пайызга жогорулатуу демилгесин көтөрүштү. Демократиялык принциптерди туу тутам дегенден кийин мына ошого ылайык болушуңар керек да. Элге ошондой убада берген соң демократиялык өнүгүү векторуна карата саясий кадамдарды жасашыңар керек эле. Ал эми бизде болсо бардыгы тескерисинче. Солчулдар оңчулдардай же оңчулдар солчулдардай саясат алып барууда. Бардыгы аралашып калган.

Партиялардын ортосундагы саясий союздарды түзүүдө бирдиктүү идеологиялык багыт жана бирдей саясий принцип эске алынбай, убактылуу кызыкчылыктар гана үстөмдүк кылган жагдайлар айтылды. Ошондуктан көпчүлүк саясий партиялардын кадамдары убактылуу уюшулган кызыкчылык топторуна көбүрөөк окшош экени мисалга алынды. Бирок мындай доомат менен партиялардын лидерлери макул эмес. “Республика - Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев классикалык үлгүсү боюнча партияларды классификациялоого каршы экенин айтты:

Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев.

- "Биз оңчулбуз, сиз оңчулсуз" деген маселе турбашы керек өзү. Саясий партиялардын түзүлүшү мына ошол китепке жазылгандай болуп өспөйт экен. Парламентке келген беш партиянын азыркы кездеги тагдыры эмне болду? Эмнеге партиялар өздөрү башкара албай калышты. Себеби, биздин коомубуздун өз мыйзамы бар. Атамбаев президент болуп турат. Ошон үчүн анын партиясы солк этпей турат. Эгерде мен президент болгондо “Ата-Журт” дагы ошондой болмок. Биз мына ошондой мыйзам менен кетип жатабыз.

Биримдиктин идеологиясы жана саясий маданият

Партияларды илимий негизде классификациялоо жана ошого карата алардын жасаган кадамына мүнөздөмө берүү илимий негизде аныкталган. Мына ошондуктан типологиясы жана идеологиялык багыты аныкталбаган саясий уюмдардын биригүүсүн кандай партия деп атоого болот деген маселе кабыргасынан коюлду. “Бир бол” саясий партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик идеологиясынын алдында биригүү жүрүп жатканына токтолду:

- Биз мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик деген идеологиянын астында бириктик. Анткени мына ушул багыттагы программабыз дагы шайкеш болуп чыкты. Анан калса биз бул идеологияны тандап алууда азыркы учурдагы жагдайды эске алдык. Украинада эмне болду, Жакынкы Чыгышта эмне болду? Биримдиктин жоктугунан ал мамлекеттер өз мамлекеттүүлүгүн бир күндө жоготуп коюшту. Биз мына ошол жагдайды эсе алып, мамлекеттүүлүк маселесинде бардыгыбыз бирге болууга тийишпиз деген идеологияны коомубузга терең сиңирүү үчүн аракеттенип жатабыз.

Аскар Салымбеков.

Аскар Салымбеков.

“Эмгек” партиясынын төрагасы Аскар Салымбеков ал жетектеген партия оңчул-борборчул типтеги жана либералдык идеологияга ык коё турганы аныкталганын белгиледи. Аскар Салымбеков анын партиясы реформаларды жүргүзүүнүн жана саясий маданиятты калыптандыруунун жактоочусу экенине токтолду:

- Татыктуу жеңгенди, татыктуу жеңилгенди да үйрөнүүгө тийишпиз. Шайлоодон кийин жеңилген тарап жеңген жактын колун кысып, куттуктап, анан кийинки шайлоого даярдана башташы керек. Мына ошондо гана биз цивилизациялуу өнүгүүгө карата багыт алабыз.

Парламенттеги өкмөттү түзгөн партиялардын аткаруу бийлигинин иши үчүн жоопкерчилиги боюнча маселе да көтөрүлдү. Кайсы партиядан кайсыл министр көрсөтүлсө, анын ишинин сапаты үчүн аталган саясий уюмдун жоопкерчилиги каралган шартта гана партиялык көзөмөл күчөп, саясий атаандаштыкка кеңири жол ачылары белгиленди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG