Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Ж.САТЫБАЛДИЕВ: ОБЛУСТАР СӨЗСҮЗ САКТАЛЫШЫ КЕРЕК


Кубанычбек Жолдошев, Ош Президенттин Түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев, облустардын аймактык бирдик катары сакталып калышын жана аткаруу бийлигин күчөтүүнү жактайт. Бул тууралу оюн жана аракеттерин Ош губернатору атайын маалымат жыйынында айтып берди.

Кийинки мезгилде аймактык-административдик реформаны жүргүзүүнүн алкагында облустарды, райондорду жоюу жана алардын ордуна жаңы аймактык бирдиктерди киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Ош облсунунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев мырза мындай демилгеге каршы экенин билдирип, учурдагы аймактык түзүмдүн артыкчылыктарын жактады:

- Биздин коңшу Кытай Республикасында, коңшулаш Тажикстан, Ооганстан, Казакстанда, бүт Борбордук Азияда, Орусияда да облустар бар. Сөзсүз түрдө облустук деңгээл сакталышы керек. Себеби, горизонталдык байланыштар сөзсүз түрдө болот.

Ошол эле учурда Советтик системадан калган район, облус деп аймактык административдик бөлүштүрүүнүн учурда керектен чыгып калгандыгын моюндашкан бир катар коомчулуктун өкүлдөрү, аталган түзүмдү тез арада кайрадан жаңыча уюштуруу зарылыдыгына токтолушууда:

- Облус, район деген аймактык бирдиктер жоюлушу керек. Бул система эч кандай пайдалуу эмес экендигин мезгил өзү көрсөттү. Анын ордуна көлөмү боюнча азыркы облустардан кичирээк, же райондордон чоңураак оодан деген аталыштагы аймактык бирдиктерди түзүү максатка ылайык. Мындай реформаны жүргүзүү учурдун негизги талабы болуп турат, - дейт “Полис” бейөкмөт уюмунун координатору Жанара Сагыналиева.

Анткен менен губернатор Жантөрө Сатыбалдиев мырза учурдагы аймактык түзүмдүн кынтыксыз экенин белгилеп, болгону негизги бийлик укуктары жергиликтүү органдардан борборго көп кетип калгандыгын, ал анын алсыздыгына алып келип жатат деп тынчсыздануусун билидирди:

- Өтө борборлошуп кеткен бийликти жер-жерлерге берүү бул өтө чоң проблемага айланып атат. Себеби, эч ким кадр саясатын бербөөгө аракет кылып атат. Ошонун негизинде биз өзүбүздүн сунушубузду айттык. Азыркы күнү президенттин, анын админстрациясынын саясий эрки боло турган болсо бул сөзсүз түрдө ишке аша турган маселе,- деди Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев.

XS
SM
MD
LG