Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:53

Коркунучтуу кылмышкерлер тобунун адам өлтүрүп качышы абак жайларындагы кооптуу абалды ашкерелеп койду.

Террорчулукка айыпталып же оор кылмыш үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандардын башка түрмөчүлөр менен бирге кармалышы коркунучтуу жагдайга өбөлгө түзүүдө. Анткени алар абак жайларында таасирин күчөтүп, катардагы түрмөчүлөргө гана эмес, андагы күзөтчүлөргө карата дагы үстөмдүк абалга жеткенин байкоочулар ырасташууда. Бирок жагдайдын жаман жагына ооп баратканына карабастан, каржылоого байланыштуу деген негизде жаза өтөө мекемелериндеги коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес.

Түрмөлөрдү түп көтөргөн “түшүнүктөр”

Абак жайларына мониторинг жүргүзгөн акыйкатчы өкүлү Камалдин Жапаровдун айтуусунда, өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кайтарган күзөтчүлөрдүн жана катардагы абакчылардын коопсуздугу коркунучта экени мурда эле белгилүү болчу. Анткени андай коркунучтуу кылмышкерлер үчүн өзгөчө режимдеги абак жок болгондуктан алар катардагы камактагылар отурчу түрмөлөргө бөлүштүрүлүп турган. Эреже боюнча түрмөнүн ичин күзөткөндөргө курал берилбейт. Мына ошондуктан айрыкча түнкүсүн калган күзөтчүлөр жанын оозуна тиштеп иштөөгө мажбур.

Камалдин Жапаров абакты күзөткөндөрдүн коопсуздугу коркунучта калган жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин укугу бузулган учурларды айтат элем. Тигил “каралар” абак жайларын көзөмөлдөгөн күзөтчүлөрдү кадимкидей тилдеп сөккөн учурлар болгон. Мындай учурлар биздин кызматкерлер абак жайларына байкоо жүргүзүү учурунда катталган. Жазаларды өтөө мекемелеринин кызматкерлеринин алардан корккон жайы бар. Себеби күзөтчүлөр түнкүсүн калганда кол салышы мүмкүн деп же кийин ал кылмышкерлер эркиндикке бошоп чыкканда өч алат деген коркунуч бар. Мүмкүн алардын ортосунда өз ара мамиле болуп, тигилердин кызматын аткарып, бир нерсесин алып койгон чыгар. Иши кылып, түрмө кызматкерлери абактагылардан көз каранды абалда калган. Бир чети түрмө кызматкерлери шалаакылыкка жол берген көрүнүштөр дагы болгон. Мындай окуя 2008-жылы Беловодскидеги №16 абак жайында болгон. Кызматкерлер камактагыларга спирт ичимдигин жана жеңил ойлуу кыздарды сырттан алып кирүүгө жол берген. Жыйынтыгында күзөтчүлөргө кол салуу болуп, бири каза таап, экинчиси жарадар болгон.

Түрмө. Кыргызстан

Түрмө. Кыргызстан

Жаза аткаруу мыйзамына ылайык, абак жайларындагы коркунучтуу кылмышкерлер отурган камералар өзгөчө тартипте кайтарылууга тийиш. Бирок жаза өтөө мекемесиндеги мындай тартип дайыма эле сактала бербейт, буга мисалдар көп. Бул жолу №50 абактагы камеранын эшиги кандайча ачылганы азырынча белгисиз. Жаза аткаруу кызматынын версиясы боюнча түнкү саат он бир жарымдар чамасында түрмөчүнүн ооруп жатканын шылтоологон өтүнүчтөн улам, камеранын эшигин күзөтчүлөр өздөрү ачышы мүмкүн. Андан кийин кылмышкерлер күзөтчүнү муунтуп өлтүрүп, анын жанынан ачкычты алып, башка үч камерадагы өздөрүнө караштуу адамдарды бошотууга үлгүрүшкөн. Алардын качуусуна тоскоолдук жасаган кийинки эки күзөтчү дагы өлтүрүлүп, төртүнчү кызматкер оор жараат алган. Мына ошондон соң, абак жайындагы электр жарыгы өчүрүлүп, кылмышкерлер тобу административдик имарат аркылуу качып чыгышкан.

Жазаларды аткаруу кызматынын тиешелүү башкармалыгынын башчысы Саламат Абдиев окуянын толук чоо-жайына кыскача гана токтолуп, тергөөнүн расмий жыйынтыгын күтүүнү сунуштады:

- Түшүнөсүздөрбү. Азыр ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө. Азырынча көп нерселер тергөөнүн сырына кирет. Биз азыр алар кантип качып чыкканын толук айта албайбыз. Бирок алар административдик имарат аркылуу терезенин темир торлорун кайрып чыгып кетишкени белгилүү. Анан кылмышкерлер ага чейин каза болгон биздин кызматкердин автомашинасын айдап, качып кетишкен. Учурда бул кылмыштын жагдайлары иликтенип, анын шарттары жана себептери такталууда.

Абактан качкандарды кармоо операциясы

Табышмак жагдайлар

Аталган абак жайдын тышкы күзөт кароолу кылмышкерлер автоунааны сыртка айдап чыга баштаганда гана туюп, аларга карата ок чыгарган. Анын натыйжасында качып бараткан тогуз кылмышкердин бирине ок жаңылып, жарадар болгон. Кийин ал жарадар качып чыккан башка төрт кылмышкер менен бирге Бишкектин айланма жолунан кармалган. Учурда түрмө кызматкерлерин өлтүрүп качкан калган төрт кылмышкер изделүүдө.

Кылмышкерлердин колунан каза тапкан үч кызматкердин бири майор Таалайбек Өмүрзаковдун жубайы Акмөөр Алжанбаева алдын ала маалымат болгонуна карабастан, абак жетекчилиги коопсуздук чарасын көрбөгөнүнө таң калды:

Каза болгон абак кызматкерлери

Каза болгон абак кызматкерлери

- Мындан эки жума мурун эле кандайдыр бир нерсе уюштурулуп жатканы тууралуу маалымат болгон экен. Анан ошол кезде абак жайынын коргонунан бирөөлөр ичкериге баклажка ыргытыптыр деп укканбыз. Анан ошол окуяны териштирүү болду дешкен. Мен жолдошумдан “баклажка ыргытылганы үчүн дагы териштирүү болобу?” десем, “сен бул системаны түшүнбөйсүң, ал баклажкада ар кандай жардыруучу зат болушу мүмкүн” деген эле. Мен бул системага ишенбейм. Анткени жетекчилик мына ошонун бардыгын угуп-көрүп туруп эч кандай чара көрө албаганы эмнеси? Видеобайкагычтар иштебейт экен. Ошону оңдотуп коюш кыйын беле? Азыр видеобайкагыч болсо, мына ошол окуя кандайча болгонун билсе болот эле го. Ал жерде тоок уурдап түрмөгө түшкөндөр эмес, коркунучтуу кылмышкерлер жатса, коопсуздук чаралары күчөтүлбөгөнү таңкалычтуу. Эми жоопкерчиликтин бардыгын кылмышкерлердин өзүнө оодарып коюшпаса болду.

Бул үч түрмө кызматкеринин өмүрүн алган кандуу окуяда чиеленишкен табышмактуу жагдайлар байкалган. Биринчиден, кылмышкерлер үч кызматкердин өмүрүнө кол салып, аларга төртүнчү болуп алдынан чыккан подполковникти жарадар кылганга чейин кооптуулук системасынын коңгуроосу кагылган эмес. Абакта эки жума мурун видеобайкагыч иштен чыгып, окуя учурунда электр жарыгы өчүрүлгөн. Кошумча ток берүүчү генераторлордун эмнегедир көмөгү тийген эмес.

Түрмөдөн качкандарды издөө

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев абактагы ички-тышкы күзөт көзөмөлүнүн ортосунда байланыш болбой калган түшүнүксүз жагдайды белгиледи:

- Видеокамералар иштебей калган экен. Анан кылмышкерлер абак жайынан административдик имаратка чейин барып, андагы көчөнү караган терезенин темир торун талкалап эле чыгып кетиптир дегени кызык болуп жатат. Мына ошол учурга чейин ички-тышкы күзөт эмнени карап турган? Ошолордун ортосунда эмнеге байланыш болбой калган, деген суроо бар. Бизге биринчи тергөө изоляторуна сырттан кол салуу болду деген маалымат түшкөн. Бирок кийин такталгандай, сырттан кол салуу болбой эле ичтеги зектер күзөтчүлөргө кол салып качкан экен. Мына ошондой түшүнүксүз жагдайлар турат.

Коркунучтуу кылмышкерлердин “кастасы”

Учурда Кыргызстандын абак жайларындагы өмүр бою эркинен ажыратылган коркунучтуу кылмышкерлердин саны 303 адамды түзөт. Алардын арасында өзгөчө мыкаачылык менен бир нече адамды өлтүргөн коркунучтуу кылмышкерлер жана террористтер бар. 50-абак жайынан качкан тогуз кылмышкердин жетөө дагы мына ошол өмүр бою эркинен ажыратылгандардан болчу. Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынгандыктан оор кылмышка айыпталгандарга эң жогорку жаза чарасы - өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Аларды өзүнчө бөлүп кармай турган өзгөчө режимдеги абак жайы курулуп бүтө электигине байланыштуу коркунучтуу кылмышкерлердин башка түрмөчүлөргө таасир көрсөтүүсү чектелген эмес.

Акыйкатчынын өкүлү Камалдин Жапаров бул маселе эки жылдан бери чечилбей келе жатканын айтты:

Бишкектин четиндеги №3 түрмө

Бишкектин четиндеги №3 түрмө

- Азыр 1-абакта, 3-абакта, 16-абакта, 1-ТИЗОдо, 4-ТИЗОдо,5-ТИЗОдо, ошол эле 50-ТИЗОдо өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалууда. Эми алар үчүн өзүнчө абак жайы жок болгондуктан мыйзамды бузуу менен айласыздан аларды ошол жакта кармоого аргасыз. Алардын катардагы башка түрмөчүлөргө таасири жок деп айтууга мүмкүн эмес. Мына ошондуктан мындай окуя эртеби же кечпи болмок. Эки-үч жылдан бери өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн жаңы абак жайынын курулушун аягына чыгарууга каражат бөлүү маселесин көтөрүп келе жатабыз. Бирок ал иш аягына чыкпай турат. Бардык эле абактардын имараттары эски. Дубалдары түртүп койсо түшүп калчудай абалда. Мына ошолордун ичинен эң жаңысы жанагы кылмышкерлер качкан 50-тергөө абагы болчу.

Абак жайларына байкоо салган укук коргоочулар тобу жаза өтөө жайларындагы курч кырдаал тууралуу мындан эки ай мурун өкмөткө кайрылуу жазышкан. Бирок ага тиешелүү деңгээлде канааттандырарлык жооп болгон эмес. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова көйгөйдүн түпкү себебин абак жайларынын ашкере саясатташып кеткенинен көрөт:

- Башка абак жайларында деле мына ушундай эле акыбал. Анда түрмөдө отурган адамдарга жана карапайым кызматкерлерге элементардык жашоо-шарттары түзүлүп, коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес. Жаза өтөө мекемелерин кармоого бөлүнгөн акчанын кандай чыгымдалганы ачык көрсөтүлбөй келет. Коррупция, жеп-ичмей өнөкөт жана шалаакылык өкүм сүргөн учур. Мунун бардыгына абак жайларын көзөмөлдөөгө кадрларды дайындоодогу мыйзамсыздыктар жана жаза өтөө мекемелеринин ашкере саясатташып кеткени себеп болууда. Жыйынтыгында кара күчтөр үстөмдүк абалга чыккан.

Кылмыш иши козголду

№50 атайын абак жайындагы кандуу окуяга жана коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жол берген жагдайга байланыштуу кылмыш иши козголду. Абак жайларындагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн атайын прокуратура учурда аталган тергөө изоляторунун жана жаза аткаруу кызмат жетекчилеринин жоопкерчилигин кароого киришти.

Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Нурлан Тагаев азыр бул кылмыш фактысы боюнча шалаакылык беренеси менен иш козголгонун билдирди:

- Катуу тартипте кайтарууга алына турган абак жайынан тогуз кылмышкер жөн эле качып чыгып кетип жатат. Бүгүнкү күндө шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө бул беренеге башка беренелер дагы кошулушу мүмкүн. Мында тергөө ишинин багыты жаңыдан ачыла турган жагдайларга байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн. Башка эч нерсе айта албайбыз. Азырынча коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес жана ага тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүлбөгөн деген негизде шалаакылык боюнча гана иш козголду.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловдун кызматтагы кемчиликтери тууралуу маалыматтар 2012-жылы парламентте талкууланган. Андан соң Алик Мамыркулов кызматынан алынып, бирок өкмөттүн коопсуздук бөлүмүнө дайындалган. Быйыл жайында Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Советбек Арбаев кызматынан алынып, Алик Мамыркулов бул мамлекеттик кызматка экинчи ирет төрага болуп дайындалган.

Түрмөдөн качкандарды издөө операциясы. 16-октябрь, Дордой 1 жаңы конушу

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG