Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Жогорку Кеңештин комитети туугандык байланыштарды ачыктай турган мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам тууралуу демилгечилердин бири, депутат Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Туугандык байланыштарды ачыктай турган мыйзам долбоор парламент комитетинде биринчи окуудан кабыл алынган экен. Демилгечи катары анын максат, маңызын түшүндүрүп берсеңиз?

Равшан Жээнбеков: Биринчиден, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн өздөрүнүн тууган-уругуна, жакындарына, партиялаштарына көрсөтүп жаткан кызматтык мүмкүнчүлүктөрүн ачык-айкын алып чыгуу. Башкача айтканда коомдун, элдин алдында ачык-айкын бийлик жүргүзүү.

Экинчиден, бул кандайдыр бир деңгээлде коррупция менен күрөшүүгө жардам берет деп ойлойбуз. Анткени мамлекеттик жогорку тепкичтеги кызматкерлер өздөрүнүн тууган-уругун коррупциялык, тааныштык жол менен жылдырып жатканы билине турган болсо, коом аларга моралдык түрдө баа бериш керек.

Мыйзам кабыл алынса, өзгөчө президент, премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү жана парламент депутаттары кызматка орношор алдында мамлекеттик кызматтарда иштеген жакын туугандары тууралуу маалыматтарды ачыктап, алар кайсы жерде иштегени тууралуу маалыматты Мамлекеттик кызмат комитетине беришет. Эгер кийинки жылы ал тууганы көтөрүлүп, башка кызматка жылып кете турган болсо, анда ошол кишинин жардамы тийди деген тыянак чыгарсак болот.

“Азаттык”: Конституцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынында дал ушул президент менен депутаттар туугандарын көрсөтсүн деген бөлүмдү алып койуу сунушталган экен. Мыйзам демилгечилери буга макулбу?

Равшан Жээнбеков: Мыйзамдын эң негизги маңызы ушунда турат. Анткени кайсы министрдин туугандары кайсы кызматта экенин баары эле билет. Бүгүнкү күндө коалицияга же партияга кирип алып, өздөрүнүн тууган-уругун, жакындарын мамлекеттик кызматка жылдырганга аракет кылып жатышат. Ошондуктан мыйзам кабыл алынса, мындай көрүнүштөрдү токтотууну мыйзам аркылуу талап кылабыз.

“Азаттык”: Кыргызстанда буга чейин бийликтин күч менен куулушунун негизги себеби катары эки президенттин тууган-уруктарынын бийликтеги саясий жана финансылык орчундуу орундарды ээлеп алганы аталат эмеспи. Кыргызстан болсо тууганчылык белгилери боюнча кызматка жылдыруу көрүнүшү тараган мамлекеттер катарында аталат. Мыйзамдын ишке ашышына көзүңүз жетеби?

Равшан Жээнбеков: Биздин мамлекеттик кызматчыларды туугандарын жылдырса соттойлу же аларды алып чыгып камайлы деген максатыбыз жок. Биз коомдун алдында бийликтин ачык-айкын жана бүгүнкүгө караганда бир топ жоопкерчиликтүү болушун камсыз кылганга аракет кылып жатабыз. Албетте муну менен биз бардык маселени чечпейбиз, бул ачык-айкындыкка кетип жаткан көп кадамдардын бири болот.

“Азаттык”: Аталган мыйзам долбоор талкууга коюла электе эле кесиптештериңиз, айрым укук коргоочулар тарабынан көп сынга кабылган эле. Бир жагынан караганда эгер кимдир бирөөнүн тууганы билимдүү-илимдүү адам болсо, эмнеге кызматка барса болбойт деген маселе да жаралат да?

Равшан Жээнбеков: Туура, эгер адамдын тууган-уругу билимдүү, жөндөмдүү болсо мамлекеттик кызматка жылбасын деп айткан жокпуз. Болгону кимдин бир туугандары, аталаштары мамлекеттик кызматта отурат, ошону айтып койгула деп жатабыз. Албетте ар бир адамдын жөндөмүнө жараша же мыкты адис болсо аларга таасирин тийгизбейт.

Кээ бир мамлекеттик жогорку кызматтагылар, депутаттардын каршы болуп жатканын түшүнсөк болот. Анткени бул мыйзам алардын көптөрүнүн кызыкчылыгына жооп бербейт. Бул адам укугуна эч кандай каршы келбейт. Мамлекеттик жогорку тепкичтеги кызматкерлердин жеке турмушу, алардын жасаган иши коомдун алдында ачык-айкын болуш керек. Бул, тескерисинче, демократиянын принциптерине жооп берген нерсе.

“Азаттык”: Эгер кимдир бирөө тууганы кызматка келгенден кийин көтөрүлүп, же башка ишке которулду дейли. Анын коррупциялык негизде которулганы кантип далилденет, мыйзамда жол-жоболору көрсөтүлгөнбү?

Равшан Жээнбеков: Биз муну далилдей албайбыз. Бирок коомдун алдында ошол адамдын кандайдыр бир таасири тийип жатканын билгендей болобуз. Буга коом баа бере турган нерсе болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG