Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Жаңы Кыргызстандын алгачкы чейрек кылымында калыптанган саясий элитанын далайы өнүгүү жолундагы чукул бурулуштарда четке сүрүлүп, далайы саясий күрөштөрдө мөрөй алып, мамлекеттик бийликти да, байлыкты да тескеп келе жатат.

Алардын бири - токсонунчу жылкы улуттар аралык айыгыштан элди арачалап, “темир генерал” атыккан, көп сын-пикирлерге кабылып, бирок саясий сапарын тынымсыз улап келаткан Феликс Кулов.

"Темир генералдын" шайлоого барары кынтыксыз

Феликс Кулов 1999-жылы негиздеген “Ар-намыс” саясий партиясы - азыр Жогорку Кеңештеги башкаруучу саясий үчилтиктин бири, өзү - КСДП, “Ар-намыс”, “Ата Мекен” фракцияларынан куралган “Ырыс алды - ынтымак” коалициясынын жана өз фракциясынын лидери. Коомчулукта акыркы кездери мактоолорго караганда сындар көбөйүп турган кезде “темир генерал” келерки шайлоого камдана баштады.

Куловдун “Азаттыкка” “шайлоого барарым - кынтыксыз” деп берген жообу муну тастыктап турат. Эксперттер деле Куловдун артында токсонунчу жылдардагыдай кылкылдаган шайлоочулар турбаса да, тажрыйбасын, таанымалдыгын пайдаланып, чоң саясатта калуунун аргасын табышы ыктымал дешүүдө. Мындай пикирин “Азаттык” менен эксперт Игорь Шестаков бөлүштү:

- Эксперт катары мен Куловдун кайтып келүүгө шансы жок деп айтаар элем. Бирок бизде саясий жагдайды алдын ала болжоо мүмкүн эмес. 2010-жылкы шайлоодо үчүнчү болуп марага келди. Саясатчынын тажрыйбасы жеңди. Бул жолу дагы өзүнүн жаш атаандаштарынан ашып өтүп, жеңишке жетиши толук ыктымал.

Чечкиндүү генерал - чечкинсиз кадамдар

Кыргыз тилин билбеген, тууганчылык менен уруучулуктун тамырын түшүнгүсү келбеген “темир генералга” эгемендиктин алгачкы жылдарында жаңы заманды, эркиндикти эңсеген миңдеген адамдардын назары бурулган. Ош окуясында Фрунзенин толкуган жаштарын комендант Кулов гана ынандыра алган. Ошондон улам “темир генерал” атыккан Феликс Кулов ыңкылаптар аркылуу ээрден шыпырылган эки президент менен тең кезинде санаалаш да, атаандаш да болду.

"Ырыс алды - ынтымак" коалициясынын лидерлери.

"Ырыс алды - ынтымак" коалициясынын лидерлери.

Вице-президент, премьер-министр, ички иштер министри, Коопсуздук комитетинин төрагасы сыяктуу эң таасирдүү мамлекеттик кызматтарды аркалады. Ошол эле учурда Акаевдин бийлиги түрмөгө түшүрүп, “саясий туткунга” айланды. “Кара-Буура” синдрому аркылуу атаандаштарына саясий кудуретин таанытты. Курманбек Бакиевдин бийлиги өкмөт башчылыктан кетиргенден кийин “Бириккен фронт” менен көчөгө чыгып, бийликке сүр көрсөтүп, оппозициялык күчтөрдү шердентти.

Ушундай таасирдүү саясатчыга айланганы менен, “темир генерал” мамлекеттик биринчи адам боло алган жок, ага жараша өнүгүүгө баштай турган таасирдүү чечимдерди да чыгара алган жок. Ушундан улам коомчулукта Кулов системанын адамы катары калыптанып, жаңыча кадам шилтей албай, бийликтен көз каранды бойдон калды деген тыянактар чыкты.

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү, депутат Анвар Артыков саясий тажрыйбасын кемчиликтери басып келатканын белгиледи:

- Башкы кемчилиги - бекем бир позицияны кармап, аны аягына чейин алып чыга албайт. Демократияны ойнойм, бардыгы менен компромисске барам деп, сергек чечимдер жок болуп, принципиалдуу чечимдер сыртта калып атат.

Ошол эле учурда Феликс Куловдун эгемен Кыргызстандын түптөлүшүнө омоктуу салым кошуп, калыптануу доорунда экинин бири болуп турган таасирдүү саясатчылардын бири экенин тилектештери да, атаандаштары да танышпайт. Алардын бири - саясатчынын “Бириккен фронттогу” тилектеши, “Реформа үчүн” оппозициялык кыймылынын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов. Бирок саясатчынын ишениминде Кыргызстандын өнүгүүсүнө Куловдун саясий ишмердигинин кесепети көбүрөөк тийди:

Кубатбек Байболов.

Кубатбек Байболов.

- Баягы вице-президент кезиндеги самолеттор, вертолеттор, курал-жарак, эки палаталуу парламент учурундагы окуялар, референдумду жарыялоодогу позиция, тандем... көп нерселер бар да тарыхта. Биз, маселен, чурулдап атып, Конституцияны өзгөртүп, бийликти алып берсек, колго албай, кайра Бакиевге бийликти алдырып ийбедикпи. Ошол Конституция боюнча бийликти колго алып, губернатор менен акимдерди кайра дайындап, чечкиндүү кеткенде Бакиев мүмкүн мынчалыкка бармак эмес.

Кыргызстандын жаңы саясий тарыхындагы эң күчтүү оппозиция атыккан “Реформа үчүн” кыймылы 2006-жылкы массалык митингдерди ошол кездеги премьер-министр колдойт деп, чоң үмүт арткан. Куловдун ага барбай коюшуна “реформачылар” нааразы болушуп, элдик кызыкчылыктан, кылмыштуу режимге каршы күрөштөн кызмат ордун жогору койду, принциби жок деп чыгышкан.

Албетте Феликс Кулов өзүнүн кабыл алган же кабыл албай койгон чечимдерин көп учурда стабилдүүлүк менен мыйзамдуулук керек деген жүйөгө байлап келет. Бул ирет да ушундай негиз келтирген. Кийинки жылы премьер-министрликке парламент өткөрбөй койгондо “Бириккен фронт” кыймылын түзүп, мыйзамсыз башкарууга каршы мөөнөтсүз акция уюштуруп, бирок кайра эле бийлик менен келишип кеткен. Башкача айтканда, апрель митингдеринен кийин президент Бакиев өз жардыгы менен ГЭСтерди куруу боюнча мамлекеттик долбоорго директор кылып дайындаган.

Чоң саясатка кайтканда

Март ыңкылабында зоболосу көтөрүлгөн “темир генерал” апрель ыңкылабына “реформачылардай” салым кошо алган жок. Ошондой болсо да чоң саясатка шайлоо аркылуу кайтып келиши саясий чөйрө үчүн күтүүсүз болгон. Ал жарышта 5 пайыздык босогону 7,5 пайыз чек менен өтүп, "Ата Журт" менен КСДПдан кийинки эле үчүнчү орунга чыкканы белгилүү. Июнь окуясынан улам эл аралык коомчулук убактылуу өкмөттү жүдөтүп турган кезде “Ар-намысты” Жогорку Кеңешке Орусия сүрөп жеткиргени узун сөзгө алынган.

Кубатбек Байболов Феликс Куловдун барк-баасынын бийиктеп турушун айлакерликке байлады:

Феликс Кулов менен мурдагы президент Курманбек Бакиев.

Феликс Кулов менен мурдагы президент Курманбек Бакиев.

- Конъюнктураны аябай жакшы өздөштүргөн. Кайсы учурда кайсы жеринен кандай кылып алышты, чалышты, жанаша барып турушту, айта турган сөздү – ушунун бардыгын жакшы өздөштүргөн.

“Темир генерал” жаңы парламенттин салмагын арттырганы менен, жаратмандык иштери көрүнмөк түгүл, жыл айланбай “Ар-намыс” - арабөк фракция, өзү чечкинсиз лидер атыкты. Минтип барк-баага доо кетишине оппозицияда калган фракциянын ичинен он депутаттын башкаруучу фракцияга өтө качышы, ар кайсы партиялардан “Ар-намыстын” арты менен парламентке келип алгандан кийин айрым саясатчылардын фракция лидерин алмаштырабыз деп чыгышы, парламентке кирбей калган партия мүчөлөрүнүн нааразылыктары жана президенттикке талапкерди көрсөтүү маселесинде Куловдун эки ача позициясы өңдүү окуялар, фактылар себеп болду.

Фракциядан чыгабыз деген депутаттардын бири Анвар Артыков парламентке келгенден кийин көз караштарын кайра баштан тактоо агезде ар бир саясий күчкө мүнөздүү көрүнүш болгон дейт. Ал эми “Ар- намыстын” мындай жагдайга кирептер болушу саясий көрөңгөсү күчтүү, тажрыйбасы мол саналган саясатчынын алсыздыгын тастыктаган көрүнүш катары баалады. Депутаттын айтымында, партия менен фракцияны бир бүтүн организм катары кароо азыр да мүмкүн эмес:​

"Ар-намыс" партиясынын мүчөлөрү.

"Ар-намыс" партиясынын мүчөлөрү.

- Экөөнө бирдей кароого болбойт. Себеби өткөндөгү шайлоонун алдында өздөрүнүн мурунтан келаткан активдүү мүчөлөрү сыртта калып, фракцияга курама команда келген. Ошондуктан кээде партиядан чыккан билдирүүлөр депутаттардын айткандары менен дал келбей калат. Азыр мен фракция бирдиктүү деп айта албайм. Бул лидерге байланышкан маселе.

Кадр саясатындагы алешемдиктер дагы Куловдун аброюна көлөкө түшүрдү. Айрыкча фракциянын квотасындагы Маданият министрлигине, Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчилерди дайындоодогу чыр-чатактарды лидердин жеке кызыкчылыктарга жетеленген айла-амалдарынын кесепети катары санагандар көп болду. Фракциядагы акыркы чуулгандуу иштердин катарына партиянын тизмеси менен келген депутаттар Нурлан Төрөбековго карата диплом жасады деп, Каныбек Осмоналиевге кызматынан аша чаап пайдаланды деп кылмыш иштеринин козголушу кошулду.

Ошентсе да, парламенттик мөөнөттүн экинчи жарымынан баштап бардык фракциялар сыяктуу эле “Ар-намыста” да саясий кызыкчылыктар менен мыйзамдарды айкаштырып, партия лидеринин айланасына биригүү жараяны жүрдү. Кулов өзү 2012-жылкы кайра түзүүлөрдө коалициялык көпчүлүккө кирип, ошондон бери экинчи ирет үчилтикке лидер бойдон калууда. Бул жерде, албетте, лидер аталганы болбосо, саясий негизги маселелерди чечүү президент Алмазбек Атамбаев негиздеген КСДП партиясынын эркиндеги иш. Ошентсе да Кулов үчүн азыркы абалы ыңгайлуу. Эксперттер “темир генерал” парламентке келген биринчи күндөн баштап ушуга умтулуп келген жана он депутаттын фракциядан чыгып, бийлик коалициясына кошулуу идеясы да лидердин өзүнөн чыккан деген божомолдорду айтып жүрүшөт.

Орус премьери Дмитрий Медведев менен. Убагында “Ар-намысты” Жогорку Кеңешке Орусия сүрөп жеткиргени узун сөзгө алынган.

Орус премьери Дмитрий Медведев менен. Убагында “Ар-намысты” Жогорку Кеңешке Орусия сүрөп жеткиргени узун сөзгө алынган.

​Ал эми 2012-жылкы Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык иретинде коалициядан чыгуу тууралуу билдирүүсү бир жагынан коалициялаштарга өзүнүн керек экендигин эскертүү, экинчи жагынан партиялаштардын көңүлүн алуу ишарасы катары бааланып келет. Кулов өзү ал жолку аракетин “Азаттыкка” берген интервьюсунда минтип түшүндүргөн болчу:

- Шаардык кеңешке шайлоодо көз боемочулук болгон үчүн биздин партия кирбей калды. Биз коалициядан чыгабыз, калууга моралдык укугубуз жок деп президентке ачык айттым. Мага коалиция уруксат берген жок.

Камылга

“Ар-намыс” партиясы азыр башка партиялардай шайлоочулардын көңүлүн ала баштаганы байкала элек. Бирок акыркы кездери Кулов парламентте күтүүсүз билдирүүлөрү менен коомчулуктун назарын бурууда. Айрыкча парламенттик шайлоо менен бирге референдум аркылуу Кыргызстандын атын Кыргыз Эл Республикасы деп атоо өңдүү демилгелерине таң калгандар да, сын айткандар да көп. 2007-жылы Орусия менен конфедерация түзүү демилгесин көтөрө калып, көпчүлүктүн ачуусуна тийген эле.

Эксперт Игорь Шестаковдун пикиринде, бардык башка саясатчылар сыяктуу эле Кулов дагы тигил же бул маселени чечүү же ишке ашыруу эмес, шайлоочулардын көңүлүн өзүнө буруу максатын көздөп жатат:

- Биздин Кыргызстандын шайлоочулары саясатчы убадаларын аткарбаса деле кайра-кайра бийликке шайлай беришет. Буга караганда шайлоочулар конкреттүү жасаган ишине жараша эмес, атак-даңкына, таанымалдыгына маани беришет көрүнөт. Бул жагынан Кулов өзүнүн таанымал саясатчы экенин жакшы билет.

Жакында жаңы саясий партия түзгөндүгүн жарыялаган “Ар-намыс” фракциясындагы жаш депутат Дастан Бекешов азыркы реалдуулук саясатка жаштардын келишин айтып жатат дейт:

- Чындыгында бизде азыр көз караштар, идеялар башкача. Чечимдерди кечке ойлонуп отурбай, бат-бат кабыл алуу керек. Келечекте жаңы саясатчылар келиши керек.

“Темир генералдын” 66 жашка чыгышына байланыштуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп, ага катышкандардын басымдуусу анын парламенттик шайлоодо жеңишке жетеринен күмөн санашты.

Кошумчалап койчу жагы – Омск шаарындагы Жогорку милиция мектебин бүтүргөн Феликс Кулов чоң саясатка 1990-жылы Фрунзе шаарынын коменданты болгондон баштап кирген. Парламенттеги үчилтикке кирген КСДП, “Ата Мекен” саясий партияларынын лидерлери менен бирдиктүү күч катары кызматташтыкты биринчи жолу 2000-жылдардын башында түзүлгөн “Элдик конгресс” оппозициялык биримдик аркылуу баштаган. 2000-жылкы президенттик шайлоодо Өмүрбек Текебаев, 2005-жылкы шайлоодо Курманбек Бакиев менен тандем түзгөн.

Феликс Куловдун Бакиев бийлиги тушундагы премьер- министрлиги Кыргызстандын тышкы карыздарын ХИПК программасына кирүү аркылуу жеңилдетүү, президенттин иниси Жаныш Бакиевди Коопсуздук комитетине жетекчи орун басары кылып дайындоо демилгелери, Рысбек Акматбаев баштаган кылмыштуу топ менен тирешүү өңдүү окуялар аркылуу эсте калды.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG