Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Катаал күндө келген спикер


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Жогорку Кеңеш 13-октябрдагы кезексиз сессиясында "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаевди парламент төрагалыгына шайлады.

Исаевдин талапкерлигин "Кыргызстан" фракциясы сунуш кылып, аны 78 депутат колдоп, эки депутат каршы добуш берди.

Добуш берүүдөн кийинки сөзүндө Исаев мамлекетте кырдаал оңой эмес болуп турганын айтып, өлкөнүн укук нугуна кайтышына, элдин коопсуздугун камсыз кылууга Жогорку Кеңештин салымы эбегейсиз экенин белгиледи:

"Парламент өткөн-кеткен окуялардан сабак алып, жыйынтык чыгарып, өз салымын кошуп, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кабыл алууга, балким жетишебиз. Алдыда шайлоо бар. Эң негизгиси, биз саясий көз караштар боюнча бөлүнүп-жарылбай, бирдиктүү саясат жүргүзүп, мен баарыңарга калыс, адилеттүү мамиле кылам деп сөз берем. Президентибизди колдоп, биз кыска мөөнөттө өлкөдө туруктуулук орноткудай болушубуз керек".

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Абдылдаев бул кызматка дайындалышынын «мыйзамдуулугу шек жаратып жатканы үчүн» 10-октябрдагы кезексиз жыйында баш тартып, милдетти «легитимдүү вице-спикер» деп башкарууну Мирлан Бакировго өткөрүп берген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты партия Бишкекте митинг өткөргөн. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратка кирип барышкан. Бул окуядан кийин президент ишин улантууда, өкмөттүн жетекчилиги кызматтан кетти.

10-октябрда парламенттин бир катар депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган. Парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептешти. Жапаровдун тарапкерлери кворум болгонун белгилеп келатышат.

13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөттүн курамы боюнча токтомго кол койбой, кайра парламентке кайтарганы белгилүү болду.

Шайлоонун жана "Көк бөрүнүн" чебери

"Кыргызстан" партиясы 2015 жана 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышты. Эки жолу тең партиянын талапкерлеринин тизмесине байланыштуу чыр чыкты. Бул партия өткөн шайлоодо да тизмесин Боршайкомго бергенге чейин ачыкка чыгарбай турган эле. Бул ирет да адатын карматып, коомчулукка да талапкерлер курамы тууралуу маалымат кеч жетти.

Бул ирет атургай аз жерден Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерин кеч тапшырып, шайлоодон четтеп кала жаздады.

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясы мандат чыры менен аты чыккан. Мындан улам 2015-жылкы парламенттик шайлоодо көпчүлүктү таң калтырып үчүнчү болуп жеңип келген “Кыргызстан” партиясы, айрыкча анын лидери Канат Исаевдин айланасында карама-каршы сөз кызыган.

Өлкөнүн "башкы улакчысын" кыргыз саясатындагы жаңы муундун өкүлү деп атоого болот. Күчтүүлүк, шамдагайлык, атургай айлакерлик талап кылган бул оюндун эрежелерин Исаев саясатта да чеберчилик менен пайдаланып жаткандай. "Башкы улакчы" дегенибиздин себеби Канат Исаев “Көк бөрү” федерациясын жетектеген.

Коомчулуктун калың катмары Канат Исаевди 2010-жылы Жогорку Кеңешке “Республика” партиясынын тизмеси менен шайлангандан кийин тааныды. Аны жакындан билгендер бул партияга “Аю” фирмасынын жетекчиси, Өмүрбек Бабановдун көптөн берки таанышы Шаршенбек Абдыкеримов аркылуу келгенин айтып жүрүшөт.

2010-жылы шайланган парламенттеги “Республика” фракциясын биринчилерден болуп Исаев ыдыратканын коомчулуктун эсинде. Бул фракциянын ал кездеги лидери Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп дайындалганда өз ордун Исаевге таштап кеткени менен көп өтпөй эле экөөнүн араздашуусу ачыкка чыккан.

“Республика” партиясынын саясий кеңеши Исаевди “партиялык тартипти бузду, өз алдынча билдирүү жасады, убадаларына турган жок жана партиянын кадыр-баркына шек келтирди” деген айып менен өз катарынан жана фракциядан чыгарган. Исаев андан кийин “Азаттыктагы” маектеринин биринде Бабанов менен пикир келишпестигин төмөнкүчө түшүндүргөн.

- Башында алты депутат болуп бөлүнүп чыкканбыз. “Ынтымак” депутаттык тобун түзгөнбүз. Кийин бизге дагы эки депутат кошулган. Алтынбек Сулаймановдун тобу деп дагы төрт депутат бөлүнүп чыккан. Андан кийин дагы төрт депутат “Өнүгүү” тобу деп бөлүндү. Демек фракциянын 70-75 пайызы партия лидеринин кылып жаткан иштерине карама-каршы экенин көрсөттү. Ал премьер-министр болуп турганда биз эки ача кеттик. Анткени биздин позициябызга, биздин оюбузга туура келбей турган нерселер болуп баштады.

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда күлүк атына байланыштуу чуу чыгып, ал өкмөт башчынын отставкасы менен аяктаган эле. “Ата Мекен” фракциясы Бабановду түрк ишкеринен кымбат баалуу аргымакты парага алган деп айыптаган. Бул окуяны ичинен билгендер Бабановго каршы колдонулган далилдерди атамекенчилерге Канат Исаев бергенин кеп кылып келишет.

Кийинчерээк “Республика” фракциясы “Ата Мекенди” апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча күнөөлөгөндө Исаев “атамекенчилерди” ачык колдогон. 2013-жылдын башында Ак үйдүн алдында “атамекенчилерди” морадерчулук боюнча айыптоолорго каршы митингинде аларга жан тартып сөз сүйлөгөн.

2011-жылы Кубатбек Байболов баш прокурорлук кызматтан алынганда Канат Исаевди айыптап кеткен жайы бар. Ал иштен кеткен себебин бир катар чуулуу кылмыш иштерди кайра козгогону менен байланыштырган. Алардын арасында Исаевге тиешелүү иштер да болгонун жарыялаган.

Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн тушунда Исаевге эки кылмыш иш козголгону айтылган. Башкы прокуратура Исаев Токмок шаарында 2008-2010-жылдары мэр болуп турганда “Ак-Була” ишканасынын мурунку жатаканасын өз баасынан кыйла арзан сатып жиберген, шаардык китепкананы мыйзамсыз жеке менчикке өткөргөн деп айыптаган. Бул кылмыш иштерди тергөө ара жолдо калып, сотко жеткен эмес. Биз бул жагдай тууралуу мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун өзүнөн сурадык. Ал иштердин аки-чүкүсүн унутуп калганын гана айтуу менен чектелди:

- Эсимде деле жок. Ошондой жагдай болгон. Чоо-жайын азыр прокуратурада иштеп жаткандардан сурасаңар. Ал Бакиевдин учурунда козголгон кылмыш иштер болгон.

Бийликке барууга эмне ү​чү​н ушунчалык умтулушат? Парламенттин мү​чө​сү​ болуунун ө​зү​ элге кызмат ө​тө​п, элдин мүдөөсүн аткаруу. Ал эми биздин депутаттар элге "кожоюн" болуунун гана аракетин кө​рү​ү​дө​.
Мукар Чолпонбаев

Исаев “Республика” фракциясынан чыгарылганда аны ээрчип кеткен, өзүнчө “Ынтымак” деген топко бириккен сегиз депутаттын ичинде Элмира Жумалиева да болгон:

- Өзүңөр билгендей ошол кезде мен саясатка жаңы бардым. Саясат эмне экенин түшүнбөйм. Мен мугалиммин да. Адатта мугалимдер кимдир бирөөлөрдү таарынтып, капа кылып жатса, кордосо ошол тарап болуп калат да. Анан ошол кезде Исаевди кодулап жатышканда, "бул туура эмес, ички чатакты сыртка чыгарбайлы, партиянын келечегине балта чаппагыла, атын булгабагыла", деген эжелик, энелик акыл-насаатымды айтып, ачыктан ачык фракциянын ичинде өзүм жалгыз Исаеге болушуп чыккам. Исаевди оор кезде колдоп бергем.

"Кыргызстан" партиясынын эки чылбыр, бир тизгини

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Канат Исаев “Кыргызстан” партиясын жетектеп барды жана көпчүлүктү таң калтырып марага үчүнчү болуп келди. Парламенттен бул партияга 18 орун тийди.

Партиянын лидерлери ким экени ачыкка чыгып шайлоого даярдана баштаганда бул бийликтин долбоору деген баа берилген эле. Тизмесинде бийликке ачык ыктагандар, акчалуу ишкерлер, Социал-демократтар партиясынын тизмесине илинбей калгандар болгон. Канат Исаев “Азаттыктагы” маегинде бийликке байланыштырган сөздөрдү четке каккан.

- Биз бийликтин жетишкендиктерин ачык айтып, ошол эле учурда кемчиликтерин да көрсөтүүгө кудуретибиз жетет. Биздин катарыбызда саясатта бир топ ийгиликке жеткен адамдар бар. Ийгиликке жеткен ишкерлер бар. Ушундай ийгиликке жеткен адамдар бир саясий күчкө бириккенде бул бийликтин долбоору, бийликти колдой турган партия деген сөз болот экен.

Мандат чыры менен атагы ашты

Азыр эми “Кыргызстан” фракциясы даярдаган мыйзам долбоорлору, көтөргөн демилгелери менен эмес, мандат чыры менен аты таанылып жатат. Өткөн айда БШК Исаевдин сунушу менен Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын мандатынан ажыраткан. Экөө сотко арызданып, иш Жогорку Сотко чейин жеткен. Жогорку Сот да БШКнын чечимин колдогон өкүм чыгарган. Элмира Жумалиева Исаевди сөзүнө, берген убадасына турган жок деп айыптап жатат:

Жумалиева менен Исаев
Жумалиева менен Исаев

- Партия жаңы чыкканда, курултайын өткөргөндө бардык жерде жалгыз аял болуп мен жүрдүм. Мени тизменин башына коюп алышып, жер кыдыртышты. Бул добуш алуу үчүн жасалган да. Канат Исаев кыскасы өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөттү. Чыккынчылык кылып, артыңдан бычак урган, аял кишиге, эжесиндей адамга ушундай мамиле жасады. Муну кудай деле жөн койбойт го. Шайлоо маалында добуш бөлүштүрүлүп жатканда “эжеге теңелбегиле, ал атаандашсыз орун тие турган киши” деп балдарга да айткан. Анан эми сөзүнө турбай, ушундай иштерге барды.

Мандатынан ажырагандардын ордуна келген эки депутаттын бирөө БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун жакын тууганы деген маалымат чыкты.

“Кыргызстан” фракциясында мандат маселелеси дагы деле аяктай элек сыяктанат. 3-февралда БШК ушул эле партиянын дагы бир депутаты Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бир апта мурун Жогорку Сот депутатты мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды.

Урмат Ишенбеков
Урмат Ишенбеков

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы “Республика” партиясынын тизмеси менен шайланып келген Назарали Арипов “Кыргызстан” фракциясы жана анын лидеринен байланыштуу соңку окуяларды кыргыз саясатындагы кадыресе көрүнүш деп баалайт:

- 2010-жылы “Республика” партиясы шартка жараша куралып, ошол шартка жараша парламентке келгенбиз. Беш жылдын ичинде бири-бирибиздин ким экенибизди билдик тааныдык. Ар бири өз жолу менен кетти. Буга бир чети сыймыктанып, сүйүнүш керек. Коомчулукта жаңы саясатчылар пайда болуп жатат. 2017-жылы президенттик шайлоо болот, дагы чоң-чоң саясий окуялар өтөт. Негизи жаңы саясатчылар чыгышы керек. Кандай саясатчылар чыгат, кандай болот аны мезгил өзү иргейт. Саясатта негизи бул жакшы, бул жаман деп баалоо болбойт.

Канат Исаев “Көк бөрү” федерациясын жетектеген. Анын ат чабыштарга чыккан, анда байгелүү орундарды алып жүргөн кымбат баалуу аргымактары бар экени белгилүү. Спорттук баяндамачы Табылды Асыгалиев спорт аркылуу саясатка жол чапса болоорун белгиледи

Канат Исаев "Көк бөрү" федерациясын да жетектейт
Канат Исаев "Көк бөрү" федерациясын да жетектейт

- Азыр спорттун баары эле саясатташып кетти да. Көк бөрү оюнубуз жакшы өнүгүп жатат деп айта албайм. Бул өтө кымбат оюн, өкмөттөн да каржылык колдоо керек. Атты таптоо, багуу, улак чабышка ары-бери алып келүү, улакчыларды багуу, мунун баары чоң чыгым талап кылат. Ошондуктан баары эле ушул оюндун башчысы болуп иштей албайт. Колунда бар, улуттук оюнду сүйгөн, эң башкысы саясатка баруу, депутат болуу деген дымагы бар адамдар гана барат.

Айтор, “Кыргызстан” фракциясынын лидеринин саясаттагы соңку жүрүштөрү түрдүүчө талданып жатат. 45 жаштагы Чүйдүн кулуну Канат Исаевдин болочокто президент болуу дымагы бар экени да белгилүү.

XS
SM
MD
LG