Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

Асылбек Жээнбековдун президентке жаккан сыры


Асылбек Жээнбеков экинчи жолу ЖКнын төрагасы болуп шайланды. 4-ноябрь, 2015-жыл

Асылбек Жээнбеков экинчи жолу ЖКнын төрагасы болуп шайланды. 4-ноябрь, 2015-жыл

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков 4-ноябрда дээрлик бардык депутаттардын колдоосу менен парламенттин төрагасы болуп шайланды.

Парламентте 2007-жылдан тарта отурган, 2011-жылдан бери спикерликтен түшпөгөн, коомдо түрдүү пикир жараткан Жээнбековдун саясий бейнесине “Азаттык” сереп салды.

52 жаштагы Асылбек Жээнбеков Оштун Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылында туулган. 1985-жылы Бишкектеги Айыл чарба институтун бүтүргөн жана эмгек жолун ошол эле жылы Өзгөндө Ак-Жар айылында агроном болуп баштаган. 1987-жылы илим чөйрөсүнө аралашып, 1992-жылга чейин Кара-Суудагы Пахтачылык жана айыл чарбачылык боюнча тажрыйба станциясында илимий кызматкер болгон.

Жээнбеков бизнести 1992-жылы баштаган жана 2007-жылга чейин “Шариф”, “Искен”, "Агрозооветсервис” деген ишканаларды жетектеген. Андан сырткары “Жер азыгы” деп аталган агроишкерлер бирикмесинин директорлор кеңешинин төрагасы да болуп турган.

Ошто Жээнбековдор белгилүү жана таасирлүү үй-бүлө болуп саналат. Анын Жогорку Кеңештин үч чакырылышында депутат болгон бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдан бери Оштун губернатору. Дагы бир агасы Жусупбек Шарипов ушул тушта Кыргызстандын Кувейттеги элчиси.

Асылбек Жээнбеков парламентке алгач 2007-жылы Социал-демократтар партиясынан шайлаган. Ошол кездеги парламентти жакшы билгендер анын активдүү, демилгелүү деле депутат болбогонун белгилешет.

Ошто 2010-жылга чейинки жана андан кийинки окуяларга активдүү аралашкан, атын ачык айтууну каалабаган жарандык активист ага-ини Жээнбековдор мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликке ачык каяша айтпаганын эскерди.

- Жээнбековдор 2009-жылы президенттик шайлоо маалында Ошто Алмазбек Атамбаевдин штабында жүрүшчү. Атамбаевдин талапкерлиги алынып калгандан кийин дайыны чыкпай калды. Биз ошондо шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп элди көтөрүп чыгалы дегенде да кошулушкан эмес. 2010-жылга чейин ошол кездеги бийликтин былыктарына үн катып, ачык каяша айтышкан эмес. 2010-жылы Роза Отунбаева, Дүйшөн Чотонов, Бөдөш Мамырова, Азимбек Бекназаров жыйын өткөргөндө Жээнбековдор катышкан эмес. Анда Төлөгөн Келдибаев, Кангелдиев дегендер көрүнүктүү лидерлер болчу. Жээнбековдор революцияга салым деле кошушкан эмес. Бакиевдер кулатылгандан кийин гана кайдан-жайдан пайда болуп бийликке келип жатышат.

"Салмагы да, салымы да болгон эмес"

Коомчулукка ага-ини Жээнбековдордун Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси Абдылда Капаров менен араздашуусу белгилүү. Капаров Жээнбековдорду 2010-жылы июнь коогасында элге курал тараткан, коопсуздукка делген каражат кымырылып кеткен деп айыптап келет:

Абдылда Капаров

Абдылда Капаров

- Коомдук тартипти сактоого келген акчаны мүшөгү менен көтөрүп кетишкен деп айтып жүрөм. Мен ошол кезде милиция башчы болгом да. Эгер ошол акча өз максаты менен туура пайдаланса кан төгүлбөйт эле. Бишкекте борбордук аянтта 7-апрелде 87 баатыр ушулар үй-бүлөсү менен бийликке келсин деп кырылбаса керек, таластыктар ушулар агарып-көгөрсүн деп революция жасабаса керек. Булардын Убактылуу өкмөттүн, азыркы бийликтин түптөлүшүнө салымы, салмагы деле болгон эмес.

Бул сөздөр убагында парламентте да талкууланган. Анда Асылбек Жээнбеков Абдылда Капаровду жалган маалымат таратып жатат деп айыптап сотко берерин эскерткен. Ага чейин агасы Сооронбай Жээнбеков да Капаровду соттон утуп алып, 100 миң сом айыпка жыкканын билдирген.

Асылбек Жээнбеков 5-чакырылыштагы парламентте төрт жыл спикер болуп турду. Төраганын дарегине негизинен Кумтөр, уюшма кылмыштуу топтун анабашы Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгышы өңдүү талылуу, чуулуу маселелерди парламентте талкуулоодо чечкинсиздик кылды, саясий эркин көрсөтө алган эмес деген сындар айтылып жүрөт.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жылдыз Жолдошева Жээнбековдун ишине төмөнкүчө баа берди:

Жылдыз Жолдошева

Жылдыз Жолдошева

- Чынында спикер болуп иштөө ага оор болду. Анткени төрага болуш үчүн алгач аткаруу бийлигинде иштеп, тажрыйбасы болуш керек эле. Тажрыйбасы жетишпегени байкалып турчу. Бул президенттин партиясы СДПКдан болгондуктан кенен, өзү каалагандай иштей албады. Буту-колу тушалгандай болуп, кысылып иштеди. Өзүн-өзү ача албады. Парламенттин төрагасы болгон адам эркин, партиясынан да, президенттен да, жашоодогу жазылып-жазылбаган мыйзамдардан да эркин болушу керек эле. Ошондой эркиндик болгон жок.

Толеранттуу "дипломат"

Айрым байкоочу-талдоочулар Асылбек Жээнбековдун саясаттагы ийгилигинин башкы себебин президент Алмазбек Атамбаевдин көңүлүн тапканы, жакындыгы менен түшүндүрүп жүрүшөт. Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланышын эң ириде регионалдык себеп, тактап айтканда түштүктөн чыкканы менен байланыштырышат. Мындай пикирге саясатчы Азимбек Бекназаров да кошулат:

Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров

- Жээнбековдор көптөн бери Атамбаев менен достук мамиледе жүрүшөт. КСДПнын мүчөсү болуп бийликте жүрүшөт. Бирок Жээнбековдордун артыкчылыгы - булар Акаев, Масалиев, Бакиевдер менен деле тил табышып, толеранттуу "дипломат" болуп иштеше алганы. Анткени булардын позициясы жок. Кандай гана бийлик болбосун аларга жакшы кызмат кылат. Мисалы, Асылбек Жээнбеков 2007-жылы КСДПдан депутат болуп туруп, Каркыранын берилишине макул деп добуш берген. “Ак-жол” фракциясын колдогон. КСДПдагы Отунбаева жана башкалар каршы добуш берген. Мына ушундан эле Асылбек Жээнбековдун кандай саясатчы, саясатта кандай орду бар экенин бааласа болот.

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк спикерликке Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөндө анын шайланарынан эч ким деле күмөн санаган эмес. 4-ноябрдагы сессияда 120 депутаттын 114ү колдоду, төрт депутат каршы болду, ал эми эки добуш жараксыз деп табылды. Жээнбеков талапкерлиги каралып жатканда буга чейинки парламент негизинен өлкөнүн бүтүндүгүн, коомдун ынтымагын сактоо менен алектенгенин, 6-чакырылыш өнүгүүнүн парламенти болуп калышы керектигин айтты:

- Биринчиден, фракциялардын конструктивдүү кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ болот. Ар бири өз платформасы менен шайлоодон өткөн алты фракциянын ишмердигин бир багытка буруу, жалпы коом үчүн зарыл чечимдерди кабыл алуудагы макулдашууну камсыз кылуу оӊой болбойт. Ал үчүн жакынкы жана алыскы кошуналардан алчу сабак, үйрөнчү үлгү жок. Өзүбүзгө гана ишенип, өткөн чакырылышта топтогон тажрыйбабызга таянып, фракциялар аралык кызматташууну андан ары өнүктүрүүбүз зарыл. Жалпы өлкө үчүн керектүү мыйзамдарды жана чечимдерди кабыл алууда “фракциялар алтоо, бирок Кыргызстан – бирөө гана” деген принципти карманабыз деп ишенем.

Жыйындын суроо-жооп бөлүгүндө Асылбек Жээнбековго курч, жарга такаган деле суроолор берилген жок. Оппозиялык азчылыкта калган “Бир Бол” партиясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев гана төрага катары берилген жеңилдиктерден баш тарта алар-албасына кызыкты. Натыйжада төраганын жеңилдиктерден баш тарта албасы белгилүү болду.

Тандоодо саясий реалдуулук эске алынды

Чыгып сүйлөгөн депутаттар арасында Асылбек Жээнбековду алкап-мактагандар көп болду. Алардын ичинен “Кыргызстан” партиясынан келген Дастан Жумабеков Жээнбеков “парламенттин ыймандуулугун, тазалыгын элге, дүйнөгө көрсөткөнүн, кадыр-баркын көтөргөнүн, жаңы чакырылышта да Кыргызстандын парламенттик системасы күчтүү болгону, элге иштегени анын колунда экенин, ошондой болооруна ишенерин” айтты.

“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев парламент реформанын алдында, анын демилгечиси болушу керектигин, коомдогу процесстерде байкоочу болуп четте турбашы зарылдыгын айтып, Жогорку Кеңештин төрагасынын салмагын, таасирин белгиледи. Асылбек Жээнбековдун экинчи ирет спикерликке шайланышы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип жатып, азыркы саясий реалдуулук эске алынганына токтолду:

Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев

- Премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагалыгына белгилүү, бардык саясий күчтөр менен тил табыша алган, салмагы бар саясий фигуралар керек. Мына ушундай адамдардын бири - Асылбек Жээнбеков. Анын талапкерлигин КСДП сунуш кылды, биз колдодук. Биз азыркы саясий реалдуулукту эске алдык.

Ушул тушта интернетте, айрыкча социалдык тармактарда Асылбек Жээнбековдун спикер болуп шайланышы эмес, анын парламенттин жыйындар залындагы креслолорго байланыштуу айткандары кызуу талкууланып жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG