Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Жогорку Кеңештин өткөн жолку чакырылышында “Ар-намыстан” шайланган алты депутат парламенттин азыркы курамында башка партиялардын тизмеси менен келди.

Кожобек Рыспаев - Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында "Ар-намыстан" беш жыл эл өкүлү болуп отурган, учурда Социал-демократтар партиясынан депутат, ооган согушунун ардагери, соода-сатыкта жүрүп саясатка аралашкан, “касапчы” деген каймана аты бар.

Рыспаевди жакындан билгендер анын сооданы чемичкедей эле чагарын, акчанын “кулк-мүнөзүн” жакшы билерин кеп кылышат. 1981-1983-жылдары Советтик армиянын катарында Ооганстанда кызмат өтөп келгенден кийин соода тармагына ыктаган. 1985-жылы борбор шаардагы соода техникумун аяктаган жана Советтер Союзу тараганга чейин бир канча жерде сатуучу болуп иштеген.

1992-жылдан тарта 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келгиче жеке коммерциялык ишканаларды жетектеген. Анын негизги бизнеси Ош базарында, тактап айтканда, эт тармагында жакшы жүрүшкөн, өзү дагы мыкты касапчы.

Рыспаев жогорку билимди 40 жашка чукулдап калганда алган. 2000-2005-жылдары Улуттук университеттин экономика факультетин «каржы жана насыя» адистиги боюнча аяктаган.

Экинчи жогорку билимди Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин Кызыл-Кыя шаарындагы жаратылышты пайдалануу жана геотехнологиялар институтун 2013-жылы сырттан окуп бүтүргөн.

Бул институт 2015-жылдын башында Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин чечими менен натыйжасыз иштеген окуу жайлардын тизмесине кошулган болчу. Мындан улам Кожобек Рыспаев тоо-кен тармагы боюнча жогорку билимди эмнеге Бишкекте Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетте эмес, анын тээ алыскы аймактагы филиалында алган деген суроо туулат.

"Азаттык" Кожобек Рыспаев тууралуу ошол институттун деректири Орунбай Шамшиевге суроо узатты. Ал Рыспаевди бала кезинен тарта тааный турганын, ошол кезде эле тоо-кен тармагына кызыгуусу болгонун, билим ал деп өзү чакырганын кеп салды:

- Мен аны 1969-1970-жылдардан бери, Жайыл районундагы Кызыл-Ой айылында иштеп жүргөндөн билем. Армияга барганга чейин эле тоо-кен тармагына кызыкчу. Ортодо 20-30 жыл көрүшпөй калдык. Мен бул жерде иштеп жүргөнүмдү билип, “агай, тоо инженери болоюн” дегенинен, мен аны бул жакка кел деп чакырдым. Анан ал Ош, Баткенге иш сапарга келген учурларда менин базамды көрүп, бул жактан окуюн деп чечти.

Орунбай Шамшиев депутат Рыспаевдин үлгүлүү студент болгонун, тоо-кен тармагы боюнча көптү билип, керек болсо ошол жактагы студент, окутуучуларга сабак өтүп да кетип жүргөнүн айтып мактады:

- Ал 1-курстарга өтүлгөн предметтерден бери кызыкчу. Мен таң да калгам. Андай экинчи жогорку билим алып жаткандар жөн эле диплом үчүн окушат да. Ал болсо дипломдук ишин да өзү жазды. Жетекчиси да бул депутатпы же тоо-кенчиби деп ал дагы таң калды. Сессияга такай барчу. Кээде сессияга эмес, жөн деле келип кетчү. Негизи аябай эле таң калчу элем. Китептерди алчу. Менин китептеримди алганда да кээ бир жерлерин бүктөп коюп, кээ бир жерлерин карандаш менен чийип коюптур. Бул деген ал ошол китепти окуганын билдирет да.

Рыспаевдин "саясий эрдиги"

Эми Кожобек Рыспаевдин саясий жолуна баам таштайлы. Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен шайланып келди. Партиянын ичинен билгендердин маалыматы боюнча аны дагы ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Нурлан Төрөбеков ээрчитип келген, тизмеден ооганчыларга эки орун берилип, ошол квота менен Жогорку Кеңешке шайланган. Бакылдап сүйлөгөн, ар дайым ооганчы экенин баса белгилеп жүргөнү менен коомчулукка мына ушул парламентте таанылды.

2011-жылы сентябрь айында “арнамысчы” ондон ашык депутат кезексиз жыйынга чогулуп, Феликс Куловдун ордуна Камила Талиеваны фракция лидери кылып шайлаган эле. Кулов бул чечимдин укуктук да, саясий күчү жоктугун айтып чыккан. Ошол Куловго каршы чыккан топтун башында Кожобек Рыспаев турган. Ал топтун дагы мүчөсү, азыр парламентте Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков ошол окуяны “саясий эрдик” катары сыпаттайт.

- Ошол маалда фракциялар ортосунда ар кандай төңкөрүш жүрүп калган. Анан Кожобек Рыспаев баштаган 10 киши топтолуп чыгып принципиалдуу позициябызды айтканга эркибиз жеткен. Стабилдүүлүктү сактап калганга чоң салым коштук деп ойлойм. Кожобек Жайчибековичтин да эмгеги чоң. Анткени ошол маалда биздин топко өтө катуу басым жасалган. Бирок биз ошого карабай партиянын кызыкчылыгынан өлкөнүн кызыкчылыгын жогору турат деген принцип менен иштегенбиз. Ошондо Кожобек Жайчибекович тайбастыгын, принципиалдуулугун көрсөттү.

Анвар Артыков кийинки парламенттик шайлоодо Социал-демократтарга кошулуп баруу тууралуу чогуу чечим кабыл алышканын да айтып берди:

- Кийинки шайлоодо КСДП менен барсаңар жакшы болот деген сунуш эки-үч жыл мурун эле болгон. Экинчиден, жакшы идеяларды ишке ашыруу үчүн туруктуу партияны тандаганбыз. Биз мурдатан эле мамлекеттик маселелерди чече билген партияга кошулсак деп сүйлөшүп, ой бөлүшүп жүргөнбүз.

Ишенимдүү булактардын билдиришинче, Кожобек Рыспаев президенттин жакын адамдардын тилин таап, аларды ынандыра алгандыктан Социал-демократтар партиясынын тизмесинин алдыңкы сабына илинген. Бийликтин көзү түз болгону үчүн 2012-жылдан бери стратегиялык мааниси чоң делген Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетти башкарып келет. Коомчулукта бул комитет Кумтөр өңдүү талылуу маселелерди чечүүдө алсыздык кылып жатат деген сын-пикир басымдуу.

Өткөн айда Кожобек Рыспаев Кыргызстандагы чет элдик же чет элдик жарандардын үлүшү бар маалымат каражаттарын тескөөнү көздөгөн мыйзам кабыл алууну сунуштап чыкты жана анын демилгеси дароо талкуу жаратты. Ал жергиликтүү коомчулук кайсы телеканал же радио кайсы мамлекетке таандык экенин билбей турганын, ошондуктан мындай маалымат ачык көрсөтүлүшү керек деген пикирде:

- Бул маселени мен мыйзам долбоору катары жазып, көтөрүп жатканымдын себеби бизде чет элдик жарандар каржылап, ачкан телерадиокомпаниялар бар, ошолорду эч ким билбейт. Кээ бир учурларда алар чагымчыл болуп кетет. Алар Кыргызстандын аймагында чагылдырып жаткандыктан коомчулук алардын кимге таандык экенин билбей калып жатат. Мисалы, НТС, КТР, НБТ деген телеканалдардын логотиби менен кошо кайсы мамлекетке таандык экенин кошо жазып койсо элге түшүнүктүү болмок. Ал телеканалдын же телепрограмманын кимдики экенин эл билүүгө тийиш. Радиоберүүдөн маалымат кетип жатканда дагы “бул баланчанын радиосу” деген эскертме болуш керек. Мисалы, “Азаттык” радиосун АКШ каржылайт депчи.

Депутаттын телерадиону тескөө сунушун сындагандар да чыккан.

53 жаштагы Кожобек Рыспаев Чүй облусунун Жайыл районунан болот, үч баланын атасы. Ал Жогорку Кеңештеги эң бай деген депутаттардын катарына кирет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG