Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Украинада тик учак кулап, беш адам каза болду


Аскер тик учагы. Иллюстративдик сүрөт
Аскер тик учагы. Иллюстративдик сүрөт

Украина Коргоо министрлиги Донбасста Ми-2 аскер тик учагы кулап, экипаждын беш мүчөсү өлгөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык 26-мартта жикчилдерге каршы согушуп аткан украин аскерлеринин штабы - Краматорск шаарына жакын жерде болгон.

Коргоо министрлигинин алдын ала бүтүмүнө ылайык, тик учак электр линиясына чалынгандан кийин кыйрашы мүмкүн.

Украин армиясы үч жылдан бери өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен согушууда. Ошондон бери андан өлгөндөрдүн саны 9800гө чамалады.

XS
SM
MD
LG