Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Жалал-Абад: жол жээгинен эки адамды автоунаа сүзүп каза болду


Сүрөттө: Беларустагы жол кырсыгы
Сүрөттө: Беларустагы жол кырсыгы

Сузак районунун Бек-Абад айылында 26-сентябрда түнкү саат 12лер чамасында жол жэгинде олтурган эки жаранды унаа коюп кеткен. Облустук патрулдук милиция кызматынан билдиришкендей, 24 жаштагы эки жигит ооруканага жетпей жолдо каза тапкан. Аларды сүзгөн Daewoo Nubira машинесинин айдоочусу ушул эле райондун Барпы айылынын тургуну экени аныкталды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жыл башынан тартып өлкө аймагында үч жарым миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 567 адам каза тапкан. 5600ү жараат алган. Жол кырсыгынын курмандыктарынын 91ин балдар түзгөн. Ошондой эле миңге чукул наристе жаракат алган.

XS
SM
MD
LG