Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө “Бир Бол” фракциясынын кошулушу көпчүлүк үчүн күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду.

Саясатка темир бизнесинен келген фракция лидери Алтынбек Сулайманов Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин парламентке “Республика” партиясы менен келген.

Алтынбек Сулайманов “Бир Бол” партиясын былтыр парламенттик шайлоо алдында капыл-тапыл курады. Тизмеге мурунку бийликтин тушунда өкмөт башкарган, министр, депутат болгон таасирлүү саясатчыларды, коомдук-саясий ишмерлерди, ири бизнесмендерди топтой алганы менен далай адамды таң калтырды.

Үгүт маалында көрнөк-жарнактары илингенде “бирболчулар” түшкөн сүрөттөрдөн улам социалдык тармактарда “Бакиевдин 11 желдети” өңдүү лакаптар да пайда болгон.

Партия өнүгүү программасын “Илбирс секириги” деп атаган жана "чү" дегенде эле мамлекеттик кызматта реформа жүргүзүп, күч түзүмү жана мугалимдердин маянасын эки эсе көбөйтүп, бюджеттик чыгымды азайтабыз деген убадаларды берген. Кызыгы, ал "секирик" качан ишке ашары белгисиз.

Сулайманов “Бир Болдун” тизмеси боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып мурунку бийликтердин тушунда жооптуу мамлекеттик кызматтарда жүргөн адамдардын топтолгонун моюнга алган. Аларга ишбилги кесипкөйлөр деп баа берген жайы бар:

- Акаевдин же Бакиевдин кезинде биздин тизмеге киргендердин айрымдары өз кезегинде Кыргызстандын, мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошкон. Жакшы иштеген инсандар. Биздин тизмеде ушундай адамдар бар. Эми ар бир эле адамдын кемчилиги болот. Ак деген сүттү жакшылап карасаң, ичинен так көрүнөт. Бардык эле нерседен жаманды издей берсең, ал сөзсүз табылат. Жакшы жагын издешибиз керек. Эми азыркы учурда иштеп жаткандардын баары эле жакшы иштеп, жыргатып жиберди деп айта албайбыз да.

Парламент аэропорттогу карактоону мафиядан көрдү

2014-жылдын этегинде чак түштө Ош аба майданында ири суммадагы акча каракталган. Беттерин чүмкөп алган, “спецназ” деген жазуусу бар кара кийим кийген куралчан беш адам Ош-Үрүмчү каттамына түшмөкчү болуп, VIP залда отурган адамдардын акчасын тоноп кеткен. Акчанын суммасы беш миллион доллардан ашык экени айтылган болчу. Кийинчерээк 13 миллион доллар каракталган деген маалымат чыккан.

Алтынбек Сулаймановдун Ошто эле эмес, Орусиянын айрым шаарларында спорт клубдары, анда тапталган чымыр денелүү ондогон балдары бар экени белгилүү. Анын уюшма кылмыш топтор менен байланышы бары тууралуу да айтылып жүрөт.

Партия тизмесиндеги 15-орунга илинген, Ош шаардык дене тарбия, спорт комитетин жетектеген, кримчөйрөдө “Душка” деген лакап менен таанымал Дүйшөн Төрөкуловдун да уюшма кылмыш топко катыштыгы бары айтылып келет. Сулайманов болсо мындай дооматтарды четке кагып, “милиция спортчулар менен уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн ажырата албайт" деп сындаган жайы бар.

Былтыр жазында Ош аба майданындагы ири суммадагы акча карактоо боюнча айыпталып камакка алынгандар арасында Алтынбек Сулаймановдун чөйрөсүндө жүргөн адамдар да болгон. Тактап айтканда, кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты, Сулаймановдун жакын санаалашы Замир Сыргабаевдин бир тууган иниси Нурбек Сыргабаев болгон. Сулайманов бул факт боюнча "агасы иниси үчүн жооп бербейт" деген мааниде комментарий берген.

"Демократиялуу лидер"

44 жаштагы Алтынбек Сулайманов Ош облусунун Ноокат районунан болот. 1989-жылдан 1997-жылга чейин “Ленинизм”, “Шанкол” деген колхоздордо иштеген.

1997-жылы “Монолит-Ош” деп аталган фирмага ишке орношкон. Эки жылдан кийин “Алтын-Темир” ишканасынын жетекчисинин орун басары болгон. 2001-2007-жылдары “Темир” мамлекеттик ишканасынын Баткендеги бөлүмүн башкарган.

2007-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясы менен парламентке келген жана саясий активдүүлүгү менен айырмаланган деле эмес.

2010-жылы болсо “Республика” партиясы аркылуу Жогорку Кеңешке келип, кийинчерээк фракция лидери да болгон. Парламенттин өткөн чакырылышынын мөөнөтү аяктаганда “Республиканын” төрагасы Өмүрбек Бабановдон сыпайы, жаман-жакшы айтышпай кол үзгөн.

Сулайманов 2011-жылы парламентте “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен мушташа кеткени коомчулуктун эсинде. Кийин ошол кездеги спикер Акматбек Келдибеков жана бир катар аксакал депутаттар аларга калпак кийигизип, чепкен жаап, расмий жараштырган.

Белгилүү юрист, “Адилет” укуктук клиникасынын негиздөөчүсү Чолпон Жакупова “Бир Бол” партиясына киргенде таң калгандар көп болгон. Жакупованын айтымында, партияга кирүүгө Мыктыбек Абдылдаев менен Жаныбек Бакчиев көндүргөн экен. Болбосо ага чейин Сулайманов менен тааныш-билиштиги болбогонун айтты. Жакупова ыңгайы келген учурда Сулаймановдун ар бир фракциялашынын пикирин эске алган сапатын баса белгилеп мактап келет:

- Азыр эми аны сындагандар көп. Чынында бир топ фракция лидерлерине салыштырмалуу демократиялуу лидер деп айтса болот. Ал өз партиялаштарына басым жасабайт. Кайсы бир демилгелерди, мыйзамдарды фракция бир добуштан колдосун деп мажбурлабайт. Мен анын ушул жагын баалайм жана сыйлайм. Албетте, ага кыйын эле болуп жатат. Фракцияда мурунку өкмөт башчы, министр өңдүү адамдар топтолгон. Бардык нерсеге карабай ал демократиялык принциптерди сактайт. Коалицияга кирүү өңдүү маселеде деле эч кимге эч кандай басым жасалган жок. Ал ар бирибизди укту. Фракцияда мен жана Мыктыбек Абдылдаев экөөбүз коалицияга кирүүгө каршы деп добуш бердик. Биз аз болуп калдык, фракция көпчүлүк добуш менен кошулду. Бирок чечим кабыл алынып жатканда ар бирибиз өз оюбузду айттык.

Жайында парламент эки айлык тыныгууга чыгар алдында, мыйзам долбоор талкууланып жаткан чакта төрага Сулаймановдун Чыныбай Турсунбеков менен кайым айтышканы көпчүлүктүн эсинде.

Эгер мурда Бакиевдин, Бабановдун шарапаты менен партиялык тизмеге кошулуп, депутат болуп келсе, өз алдынча саясий лидер катары партия түзүп, кыска убактын ичинде ар кандай адамдарды, улакчылар, спортчулардан баштап ар кыл социалдык катмардагы адамдарды бириктире алды.

Алтынбек Сулайманов парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен да өткөн чакырылышта бир канча жолу кайым айтышкан. Текебаевдин “актыктын, моралдын үлгүсү Сулайманов эмес” деп кесе айткан жайы да бар. Текебаев азыр Сулайманов өз алдынча саясатчы болгон деңгээлге жетти деп баа берди:

- Мен Сулаймановду убагында тоготкон эмесмин. Аны кара металл, темир сатып жүргөн жигит катары эле билет элем. Аны менен беш жылдан ашык убактан бери чогуу иштешип жүрөм. Ушул табият берген лидерлик сапаты, өзүнө гана белгилүү жолдор менен туура чечим чыгара алган жөндөмү, адамдар менен мамиле түзө алары, өз түшүнүктөрүнүн системасы бар жигит экени байкалды. Эгер мурда Бакиевдин, Бабановдун шарапаты менен партиялык тизмеге кошулуп, депутат болуп келсе өз алдынча саясий лидер катары партия түзүп, кыска убакыт ичинде ар кандай адамдарды, улакчылар, спортчулардан баштап ар кыл социалдык катмардагы адамдарды бириктире алды. Элдин ишенимине татып парламентке келе алды. Азыр ага өз киндигин өзү кескен саясатчы катары баа берсе болот.

Мындай пикирге “Республика – Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев да кошулат. Ага “Бир Болдун” башкаруучу коалицияга киргени күтүүсүз деле болгон жок:

- “Бир Бол” фракциясынын азыркы саясий альянска кошулушу күтүлгөн эле нерсе болчу. Себеби, “Бир Бол” оппозиция деле боло алган жок. Алтынбек Сулаймановдун жеке өзү тууралуу айта турган болсом мен аны жакшы билем. Биз бир муундагы адамдарбыз. Алтынбек үчүнчү жолу депутат болуу менен аябай өстү. Өз алдынча лидер саясатчы катары кайсы бир деңгээлде тааныта алды. Бул жагынан азырынча өтө чоң каталарга жол бербей, өсүү жолунда гана келе жатат. Ылайым эле ошондой болсун.

Жайында Жогорку Кеңеште жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамды өзгөртүү мыйзам долбоору талкууланып жатканда сөз эркиндигин колдоп үн кошкон. Эгер документ “Азаттык” радиосун жабууга багытталган болсо өлкөгө абийир алып келбей турганын эскерткен.

Сулаймановду жакындан таанып-билгендер, колу ачыктыгын, жигитчилик, марттык сапаттарын белгилешет. Улуттук долбоорлорду колдогонун, Уркия Салиеванын 100 жылдыгын өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып, республикалык деңгээлде өткөрүп койгонун тамшанып кеп кылышат.

"Азаттыктын" архиви: 1-сентябрь, 2015-жыл

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG