Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Камактагы депутаттардын тарапкерлери митингге чыкты


Караколдогу митинг, 5-март, 2013.
Караколдогу митинг, 5-март, 2013.

"Ата-Журт" партиясынын лидерлерин бошотууну талап кылган митингдер Каракол, Ош жана Жалал-Абад шаарларында өтүүдө.

Өлкөнүн үч шаарында өтүп жаткан бул митингдерде "Ата-Журт паритясынын депутаттары: Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду камактан чыгаруу жана Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу талаптары коюлууда.


Жалал-Абаддагы митингчилер облустук акимчиликтин ичинде...


Облустук мамлекеттик администрациянын алдына чыккан митингчилер учурда нааразылыгын акимиаттын ичинде улантып жатат. Алардын баары аялдар, арасында Баатыр энелер да бар. Милициянын билдиришинче, чогулгандардын саны 50-60, ал эми митингчилер өзүлөрү 200дөй киши деп айтууда.

Бүгүн эртең менен аталган топ "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидер депутаттары - Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотууну талап кылып, шаардын борбордук аянтына чыккан. Облус жетекчисинин орун басары Жумагүл Эгембердиева аялдарга акимчиликтин ичине кирип сүйлөшүүнү сунуштаган.

Нааразы тарап депутаттарды тез арада бошотууну талап кылып, алар абактан чыкмайынча кетпей турганын айтууда.

Караколдогу митинг

Ысык-Көл облусунун борбору - Каракол шаарында да бүгүн "Ата-Журт" партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлери митингге чыкты.

Алар да камактагы үч депутаттын бошотулушун жана Кумтөр кенин улутташтырууну талап кылып жатат. Митинг тынч өтүүдө. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, митингге азыр 400гө жакын киши чогулду.

Оштогу митинг

"Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бошотулушун талап кылган митинг Ош шаарында да өтүп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, ушу саатта аянтка чогулгандардын саны 300-400дүн тегерегинде .

Митингчилердин колунда "Соттор, бийликтин көзүн карабай адилет чечим чыгаргыла!", "Жогорку Кеңеш таркатылсын!" деген мазмундагы плакаттар бар. Акциянын жүрүшүнө милиция көз салып турат.

Бир нече аптадан бери Ош шаарында жана облус аймагында Кумтөр алтын кени тууралуу учурда камакта жаткан “атажуртчу” депутат Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын иликтөөсү тууралуу жазылган маалымат баракчалары, дисктер таркатылып келет.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, парламенттеги фракция башчысы Садыр Жапаров жана депутат Талант Мамытов 3-октябрдагы митингден кийин “Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган”, “Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган” деген айыптар менен камакка алынышкан. 3-октябрдагы митинг Ак үйдүн короосуна мыйзамсыз кирүү аракети менен аяктаган.

Камалган депутаттар өздөрү бул боюнча козголгон кылмыш ишти саясий буйрук деп эсептээрин айтып келет. Бул окуя боюнча иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

XS
SM
MD
LG