Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

WADA: миңден ашуун орусиялык спортчулар допинг колдонушкан


Эл аралык допингге каршы агенттиктин өкүлү Ричард Макларен
Эл аралык допингге каршы агенттиктин өкүлү Ричард Макларен

Миңден ашуун орусиялык спортчулар допинг колдонушкан. Бул тууралуу жума күнү Орусия спорту боюнча докладды жарыялап жатып Эл аралык допингге каршы агенттиктин Ричард Макларен башында турган көз карандысыз комиссиясы билдирди.

Макларендин айтымында, 2014-жыл Сочиде өткөн кышкы Олимп оюндарында медал алган 44 спортчунун 12синин анализдери ачылганы маалым болгон, ал эми алты параолимпиадачынын анализдери жасалма болуп чыккан. Кайра текшерүүдөн өткөн 96 анализдин айрымдары алмаштырылганы аныкталган.

Өткөн шейшембиде Эл аралык Олимпиада комитети Орусиягы каршы санкцияларды узарткан.

Макларендин алгачкы докладынан соң эл аралык Олимпиада комитети Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Анын жыйынтыгында ондогон орусиялык атлеттер жана параолимпиадачылар толук курамы менен Рио-де-Жанейродо быйыл жайында өткөн Олимп оюндарынан четтетилген.

XS
SM
MD
LG