Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттер аралык мамилеси талкууланды


Алмазбек Баатырбеков жана Борий Алиханов.
Алмазбек Баатырбеков жана Борий Алиханов.

Кыргызстан менен Өзбекстан парламенттеринин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттери биргелешкен жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы талылуу маселелерди талкуулайт. Ал үчүн тараптар бир датаны белгилеши керек. Бул маселе Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутаты Алмазбек Баатырбеков Ташкенттеги кесиптештери менен жолугушкан учурда талкууланды.

Баатырбеков 5-декабрда Өзбекстандын Олий Мажлис Сенатынын төрага орунбасары Светлана Артикова жана Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орунбасары Борий Алиханов менен жолугушуп, парламенттер аралык мамилени бекемдөө жаатында сүйлөштү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар парламентте тажрыйбаларын бөлүшүү жаатында жолугушууларды уюштурууну сүйлөштү.

Алмазбек Баатырбеков Ташкентке 4-декабрда президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салууга барган. (SE)

XS
SM
MD
LG