Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Ысык-Көл: Айдоочулар биримдиги президенттин убадасын эстешти


Автоунаалар.
Автоунаалар.

Бүгүн Балыкчы шаарында Балыкчы, Нарын, Ат-Башыдан келген Айдоочулар биримдигинин мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, анын Убактылуу өкмөттө иштеп турганда Айдоочулар биримдигине 400 оор жүк ташуучу унааларды алып берерин убада кылганын эскеришти.

Айдоочулар президент ошол убадасын аткарып, биримдикке 400 эмес, 100 эле машине алып беришин суранууда. Бул демилге ишке ашса, айдоочулар биргелешкен жүк ташуучу унаалардын базасын түзүп, жаңы келген унаалардын акчасын төлөөнү баштамакчы.

Айдоочулар биримдигинин мүчөлөрү жүк ташуучу унаалардын эскилиги жетип, эл аралык талаптарга жооп бербей калганын, ЕАЭБге киргенден тарта талап күч алганын билдиришти. Алар ушундай эле кайрылуу менен 6 ай мурун президентке кайрылып, ага миңден ашуун мүчөсү кол койгонун ырасташты.

Балыкчыдагы жыйынга катышкан кыргыз өкмөтүнүн аппараты менен министрликтин өкүлдөрү Айдоочулар биримдиги унаа боюнча долбоор жазууну сунушташты. Айдоочулар аны бир жума ичинде даярдап берерин билдиришти.(AsM)

XS
SM
MD
LG