Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Нарында алимент төлөбөгөн айыл өкмөт башчыга кылмыш иши козголду


Кылмыш иши Нарын райондук прокуратурасы тарабынан Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысына “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “баласын багуудан баш тарткан” деген беренелер боюнча козголду.

Прокуратура тараткан маалыматта айтылгандай, айыл өкмөт башчысы 2009-жылдан бери сот чечимине баш ийбей, уулуна алимент төлөбөй келген. Ага бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай, кызмат абалынан пайдаланып, башкы бухгалтерди айлык акысынан алимент кармап калуусуна тыюу салган. Натыйжада, акыркы эки жылда төлөнбөгөн алименттин суммасы 154 644 сомду түзгөн.

Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын райондук прокуратура маалымдады. (MiK)

XS
SM
MD
LG