Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Акелеев: Реформа кадрларды алмаштыруудан башталышы керек


"Промотанк" компаниясынын жетекчиси Азамат Акелеев Кыргызстандын бийлик системасындагы кадрдык реформа тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кыргыз бийлиги реформа тууралуу сөз козгой баштады. Өлкөгө кандай реформа керек, ал эмнеден башталышы зарыл деп ойлойсуз?

Азамат Акелеев: Кыргызстанда 20 жылдан бери эле реформалоо аракеттери жүрүп жатат. Бирок андан эч кандай майнап чыкпай жатат. Менимче, бул жерде кескин чаралар керек. Акыркы убакта Грузияны өрнөк катары алып жатабыз. Ошол жерди карасак, эң биринчиден адамдар алмашкан. Эң маанилүү кызматтардагы адамдар алмашышы керек. Канчалык биз мыйзам кабыл албайлы, системаны өзгөртпөйлү, канчалык стратегия, кагаздарды жазбайлы адамдар алмашмайынча бул жерде эч кандай натыйжа чыкпайт.

Мен азыр Каржы министрлигинин Байкоочу кеңешинде иштеп жатам. Ошол жерде менин байкашымча, министр, министрдин орун басары, мисалы бөлүмдөрдүн башчылары деңгээлиндеги адамдар алмашмайынча эч кандай өзгөрүү болбойт. Азыркы реформалар кээ бир маселелерди гана козгоп коюп, бүткүл системаны алмаштырбай жатат. Карасак, эки чоң орчундуу маселе бар. Биринчиси корупция жана мамлекеттик ресурстарды ысырап менен сарамжалсыз пайдалануу болуп жатат. Муну оңдоо үчүн кескин кадрдык реформа жүрүш керек. Бул жерде түп-тамырынан бери жаңылануу болушу керек.

Эң биринчиден, министр, министрдин орун басары, бөлүмдөрдүн башчылары алмаштырылышы керек. Аларды үч эле критерий менен алмаштыруу керек: биринчиден, билим деңгээли. Батыштан же дагы башка чет мамлекеттен алган сапаттуу жогорку билими болуш керек. Тажрыйбасы бар, коррупцияга аралашпаган жана жаш болушу керек. Жашы 40ка чейин болушу керек.

Биз азыр аткаминерлердин саны кыскартыш керек, аларга кеткен каржыны кыскартыш керек деп көп эле айтып жатабыз. Бул жерде маселе санында эмес, сапатында болуп жатат. Бул жерде мамлекеттик аппараттын эффективдүүлүгүн жогорулатыш керек болуп жатат.

Экинчиси, коррупцияга каршы күрөш. Мисалы Италияны мисалга алсак, ал жерде 80-жылдары мафияга каршы катуу күрөш жүргөн. Ал жерде атайын орган түзүлгөн. Ал орган мисалы түздөн-түз президентке же парламентке гана көз каранды болгон. Башка эч кимге баш ийген эмес. Ал жерде кеңеш болгон. Кеңешке коррупцияга аралашпаган таза адамдар кирген. Ал адамдардын кеңири укуктары болгон. Бизге да ушундай орган керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Азыркы бийликтин ушундай кескин реформаларды жүргүзүүгө кудурети жетеби?

Азамат Акелеев: Менимче, азыркы өкмөт күнүмдүк нерселер менен көбүрөөк алек болуп жатат. Бул алыска бара турган стратегиялык реформалар да. Буга баары бир келиш керек. Менимче, азыр мамлекет башчылардын реформа жүргүзүүгө саясий эрки бар. Бирок орто, министрлик деңгээлдеги адамдар тараптан кандайдыр бир тоскоолдуктар болуп жатат. Ошол тоскоолдуктарды бара-бара жоюу керек. Өйдөдөн төмөн көздөй, ушул реформалар бүт түп-тамырына чейин жетиши керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG