Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:13

Төрт жыл аралыгында дайындалган соттордун үстүнөн пара талап кылганы тууралуу даттануулар түшкөн эмес.

Соттордун 10-курултайында президент Атамбаевдин кайрылуусун аппарат жетекчиси Фарид Ниязов окуп берди. Анда өлкөдө сот реформасынын алкагында соттор корпусу толугу менен жаңыланып, сот адилеттигине моюн сунбагандардын кастасы жоюлганы айтылды.

Бирок тиешелүү парламент комитетинин төрайымы Галина Скрипкина сотторго даттануунун деңгээли дагы деле үрөй учура турган абалда калып жатканын белгиледи.

Сот реформасынын “жемиши” көрүндүбү?

Мыйзамда cот тутумунун башкаруу органы саналган соттордун 10- курултайы президент Атамбаевдин атынан жарыяланган атайын кайрылуу менен башталды.

Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов мамлекет башчысынын куттуктоосун айтып, айрым судьяларды президенттик энчилүү сааттар менен сыйлады. Айжамал Ажыбраимова, Гүлсүнай Ахмедова жана Канатбек Турганбеков баштаган бир катар судьялар өз ишинин мыктысы деп табылды. Президенттин кайрылуусунда төрт жылда тандалган 290 судьянын бири дагы паракорчулук менен көзгө чалдыкпаганы чоң сыймык катары көрсөтүлгөн. “Бул сотторду тандоо ишинин тууралыгын күбөлөндүрөт” деп айтылат кайрылууда.

Фемиданын кээ бир кызматкерлери адилетсиз чечим чыгарганы коомчулукту удургутуп, адамдарды кабатыр кылууда. Ошондуктан судьялардын татыксыз жүрүш-турушун так аныктап, баа берген механизмдер иштелип чыгышы керек.

Бирок президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов сот реформасындагы жылыштарга карабастан соттордун ишине элдин баасы начар экенин моюнга алууга туура келерин окуп берди:

- Биз сотко талапкерлерди кылдаттык менен тандай баштадык. Сот адилеттигине баш ийбегендердин артыкчылыктуу кастасын жойдук. Бирок соттордун ишине элдин берген баасы азырынча начар экенин моюнга алууга туура келет. Соттордун таза жана акыйкат иштеши мурдагыдай эле эң курч маселе бойдон калууда. Фемиданын кээ бир кызматкерлери адилетсиз чечим чыгарганы коомчулукту удургутуп, адамдарды кабатыр кылууда. Ошондуктан судьялардын татыксыз жүрүш-турушун так аныктап, баа берген механизмдер иштелип чыгышы керек.

Жоопкерчилиги каралып, каралбаган соттор

Ушул күнгө карата 447 судьядан турган соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгү жаңыланганы белгиленди. Ошол эле учурда төрт жыл аралыгында пара талап кылуу жана соттун жүрүм-турумуна туура келбеген аракеттери үчүн 22 судьяга кылмыш иши козголгону айтылды. Бирок алардын ичинен канчасы сот жообуна тартылганы туурасында маалымат айтылган жок.

Соттор кеңешинин төрагасы Дастанбай Айжигитов кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү боюнча прокуратура органдарынан түшкөн сунуштамалар тууралуу маалымат берди:

- 2011-жылы сот жообуна тартууга макулдук берүүгө төрт сунуштама түштү. Анын ичинен үчөөнө макулдук берилген. 2012-жылы 12 сунуштама түшкөн, анын алтооcуна макулдук берилди. 2013-жылы 12 сунуштама түшүп, анын бирөө боюнча макулдук берилип, калган он бир сунуштамага баш тартылган. Анын ичинен бир сунуштама боюнча эскертүү берилип, калган төртөө боюнча мөөнөтүнөн мурун кызматтан бошотуу жазасы каралган. 2014-жылы сегиз сунуштама түшүп, алты сунуштамага макулдук берилди. 2015-жылы дагы сегиз сунуштама түшүп, алты сунуштамага макулдук берилген.

Парламенттин сот-укуктук иштерди караган комитет төрайымы Галина Скрипкина жарандардын сотко ишеними төмөн бойдон калып жатканын белгиледи. Акчага сатылбаган, мыйзамды гана жетекчиликке алган соттор курамын түзүүдө көйгөй толтура экенин айткан депутат Галина Скрипкина өткөн жылдын статистикасынын мисалында соттордун үстүнөн арыз-даттануулардын агымы азайбай жатканын айтты:

- Өткөн жылы эле 370ке чукул арыз кат түшкөн. Тилекке каршы, анын ичинен 340 арыз соттордун аракетине байланыштуу болду. Бул соттор чыгарган чечимдердин мыйзамдуулугуна карата. Бул олуттуу жагдай бизди бир топ кооптондурат. Көпчүлүк учурда тараптар соттор чыгарган чечимдердин жетишерлик деңгээлде ынандырарлык жүйөлөр менен бекемделбегенине, түшүнүксүздүгүнө жана негиздүү эместигине нааразылыгын айтышкан. Ошондуктан мында сотторду тандоонун сапаты өтө курч маселе болуп турат.

Каржынын жетишсиздиги

Ошондуктан сот жараянын ачык атаандаштыкта өткөрүп, акыйкат чечимдерди чыгарууга өбөлгө түзгөн мыйзамдар топтому иштелип чыкканы белгиленди. Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн каржылоону көбөйтүү зарылдыгын кайталады:

Айнаш Токбаева

Айнаш Токбаева

- Бюджеттин чыгымдалуучу бөлүгүнөн эң эле кеминде 20 пайыздык үлүш менен камсыздоого жетишсек, сот адилеттигин ишке ашырууда дуушар болуп жаткан тоскоолдуктарды жөнгө салууга болот эле. Анан дагы соттордун көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыздоого болот.

Бирок жарандык коом өкүлдөрү соттордун тазалыгын камсыздоо үчүн каржыны көбөйтүү аздык кыларын айтып келишет. Укук коргоочулар сотторду тандоодо татыксыз жана колу таза эмес талапкерлердин судьялыкка өтүп жатышын системанын өксүгү катары карашууда. Курултайдын соңунда соттор кеңешинин курамы жаңыланып, резервдик талапкерлердин тизмеси бекитилди. Беш жылда бир жолу өтчү бул курултайга жалпы сот тутумунун төрт жүзгө чукул өкүлү катышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG