Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Сулайманов: Текебаевди кармоо ашыкча болуп калды


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Бул тууралуу парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, Өмүрбек Текебаев өзүнө кылмыш иши козголгонун билип туруп келгенден кийин камакка алуу менен укук коргоо органдары аша чаап кетти:

- Менин оюмча, баарын билип туруп көрсөтмө берүү үчүн келе жатканда камап койгон ашыкча болуп калды. Эгер чыгып баратканда ушундай жүйө менен кармаса, башка кеп эле. Биз кезексиз жыйын боюнча сүйлөштүк. Акыркы чечимди төрага кабыл алышы керек. Жыйын өтө турган болсо, биз катышабыз.

Сулайманов кошумчалагандай, кезексиз жыйынга чогулуу боюнча "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары өз чечимдерин спикерге берген. Эми ошого жараша чечим кабыл алынат.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренесинин негизине Башкы прокуратура иш козгоп, аны УКМК тергеп жатат. Кылмыш ишинин ачылганын "атайын уюштурулган" деп сыпаттаган депутатты коопсуздук комитет 26-февралда таңга жуук Стамбул-Бишкек аба каттамы менен келген учурда камакка алган. Анын баш коргоо чарасын Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн аныктоого тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG