Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Талдоочулар Кыргызстанда быйыл күздө өтчү парламенттик шайлоодо ислам фактору колдонуларын, бирок таасири анча чоң болбосун айтышууда.

21-апрелде Бишкекте Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунда келерки шайлоодогу ислам факторунун ролун талдаган жыйын өттү. Анда талдоочулар шайлоо өңдүү саясий процесстерде исламдын таасири күчөп, андан саясатчылар упай топтоп, добуш алуу үчүн диний ураандарга ыкташы ыктымалдыгын эскертишти.

Демократия ураандарын ислам алмаштырабы?

Кыргызстанда 90-жылдары 40ка жетпеген мечит бар болсо, ушул тушта алардын саны 2,5 миңге чамалап калды. Эксперттердин пикиринде, бүгүнкү күндө дин жөн гана ишеним болуудан калды, ал саясий процесстердин ажырагыс бөлүгүнө айланды.

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун регионалдык деректири Абахон Султоназаровдун баамында, барган сайын диний фактордун таасири дагы көбөймөкчү:

- 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо айрым ислам аалымдарынын саясатка аралашкан учурлары болгон. Кээ бир саясатчылар максатына жетүү үчүн динди, анын ичинде исламды колдонууга аракет кылган. Ушул тушта бир топ партиялар идея жактан жардыланып калды. Башкача айтканда, алардын баары эле демократиялык, социалдык платформага таянышат да. Менимче, келерки шайлоолордо исламдын ураандарын көтөрүп чыгуу актуалдуу болот. Өлкөдөгү ар кандай күчтөрдүн калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн мусулмандарга саясаттын объектиси катары кызыгуусу күчөй баштайт. Башкача айтканда, булар даяр шайлоочулар. Аларды тартуу үчүн ураан-чакырык издөө оор деле эмес.

Кадыр Маликов

Кадыр Маликов

Мындай пикирге “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов да кошулат. Маликов дин менен саясаттын алака-катышындагы опурталуу жагдайларга токтолду. Анын пикиринде, бийликтин ишенимден кетиши, социалдык кризис коомдун радикалдашуусуна, аны менен катары динге негизделген саясий талаптардын күчөшүнө алып келиши мүмкүн:

- Бийлик институттарына болгон ишенимдин жоголушу өтө опурталдуу жагдай. Эки жолу бийлик күч менен алмашты. Биз азыр да каатчылыктан чыга элекпиз. Бул светтик мүнөздөгү саясий күчтөргө байланышкан эле кризис эмес. Мусулман жамааттардын арасында да ушундай көрүнүш бар. Тактап айтканда, таасирлүү ислам интеллигенттери, ислам ойчулдары жок. Мусулмандардын жамааттарга бөлүнүп кетиши опурталдуу. Бул радикалдашууга жол ачат. Алар саясий талап менен, мисалы ислам өлкөсүн куруу талабы менен чыгышы ыктымал. Эмнеге биздин жарандар Сирияга кетип жатат? Акча табыш үчүнбү? Жок. Алар өлкөдөгү бийликтен көңүлү калып, жаңы ислам өлкөсүн, жаңы бийликтин үлгүсүн курууга катышуу үчүн кетип жатат.

Европа басып өткөн жол

Президенттик аппараттын эксперти Санжар Тажыматов динге байланышкан кооптуу жагдайлар бар экенин танбайт. Бирок шайлоо өңдүү саясий процесстерге аралашпайт деп айтууда:

Санжар Тажыматов

Санжар Тажыматов

- Диний фактор азыраак болушу мүмкүн, бирок чечүүчү роль ойнобойт. Экинчиден, коопсуздук боюнча маселе бар. Деструктивдүү ой менен жашаган аз сандагы адамдар чоң-чоң терракттарды уюштурушу мүмкүн. Коопсуздукту караган күч органдары ушуга көңүл бурушу керек. Диндин саясатка аралашуусуна Конституцияда тыюу салынган. Бул жерде “светтик” деген түшүнүктүн айланасында сөз болуп жатат. Бул жерде адам тигил же бул динге ишенүүгө укугу бар. Эгер ал мамлекеттик жооптуу кызматта иштей турган болсо, чечим чыгарууда тигил же бул диндин өкүлү катары эмес, мамлекеттик кызматкер катары гана чечим кабыл алышы керек. Башка убактарда ал диний ишенимге укугу бар.

Коомдук ишмер, профессор Зайнидин Курманов да саясий процесстерде ислам фактору көп колдоно баштады деп эсептейт. Бирок бул жолку шайлоодо мурункудай эле тууганчылык, жердешчилик жана уруучулук деген көрүнүштөр басымдуулук кылмакчы:

Зайнидин Курманов

Зайнидин Курманов

- Шайлоодо диний идеология пайдаланылат. Диний баалуулуктарды алып чыгууга аракеттенишет. Бирок диний идентификация азырынча жакшы быша элек. Кыргыз эли партияларды тандаганда мурункудай эле жердешчилик жана тууганчылык деген идеяга басым жасайт. Кыргыздар бул идеялардан арыла элек. Муну жоюу үчүн убакыт жана тарбия керек. Бирок Европа деле мурун ушундай болчу. Азыр эми улуту же дини маанилүү эместигин, эң башкысы күчтүү кесипкөй адистер келиши керектигин түшүнүшкөн. Ушундай жолду тандашкан.

Кыргызстанда динге негизделген саясий партия түзүүгө мыйзам жол бербейт. Ошол эле кезде президент баш болгон мамлекеттик жетекчилер, аттуу-баштуу саясатчылар динге көз карашы түз экенин, жума же айт намаздарга барышарын айтып келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG