Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

"Республика" коалицияга кирүүдөн баш тартты


Азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны, "Республика" фракциясынын мүчөлөрү, 10-ноябрь, 2010-жыл
Азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны, "Республика" фракциясынын мүчөлөрү, 10-ноябрь, 2010-жыл

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы башкаруучу коалицияга кирүүгө мурда жазган жолдомосун кайра чакыртып алды.

Муну фракция азыркы өкмөт менен бирге иштей албасы менен түшүндүрүп, жакында аткаруу бийлигинин отставкасын талап кыларын жарыялады.

Ошол эле кезде башкаруучу коалициядагы “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев азыркы өкмөттүн тазалыгынан шек саноодон мурун, “республикачылар” өздөрүнүн арасындагы жоопко тартыла турган депутаттардын кол тийбестигин алууга макулдук берүүгө тийиш деп билдирди.

Баш тартуунун себеби

“Республика” фракциясы башкаруучу коалицияга кирбей турганын билдирген расмий кайрылууда азыркы өкмөт менен кызматташуунун негизсиздиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле өкмөт башчысы Сатыбалдиевдин премьер-министр болгонго чейинки жана андан мурунку ишмердигин иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча “республикачылардын” бир топ дооматтары бар экени айтылган.

​“Республика” фракциясынан депутат Абдыжапар Бекматов алар башкаруучу коалицияга кирүүгө тоскоол болгон жагдайлар тууралуу буларды айтты:

- Биз азыр башкаруучу коалицияга кирип алсак, эртең эле өкмөттүн отчету жана дирекциянын коррупциялык ишмердиги боюнча маселе каралганда премьер-министрге каршы чыксак, моралдык жактан туура болбой калчудай. Ошондуктан биз күтө туруп, өкмөттүн иши карала баштаганда, биз аны кызматтан кетирүү маселесин сөзсүз козгойбуз. Премьер-министр кызматтан кетсе, ал өкмөттүн толук курамынын тарашына алып келет. Биз мына ошондон кийин гана башкаруучу коалицияга кирүү маселесин көтөрөбүз.

Мындан алты ай мурун “Республика” фракциясы парламенттеги башкаруучу коалициянын курамына кирүү ниетин билдирип, кайрылуу жасаган. Бирок анын коалицияга кирүүсүнүн шарттары боюнча маселе чечилбей, сүйлөшүүлөр узакка созулуп кеткен болчу.
Башкаруучу коалицияга кирген фракция жетекчилери келишимге кол коюуда
Башкаруучу коалицияга кирген фракция жетекчилери келишимге кол коюуда

Текебаев: өздөрү таза болсо...

Аталган сүйлөшүүлөрдө башкаруучу коалицияга кирүү үчүн “Республика” фракциясына анын курамындагы айрым кылмыш иши бар депутаттардын кол тийбестигин алууга макулдук берүү шарты коюлган.

​“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “республикачылар” мындай шартты аткаруудан баш тартып, бирок ошол эле кезде азыркы өкмөттүн тазалыгы боюнча маселе көтөрүүгө моралдык акысы жок деп эсептейт:

- Башкаруучу коалицияга кирүүдөн баш тартуу тууралуу катта “биз коррупцияга тиешеси бар деп коомдук пикир калыптанган азыркы өкмөт башчысы менен иштеше албайбыз” деп жазылган. Бул жерде кызматтык тазалык туурасында сөз козгогон “республикачылар” биринчи кезекте өздөрүнүн катарындагы кылмыш иши бар депутаттар тууралуу ойлошсо жакшы болмок. Биз мына ошол депутаттардын кол тийбестигин алууга макулдук бергиле десек, жооп беришкен жок. Анан эми азыр “Республика” бытырап, бир канчага бөлүнүп кетти. Бул да фракцияда канча адам калды деген суроону пайда кылды.

“Республикада” кимдер калды?

Азыркы учурда “Республика” фракциясында үч депутаттык топ пайда болгон. Анын бири Алтынбек Сулайманов баштаган “Бир бол” тобу фракциянын курамында калып, бирок калган экөө “Республика” фракциясынын курамынан чыгып кеткен. Башында “Республика” фракциясында жыйырма үч депутат бар болчу. Учурда анын сегизи фракциядан чыгып, анын курамы он беш депутатка азайган.

Бул жерде кызматтык тазалык туурасында сөз козгогон “республикачылар” биринчи кезекте өздөрүнүн катарындагы кылмыш иши бар депутаттар тууралуу ойлошсо жакшы болмок.
“Республика” фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев башкаруучу коалицияга кирүүдө коюлган шарт боюнча Текебаевдин айтканын жокко чыгарды:

- Бизге андай шарт коюлган эмес. Бул жөн эле курулай билдирүү. Биз башынан баштап эле “ууру колу менен жасаганын мойну менен тартышы керек” деген принципти карманып келатабыз. Анан эми депутат Алтынбек Сулайманов “Бир бол” деп топ түзгөн менен, биздин фракцияда ушул чакырылыштын аягына чейин кала бере турганын айткан. Ал эми Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаев эки-үчтөн депутатты ээрчитип өздөрүнчө кеткени чын. Бул жагдай фракция чачырап кетти дегенди түшүндүрбөйт.

Жакында өкмөт парламентте жылдык отчетун берет. Андан соң Жогорку Кеңеш Сатыбалдиев өкмөт башчысы болгонго чейин жетектеген Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык топтун корутундусун талкуулайт. Мындан сырткары “Кумтөр” маселеси да декабрь айынын күн тартибине киргизилген. Мына бул иштердин жыйынтыгы боюнча “Республика” фракциясы өкмөттү кетирүү демилгесин көтөрүүгө ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG