Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Жалал-Абад: Бийлик талашты делгендер соттолду

  • Ырысбай Абдыраимов

Облустук акимчиликке кирип баргандар, ортодо "элдик губернатор" Медер Үсөнов. Жалал-Абад, 31-май, 2013.

Облустук акимчиликке кирип баргандар, ортодо "элдик губернатор" Медер Үсөнов. Жалал-Абад, 31-май, 2013.

Жалал-Абад облсоту “облустук бийликти басып алды” деп айыпталган “Ата-Журт” партиясынын төрт тарапкеринин ишин карап, аларга шарттуу жаза берген шаардык соттун өкүмүн негизинен өзгөрткөн жок.

Мурда шаардык сот айыпталган эки адамды төрт жылга, дагы экөөсүн алты жылга шарттуу эркинен ажыратса, эми алардын бирөө беш жылга шарттуу эркинен ажырап, калгандарынын мөөнөттөрү ошол бойдон калды.

31-майда Жалал-Абадда митингге чыккандар облустук администрациянын имаратын басып алып, өздөрүнө губернатор шайлап алганын жарыялашкан эле. Кийин бул иш боюнча козголгон ишти караган шаардык сот 6-ноябрда жогорудагыдай өкүм чыгарган.

Буга макул болбогон прокуратура бийликти басып алган кишилерге тергөөчүлөр койгон беренелер өзгөртүлүп, сот “массалык баш аламандыкка катышкан” жана “зөөкүрдүк” деген 233-234–беренелер менен жеңил жаза чектеди деген негизде облустук сотко кайрылган. Бул ишти Жалал-Абад облустук соту 13-декабрда карады.
Жалал-Абаддагы митинг, 31-май, 2013.

Жалал-Абаддагы митинг, 31-май, 2013.


Прокуратура соттолуучулардын бийликти басып алуу фактысы тергөөдө далилденген деп эсептейт. Мамлекеттик айыптоону колдоочу Белек Мамытбаев Кылмыш кодексинин 295 жана 297-беренелерине ылайык, айыпталуучулар он жылдан ашык эркинен ажырашы керек болчу дейт:

- Эмне максатта Камаз менен таш жүктөп келгенин күбө Темиров айтып берди. Күйүүчү майлар атайын даярдалган. Күч колдонуу менен облустук администрацияга киргени факт болуп турат. Киргенден кийин Координациялык кеңеш түзүшүп, укук коргоо уюмдарына кайрылуу жасоосу – бийликке каршы жасаган аракет болуп эсептелет. Видеотасмада чакырык жасалып атат. Иш материалдарында бийликти басып алууга чакырык болгондугу далилденип атат.

Соттолуучулар буга макул болбой, соттон өздөрүн актоону өтүнүштү. Алардын айтымында, “Ата-Журт” партиясынын камактагы үч депутатын бошотуу талабын бийликке угузуу үчүн митингчилер 31-майда областтык администрациянын имаратына кирүүгө мажбур болгон.

Ошол учурда “элдик губернатор” болуп шайланган Медер Үсөнов бийликти басып алуу ою болбогонун, “элдик губернаторлукка” митингчилер шайлаган соң акимчиликтен 10 мүнөттөн кийин чыгып кеткенин, эртеси үйүнөн аны коопсуздук кызматкерлери кармап, Бишкекке алып кеткенин айтат:
Облустук акимчиликке кирип, отуруп алган аялдар. Жалал-Абад, 31-май.

Облустук акимчиликке кирип, отуруп алган аялдар. Жалал-Абад, 31-май.


- Координациялык кеңештин юридикалык күчү жок. Менин айтканыма кирип, ИИБ менен прокуратура биз менен иштеп калганда, юридикалык күчү болмок. Камаз менен күйүүчү майларды көргөн да, билген да эмесмин. Администрациянын кызматкерлеринин бирине да кысым көрсөтүлгөн эмес.

Сотто өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов 31-майда өзү ички иштер башкармасында, кызматкерлери обулустук башка имаратта иштөөгө аргасыз болгонун, күбө Маданбек Качкыналиев өкүлчүлүк 164 миң сом зыян тартканын айтты.

Натыйжада облсот шаардык соттун чечимин өзгөртүп, прокуратуранын доосун жарым-жартылай канааттандырды. Судья Абдималик Абдулакимов окуган өкүм менен төрт соттолуучу тең айыптуу деп табылды. Алардын экөөсүнө алты жылдан, бирине беш жыл жана дагы бирине төрт жыл шарттуу үч жылдык сыноо мөөнөтү менен жаза берилди.

Соттолуучулардын адвокаты Турат Сулайманов бул өкүмгө макул эмес. Анын оюнда, 31-майда коопсуздукту сактаган беш жүздөй милициянын эки жүздөй кишини облбийликке киргизбей коюуга мүмкүнчүлүгү бар эле:
Бишкек-Ош жолун бууп алгандар, Жалал-Абад, 4-июнь, 2013.

Бишкек-Ош жолун бууп алгандар, Жалал-Абад, 4-июнь, 2013.


- Митинг жети-сегиз ай болду. Алар элдин көйгөйүн бийликке угузуу үчүн чыккан, бул алардын конституциялык укугу. Жалал-Абад обладминистрациясы жабык жай эмес. Төрт соттолуучунун күнөөсү бир да далилденген жок. Сыргабаев ал жерде болгон эмес. Видеодо көрүнүп тургандай, Медер элди тынчтандырып жүргөн. Токторбаев микрофондо сүйлөгөнү үчүн күнөөлүү эмес. Шайыр Ташиевдин айыбы – анын фамилиясында, камактагы бир тууган агасына күйгөндүгү үчүн митингге чыккан. Митингге чыгуу айып эмес, ал ар бир жарандын укугу.

Соттолуучулар да соттун чечими менен макул болушкан жок.

Жалал-Абад шаарында 31-майда “Ата-Журттун” камактагы үч депутатын бошотуу талабы менен митингге чыккан 200 чакты адам облустук бийликтин имаратына кирип барып, арасындагы Медер Үсөновду “элдик губернатор” деп жарыялап жиберишкен. Кийин аны УКМК кызматкерлери кармап кеткен соң Үсөновдун тарапкерлери 2-июндун кечинен тарта Бишкек-Ош жолун бууп алышкан. Тосулган жол Медер Үсөнов бошотулгандан кийин, 5-июнда гана ачылган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG