Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Мамытов: Мени “наркобарон” да, “шпион” да кылышты


Токон Мамытов "Азаттыктын" студиясында.

Токон Мамытов "Азаттыктын" студиясында.

Коопсуздук иштери боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Эгемен Кыргызстанды башкарган үч президенттин тушунда тең коопсуздук иштери боюнча мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген, "Ар-намыс" фракциясынан депутат Токон Мамытов акыркы жылы кызматтан кызматка тездик менен көтөрүлгөн жана кызматынан күтүүсүз кеткен кадрлардын бири болду. Өкмөттүн жаңы курамына кирбей калган экс-вице-премьер министр менен "Азаттык" эркин маек курду.

Чек ара маселеси нукка түшүп калды эле...


- Токон мырза, “Азаттыктын” студиясына бул ирет эркин адам катары келип интервью берип жатасыз. Иш ордуңузду, иш кагаздарыңызды кесиптешиңизге – жаңы вицеге толук өткөрүп берип бүтсөңүз керек...

- Фракциянын чечимин алып келип, сиз жөнүндө сөз да болгон жок дегенден кийин эле сейфтин ачкычын үстөлдүн үстүнө коюп, папкам менен калемсабымды алып, кабинеттен чыгып кеткем.
Кошуна мамлекеттер менен талаш-тартыш жерлерди тактап, документтерин издеп, Москвага да атайын топ жиберилген. Ал жактагы архивден карта-кагаздарды издетип, бир тобун алып келгенбиз...


- Сиз алып келаткан иштерди улантуу жагы кандай болот анда? Же пикир алмашуулар болуп турабы?

- Эгерде тигил-бул кагаздар кайда, бул же тиги чек ара тилкеси боюнча позиция кандай эле, мунун артында эмне турат деген өңдүү суроолор менен кайрылышса, албетте, керегим бар экен деп айтып берем.

- Азырынча кайрылуу боло элек?

- Эч ким кайрыла элек. Бирок бир нерсени айтып коёюн. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атканда айрым журналисттер, депутаттар, серепчилер кыргыз тараптан өкүлдөр позициясы, документтери жок, даярданбай барып эле чай ичип кайра келип атышат деп сындап атышпадыбы.

Июнь айында мен кызматка дайындалгандан кийин чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын иши кайра жандандырылып, жети-сегиз отурумун өткөрүп ийдик. Эл муну көп деле билген жок. Коомчулукка ашыкча жарыялабай туруп эле атайын топ түзгөнбүз. Курамына өкмөт аппаратынан, тышкы иштер министрлигинен, укук коргоо органдарынан кирген. Кошуна мамлекеттер менен талаш-тартыш жерлерди тактап, документтерин издеп, Москвага да атайын топ жиберилген. Ал жактагы архивден карта-кагаздарды издетип, бир тобун алып келдик.

Азыр Өзбекстан менен такталбай турган 61 участок бар. Ушул багытта маселени чечүүнү көздөй кадамдарды, позицияларды тактадык. Тажикстан менен 47 тилкеге жакын ушундай участоктор бар. Азыр эми ушул эки мамлекет менен жалпысынан жүздөн ашык участокту тактоо керек болуп атат. Алардын ар бир тилкеси 10 метрден 40 чакырымга чейин кетет.

Булардан тышкары дагы көп жылдан бери чечилбей келаткан суу сактагыч, канал, жол, көпүрө, жайыт сыяктуу толгон объектилер бар. Ушул багытта да документтерди издедик. Мамлекеттик мүлк фонду боюнча да комиссия түздүк. Ошондуктан бүгүн иш токтоп калат деп айта албайм. Анткени жол картасын түзүп, баарын бир нукка салып койдук.

Фракция башчысы виценин эсебин тапканда



- Иш жакшы нукта баратса, анда эмнеге сизди кызматка кайра коюшкан жок?

- Бул эми фракциянын чечимине жараша болду. Ич-ара мамилелерден болду.

- Сиздин “Ар намыс” фракциясы менен мамилеңиз жок беле?

- Жок деп айта албайм. Бирок фракциянын жетекчиси менен (Феликс Кулов - ред.) өзүңөр билесиңер, эки жыл мурда он төрт депутат фракциядан бөлүнүп кетпедик беле, ошонун анча-мынча кесепети да бар да.

- Сизди чек ара кызматынын башчылыгына президент тандап жиберсе керек эле.

- Ооба. Мекеме президенттин карамагында болгондуктан, өзү сунуштаган.

- Кийин вицеликке келишиңизге фракциянын тиешеси болдубу?

- Вицелик мурда КСДПнын карамагында болчу. Мурда дайындалган Шамил Атаханов 2013-жылы арыз жазып кетип калбады беле...

- Батукаев чырына байланыштуу...

- Мен Ысык-Көлдө губернатор болуп турганда ал орунду мага сунушташкан.

- Сиздин көз карашыңыз “Ар-намыска” караганда КСДПга жакыныраак болгону эске алынса керек?

- Андан деле эмес го. Себеби, мени менен президент, премьер-министр сүйлөшкөндө экөө тең саясий көз караш жөнүндө такыр сөз кылышкан жок.


Үч президентке жаккан “өрт өчүргүч”



- Негизи сизди бардык бийликтер менен иштешип келатат, бийлик башындагылар менен эч качан мамилесин бузгусу келбейт дешет. Өзүңүз кандай ойдосуз, ушу үч бийликтин тушунда тең маанилүү жумуштарда узак иштешиңизге эмне түрткү болду?

- Үч президент менен тең эле иштешип келдим. Бирок буга чейин мен беш жолу кызматтан алынганымды унутпагыла да. Экинчиден, саясатта ушундай түшүнүк бар, падышабы, президентпи, өкмөт башчыбы, айтор бийлик башындагы адамдын (айрыкча эки президентти көрүп калбадыкпы) биринчи, эң жакын чөйрөсүндө таяке-жээн, куда-сөөк, классташтары болот. Экинчи катарда өң тааныштары, шеринелештери, илгертен тааныгандары турат. Анан үчүнчү катарда жалаң адистер болот. Мен ошол үчүнчү топко кирип жүрдүм го деп ойлойм. Себеби, мени кызматтан алып коюп эле эки-үч айдан кийин кайра коюп атты. Болбосо мен өзүм көлдүк катаганмын. Көрө албагандар “наркобарон” да, “шпион” да кылып көрүштү. Айла кеткенде бирөөлөр жакында бул кыргыз эмес, калмак деп жазышыптыр.

- Ысык-Көлгө өкмөттүн өкүлү болуп турганда алдыга жылдырчу иш жасай алдыңызбы? Себеби сиз кеткенден кийин деле Саруу тынчыган жок.

- Бир айда Ысык-Көлдү жыргатып ийдим деп айта албайм. Президент менен премьер саясий кырдаал курчуп кетпесин, коомдук тартипти турукташтырып бериңиз дешкен. Ошон үчүн колдон келишинче жергиликтүү бийликтин ишин жандандырганга аракет кылдым. Себеби, ызы-чуунун баары кадр маселесинен чыкты. Ошол, мисалы, айыл өкмөтүнүн, райондун, жок эле дегенде губернатордун орун басарынын деңгээлинде чечилчү маселе экен. Жумуштун көзүн билбегендиктен ушундай болду.

- Сизди “өрт өчүргүч” деп көп айтышат. Себеби кыска мөөнөттө эле сиз чек ара кызматына, өкмөттүн облустагы өкүлүнө дайындалып, анан вицеликке жүрүш жасадыңыз. Мамлекеттин кадр саясаты эмне үчүн аксап атат? Бир учурда бир эле кишиге көп жумуш жүктөлөт, бир учурда ошол эле адам ишсиз калат.
Бийлик башындагы адамдын эң жакын чөйрөсүндө таяке-жээн, куда-сөөк, классташтары болот. Экинчи катарда өң тааныштары, шеринелештери, илгертен тааныгандары турат. Анан үчүнчү катарда жалаң адистер болот. Мен ошол үчүнчү топко кирип жүрдүм го деп ойлойм...


- Чынында эгемен жашаган 23 жылда кадр маселесинде чоң ката кетиргенбиз. Биринчи президенттин убагында XXI кылымдын кадрлары, “Манас” деген чоң программа түзүп, эл үчүн иштесин деп 500 улан-кызды чогултуп, эки жакта окуттук, бирок аягына чыкпай калдык. Экинчиден, окугандын баары мамлекеттик кызматкерлердин балдары болуп калышты.

- Эми кимден кеп кетип атат?

- Бийликтен, бизден кетип атат да. Экинчи президент деле 500 кадр даярдайбыз деп баштап, чала таштап койду. Эми дагы көтөрүлүп атыптыр. Кечээ теледен көрүп калдым. Билим берүү концепциясы кабыл алынып аткан турбайбы. Ушул жолу чечилип калабы же мурдагыдай эле чала бышкан долбоорлорду алып келип коёбу деп чочулап турам.

- Сиз албетте, мамлекеттик кызматкерсиз. Мындан ары эмне иш кыласыз, сунуштар болуп атабы?

- Түз сурап калдыңыз, ачык эле айтайын. Мурдагы президенттер иштен алган маалда чет өлкөдө, региондо иш сапарда же отпускада жүрүп билип калган учурлар болчу. Бул жолу андай болгон жок. Маселени фракция чечип атканда да, чечилип калгандан кийин да президент эки жолу кабыл алып, жагдайды түшүндүрдү. Сүйлөшкөн сөздү толук айтпай коё турайын. Азыр болсо бир айлык отпускадамын.

- Башкача айтканда мендей кадрлар жерде калбайт деген ишенимде турасыз?

- Антип айтпайм. Бирок мен азыркы мамлекеттик жетекчилер кадрларга аяр мамиле жасай баштаптыр деген ойдо калдым.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG