Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Депутат кезинде парламентте айткан сөзү үчүн Ирина Карамушкина сот аркылуу акчалай айыпка жыгылды. Ушундай эле негиз менен учурда бир нече экс-депутат айым соттошуп жүрөт.

Жогорку Кеңештин трибунасынан айтылган сөзү үчүн депутаттарды соттоо парламент мүчөлөрүнүн ишмердигин аксатат деген пикирлер айтылууда.

Трибунадан сүйлөгөн сөзү үчүн депутат жооп береби?

Сот чыгарган чечимге ылайык, экс-депутат Ирина Карамушкина Өмүрбек Бабановдун пайдасына 250 миң сом төлөп бермей болду. Буга Карамушкинанын парламентте депутат болуп турган кезде Адина Турдубаева аттуу жарандын курулуш бизнесин ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов тартып алганын айткан сөзү негиз берген.

Экс-депутат айым парламенттин трибунасынан өзүнүн атынан эмес, ошол кезде түрмөдө жаткан аялдын атынан сүйлөгөнүн, анын коомчулукка жеткириңиз деген аманатын аткарып айтканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ирина Карамушкина 2015-жылы 17-июнда парламентте сүйлөгөн учурунда да соттолуп, камакта жаткан аялдын атынан айтып жатканын белгилеген сөзү Жогорку Кеңештин стенограммасында бар экенин бекемдейт:

- Мен парламентте сүйлөгөн учурда, мага кайрылган жарандардан кат жүзүндөгү кайрылуусуна же башка фактыларга негизделген материалдарга таянып гана сүйлөчүмүн. Бул жолу да так ошондой болгон, мен парламентте айткан сөздөрдү соттолгон аял да кийин Башкы прокуратуранын тергөөчүсүнө бекемдеп берген. Мен анын Бабанов тууралуу эмнеге антип айтканын билбейм, муну Башкы прокуратура териштирсин. Бирок бул окуя менен ушундай бир кырдаал түзүлдү, эми депутаттар кайсы бир көйгөй боюнча парламентте маселе көтөрө алабы? Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү үчүн кийин сот жообуна тартылууну кайсы депутат кааласын?

Ирина Карамушкина ошондой эле 4-5-чакырылыштагы парламентте депутат болуп турган учурда бакиевчилерди “баш кесерлер” деп далай жолу сүйлөгөнүн, бирок ал үчүн жоопкерчиликтен Баш мыйзам коргоп келгенин белгилеген.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары парламент трибунасынан сүйлөгөн сөзү үчүн жооп бербейт. Бирок 5-чакырылыштагы депутаттар бул мыйзамга өзгөртүү киргизип, адамдын ар-намысына, беделине шек келтирген сөз айтса, ал үчүн жаза тартууга тийиш деп кабыл алышкан. Көп өтпөй депутаттык мандаты бар туруп, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ширин Айтматова фармацевтикалык “Ротафарм” компаниясынын доосу менен сот жоопкерчилигине тартылган.

Парламент трибунасында сүйлөгөн сөзү үчүн депутат жооп бербестигин “Ата Мекен” партиясынын мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” билдирди:

- Баш мыйзам боюнча депутат парламентте айткан сөзүнө жооп бербейт. Анткени ал шайлоочуларынын, элдин таламын талашып, укугун коргоп, кайсы бир маселени көтөрөт. Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрүн сындайт. Депутаттарга мындай айтпай, андай айт деген талап-эреже жок.

Депутаттардын чиеленишкен сот иштери

Асия Сасыкбаева өзү да Жогорку Кеңеште жасаган билдирүүсү үчүн учурда соттошуп жүрөт. Аны өзү менен чогуу эле 5-чакырылышта депутат болгон Жылдызкан Жолдошева сотко берген. Сасыкбаева Жылдызкан Жолдошева негиздеген “Курманжан датка” фондуна мамлекеттик бюджеттен 48,5 млн. сом каражат берилгенин айтып чыккан:

- Мурунку бийлик фондго тиешелүү имараттарды курган компанияга акча которуп берген. Мен ошону айтканым үчүн сотко берген. Акча фонддун так өзүнө берилбесе да, жеке компания аркылуу фондго жумшалган. Бул боюнча 20 чакты депутат Башкы прокуратурага жазылган катка кол коюп беришкен.

Асия Сасыкбаева менен Жылдызкан Жолдошеванын соттук териштирүүсү аягына чыга элек. Биринчи Май райондук соту, андан кийин Бишкек шаар соту Жылдызкан Жолдошеванын пайдасына чыгарган чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү Жогорку Сотко жолдонгон.

Сасыкбаеваны сотко берген Жылдызкан Жолдошева депутаттар парламент трибунасынан айткан сөзү үчүн мандатын, ага кошуп кол тийбестигин өткөрүп берген соң жооп бербейт деп жазылып турганы менен, кишинин ар-намысына шек келтиргени үчүн жооп берүүгө тийиш деген пикирде:

- Башмыйзамда депутаттын сөзү кайсы бир адамдын ар-намысына тийсе, аны коргой алат деп жазылып калган. Мисалы, менин деле айрым кесиптештерим “Курманжан датка” фондуна байланыштырып, мага жалаа жабышкан. Мен Асия Сасыкбаеваны сотко берип, эки инстанциядан утуп алдым. Ошондуктан эгерде адамдын абийирине, ар-намысына негизси шек келтирилсе, президент болсо да, өзүнүн намысын коргоого тийиш.

Жылдызкан Жолдошеванын бул соттук териштирүүдөн тышкары “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен да соттук иши бар.

Өмүрбек Текебаев 2010-жылы июнь коогасы боюнча комиссиянын видео-отчетун сотко берип, жокко чыгарууну талап кылган. Жылдызкан Жолдошева аталган комиссиянын төрагасынын орун басары болуп, комиссиянын отчетун парламентке жана коомчулукка тааныштырган. Комиссиянын тыянагында Өмүрбек Текебаевдин маркум иниси Асылбек Текебаев мурдагы депутат Кадыржан Батыров менен чогуу Тейит айлында боз үйдү өрттөгөн деген маалымат бар болчу. Учурда бул соттук териштирүү да аягына чыга элек.

Соттошуу - парламентаризмди алсыратат

Ушундан улам коомчулукта депутаттардын парламентте айткан сөзү үчүн сот жообуна тартуу парламент институтун алсыздандырууга алып келет деген пикирлер жаралууда. Жарандык активист Рита Карасартова бул депутаттардын өзүндө цензураны пайда кылуусу ыктымалдыгын айтат:

- Менимче, бул парламентаризмди аксатат. Депутаттар кайсы бир курч маселени көтөрүп, ал тууралуу сүйлөрдөн мурун ойлонот. Ал ойлонуп отурганча, айтыла турган сөздүн маселенин учуру да, мааниси да кетип калуусу мүмкүн. Ошондуктан курч маселелер парламентте айтылбай, элдин көйгөйлөрү жеткирилбей кала берет да, парламент негизги миссиясынан тайып кетүүсү ыктымал.

Ал ортодо Социал-демократтар партиясынан 4-5-чакырылышта депутат болгон Ирина Карамушкина сот чечими менен макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга кайрылганын маалымдоодо.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG