Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Кыргызстандын азыркы акыйкатчысы беш айлык иши боюнча отчет берди. Укук коргоочулар Акыйкатчы институтун күчтөндүрүү багытында бир топ сунуштарды айтышууда.

Кубат Оторбаев Кыргызстандын акыйкатчысы болуп, 2015-жылы 30-декабрда шайланган. Анын парламенттеги шайлануусу учурунда добуш берүүнүн жашыруундугу сакталбай, мыйзам бузулду деген чуу менен соттук териштирүү да болгон.

Кубат Оторбаев 21-июнда өзүнүн беш ай ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Акыйкатчынын адам укугуна байланыштуу коомчулуктагы кээ бир жүйөлүү маселелер боюнча пикирин кескин билдирип, өзүнүн сунуштары менен чыгып жатканы кубаттоого алынууда. Мисалы, акыйкатчы Кубат Оторбаев парламент четке каккан нике мыйзамы боюнча мыйзам долбооруна кайрадан добуш берүүгө чакырып, кайрылуусун Жогорку Кеңешке жолдогон. Көп өтпөй бул мыйзамды кайрадан караган парламент аны кабыл алып берди.

Муну баса белгилеген укук коргоочу Динара Ошурахунова Акыйкатчы институту парламенттик көзөмөлдүн механизми катары депутаттар менен көбүрөөк иштешсе жакшы болот деп эсептейт:

- Эгерде акыйкатчы аркылуу коомчулуктагы адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөрдү жеткире алсак, чоң утуш болот. Биз деле кызматташууга даярбыз, адам укугу боюнча, мыйзам бийлиги боюнча анализдеп, иликтөөдө чогуу иш алып барууга даярбыз.

Ошол эле парламенттеги айрым депутаттар педофилдерге жазаны катаалдаштыруу талабы менен, жашы жетелек балдарга сексуалдык зомбулук кылгандарды өлүм жазасына тартууну сунуштап чыгышкан. Акыйкатчы болсо өлүм жазасын өмүр бою түрмөгө камоо менен алмаштырууну сунуштаган.

Кубат Оторбаев муну өлкөдөгү тергөө жана сот системасынын коррупциядан арыла албай жатканы менен байланыштырды:

- Биринчиден, бул Башмыйзамга каршы келет. Экинчиден, Кыргызстан адам укугу жаатында бир катар эл аралык конвенцияларга кол койгон. Үчүнчү, эң башкы себеби – бизде тергөө жана сот системасы коррупциялашкан. Ошонун арты менен бейкүнөө адамдар түрмөдө отурган учурлар көп, кыйноо жана сабоо менен кылбаган кылмышын кылды деп, түрмөгө отургузулган жарандар бар. Биздин институтка акыркы беш айдын ичинде 6400 жаран кайрылган. Анын ичинен 1720 жаран кат түрүндө кайрылган. Булардын көпчүлүгү күч түзүмдөрүндөгү кыйноолор боюнча арыз-даттануулар. Ушул тапта кыйноолор аныкталса да, тилекке каршы, сотко жетип, соттон тиешелүү жазасын алган учурлар аз. 2011-жылдан бери кыйноо фактысы менен козголгон 46 кылмыш иши аягына чыкпай, сотто жатат.

Акыйкатчы беш айда жасаган иштеринин ичинен балдар укугун коргоого багытталган иштерге басым жасалып жатканын белгиледи. Анын айтуусунда, балдарга карата түрдүү зордук-зомбулуктардын саны өсүүдө.

Кубат Оторбаевдин берген маалыматы боюнча, 2015-жылы мындай мазмундагы 1018 кылмыш иши катталса, анын ичинен 118 кылмыш иши сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулуктар. Акыйкатчы балдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүүнү талап кылып, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, мындай кылмыш кылган кишилерди өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштоодо.

Балдар укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова беш айлык убакыт акыйкатчынын ишин баалоого кыска мезгил экенин белгилеп, институтка балдар укугун коргоодо дагы башка жагдайларга да көңүл буруусун сунуштайт. Укук коргоочу бүгүнкү күнү интернаттардагы, балдар үйлөрүндөгү, медреселердеги балдардын укугуна көңүл бурулбай калып жатканын белгилейт:

- Менчик балдар үйлөрүндө, интернаттарда, атүгүл медреселерде да балдардын укуктары көп бузулат деген маалыматтар бар. Анткени мындай менчик мекемелер жергиликтүү, борбордук бийликке баш ийбейт, өкмөттүк көзөмөлдөн өтүүнү да каалашпайт. Ошондуктан, ушул мекемелерде балдардын укуктары көйгөйлүү болуп жатат. Буга байланыштуу акыйкатчы ушундай мекемелерге да көбүрөөк көңүл бурса.

Акыйкатчы тууралуу мыйзамга ылайык, парламент акыйкатчынын адам укугу жаатында жүргүзгөн иши тууралуу жылдык баяндамасын кабыл албай койсо, кызматтан кетүүгө тийиш. Кубат Оторбаев мыйзамдагы мындай норма Акыйкатчы институтунун колу-бутун тушап, толук кандуу иштөөгө мүмкүнчүлүк бербесин белгилейт:

- Бул туура эмес. Ошондуктан учурда бул мыйзамдын үстүндө иштеп жатышат. Өзгөртүү киргизип, бул норма алынып салынышы керек. Адам укугу жакшыруусу үчүн Акыйкатчы институтунда адискөй, мыкты кызматкерлер иштөөгө тийиш, компьютердик-техникалык жабдуулар мыкты болуш керек. Биздин кызматкерлердин айлык акылары жети жылдан бери өзгөрбөптүр.

Акыйкатчы институтуна байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин жарандык коом да кубаттап келет. Укук коргоочу Динара Ошурахунова парламент акыйкатчынын кылган ишине баа берип, аны кызматтан кетирүүнүн үстүндө эмес, өлкөдө адам укуктары эмнеге бузулуп жатканын териштирүүнүн үстүндө иштөөгө тийиш деп эсептейт:

- Бул өкмөт эмес. Акыйкатчы институту өлкөдөгү адам укугунун корголушунун үстүндө иштейт. Бизде болсо, парламент акыйкатчыны өкмөт сыяктуу эле аткаруучу институту катары карап жатат. Жогорку Кеңеш адам укуктарынын корголбой жатканын эмес, ал эмнеден бузулуп жатканын териштирип, ошонун үстүнөн иштеши керек. Акыйкатчы институту тууралуу мыйзам эскирип баратат, аны өзгөртүү керек, реформалаш керек. Акыйкатчы парламенттен көз каранды болбой, жарандык коом менен чогуу иштеп, адам укугу боюнча кырдаалды Жогорку Кеңешке жеткирип, аны менен чогуу кырдаалды оңдоочу институт болууга тийиш.

Акыйкатчы институту 2003-жылы түптөлгөн. Учурда аталган укук коргоо институтунда 100гө жакын кызматкер иштейт. Акыйкатчы институтуна мамлекеттик бюджеттен быйыл 28 млн сом бөлүнгөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG