Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Алепподо атышууну токтото туруу чечимине эки өлкө вето койду


Алеппо шаары
Алеппо шаары

Батыш өлкөлөрү Алепподо жети күнгө ок атышууну токтото турууну сунуштап, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине чечимдин долбоорун 5-декабрда алып чыкты. Москва жана Бээжин ага вето койду. Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин аны мындай негиздеди:

- Биз билгендей андай тынымды жоочулар ар дайым күчтөрүн топтоштурууга жана камданып алууга пайдаланып келет. Алардын шаардын бир нече кварталына көзөмөлүн сактап калуу шаардын миңдеген тургундарынын азабына кантип эле татысын? Орусия Федерациясы гуманитардык үчилтик койгон чечим долбоорун колдой албайт. Ага каршы добуш берет. Ал ниетибиз тууралуу ачык алдын-ала маалымат бердик.

Бул 2011-жылы Сирия жаңжалы башталгандан бери Коопсуздук кеңештеги Сирия боюнча Орусиянын алтынчы, ал эми Кытайдын бешинчи ветосу болуп калды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Алепподон жоочуларды чыгаруу боюнча Москва Вашингтон менен ушул аптада сүйлөшүү башталарын билдирген. Кошмо Штаттар андай макулдашуу жок экенин билдирүүдө. Ал эми жоочулар Алепподон чыгып кетүү чакырыгын четке кагышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG