Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Украинада өрттөнгөн курал-жарак кампасынан бир аялдын сөөгү табылды


Кампанын дрондон тартылган сүрөтү.
Кампанын дрондон тартылган сүрөтү.

Украинанын Харьков шаарындагы ок-дары кампасын каптаган өрттөн кийин бир аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар кызматынын башчысы Николай Чехоткин 24-мартта билдирди. Анын айтуусуна караганда, 1951-жылы туулган аялдын сөөгү имарат калдыктарынын алдынан шаршемби күнү кечинде табылган.

23-мартта курал-жабдык кампасын өрт каптап, 20 миңдей киши коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кампаларда болжол менен 138 миң тонна ок-дары сакталып, алар менен Донецк жана Луганск облустарындагы орусиячыл козголоңчуларга каршы согушуп жаткан өкмөттүк күчтөр камсыздалып келген.

Петро Порошенко өрттүн тутанышын Кремлден көрдү.

Коргоо министрлиги бардык аскер арсеналдарын кайтарууну күчөттү. Премьер-министр Владимир Гройсмандын айтымында, кырсык болгон Балаклея шаарындагы база өкмөттүк аскерлер менен жикчилдер согушуп аткан тилкеден 100 чакырым ыраакта. Ошондой эле Гройсман өрт 368 гектарды ээлеген бул кампанын жарымын каптаганын жана ал кеминде бир жумага уланышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG