Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Москвада нааразы болгон кыргызстандык мигранттар элчиликке келишти


Элчиликке чогулгандар менен консул сүйлөшүүдө. 9-декабрь, 2016-жыл.
Элчиликке чогулгандар менен консул сүйлөшүүдө. 9-декабрь, 2016-жыл.

Москвада соңку күндөрү кыргызстандык мигранттарга каршы мамиле катаалдашканын айткан мигранттар бүгүн элчиликтин жанына нааразылыкка чыгышты. Окуяга күбө болгон кабарчыбыз билдиргендей, жыйырмадай адам ыксыз текшерүүлөр көбөйүп, депортацияга кабылгандардын саны өсүп жатканына нааразы болушту. Ошондой эле кайтыш болгон мигранттардын сөөгүн мекенге жөнөтүүдө да кыйынчылыктар бар экенин, көптөн бери айрымдар айлык албай жүргөнүн белгилешти.

Алар менен консул Анвар Тохтахожаев чыгып сүйлөшүп, маселени чечүү боюнча аракеттер көрүлөрүн билдирди.

Маалыматтарга караганда, элчиликтин жанына күч органдарынын унаалары да келген.

Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин шаар жыйынында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн мигранттарында көйгөй бар экенин, анын ичинде кыргызстандыктар эмгек келишими жок, салыктан качып иштеп жатканын айткан. Андан соң кыргызстандыктарды текшерүү күчөгөнү кабарланган. (SE\LzT)

XS
SM
MD
LG