Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Венгрияда ири качкындар лагери жабылды


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан.

Венгрия бийликтери болжолдонгондон мөөнөттөн үч жума мурда баш калаа Будапешттен 30 чакырым батышта жайгышкан качкындар лагерин жапты.

Ал жактагы бозгундардын көпчүлүгү Австрия менен чектеш аймакта жайгашкан лагерге жөнөтүлдү, ал эми калганы Будапешттеги үйсүз адамдардын жайына которулду.

Өткөн жылы Венгрия аркылуу Германия, Австрияга өтүүнү көздөгөн качкындардын толкунуна кабылганда премьер-министр Виктор Орбан мыйзамсыз мигранттар үчүн чек араларды жаап, атургай дубал курууну демилгелеген.

Бичкадагы лагерь 1990-жылы Румыниядан качып келген этникалык венгрлерди кабыл алуу үчүн ачылган.

Өткөн жылкы миграциялык кризис маалында Бичкадагы лагерге топтолгон бозгундардын саны 1,5 миңге жеткен.

XS
SM
MD
LG