Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Тышкы иштер министрлиги АКШ Мамдепартаментинин 2015-жыл үчүн даярдаган баяндамасындагы Кыргызстандын дарегине айтылган сындарга жооп иретинде билдирүү таратты.

АКШ Мамлекеттик департаментинин 2015-жыл үчүн дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасында бир катар пост-советтик өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан катуу сынга алынган.

16-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Мамдепартаментинин баяндамасы боюнча төмөнкүдөй билдирүү таратты:

"Тышкы иштер министрлиги эл аралык жана чет элдик өнөктөштөргө, АКШнын тийиштүү институттарына кеңеш бергени жана бул масштабдуу иште тажрыйбалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Кыргызстанда аталган багыттар боюнча көйгөйлөр аз эмес, бирок алар тууралуу өлкөдө ачык айтылып, өкмөттүн жарандык коом менен тыгыз иштешүүсү аркылуу чечилип жатат.

Ошол эле учурда Кыргызстан баяндамадагы айрым баа берүүлөр саясатташып, ачык эле жасалмаланганын орунсуз деп эсептейт. Айрыкча, “мыйзамсыз камоолор”, “саясий жактан көз карашы бар адамдарды бийликтин кысмакка алышы” деген жыйынтыктар адилетсиз жана негизсиз. Кызмат адамдарынын жазасыз калышы, абактагы Азимжан Аскаровдун укуктарынын бузулушу, бейөкмөт уюмдарга басым тууралуу байкоолор таптакыр эле орунсуз".

Билдирүүдө "АКШнын Мамлекеттик департаментине мындай баяндаманы даярдаган авторлорду тандоодо алардын профессионалдуулугуна тыкыр көңүл буруп, алар берген материалдын сапатын арттыруу жагына көңүл буруусун сунуштайбыз. Мындай баяндамада адам укуктарынын сакталышы боюнча анализ жүргүзүүнү АКШ менен салыштырып кароону максаттуу деп эсептейбиз" деп айтылат.

Министрлик АКШ Мамдепартаментинин докладын мамлекеттик саясий системага басым жасоо аракети, саясий шантаж катары кабылданганын белгилейт.

Сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп жатабы?

АКШ Мамдепартаментинин адам укуктары, эмгек жана демократия бюросунун баяндамасында 2015-жылы кыргыз өкмөтү ачык-айкындуулукка бут тоскон кадамдарды жасады, муну менен айрым талылуу маселелерди талкуулоо токтотулду деп айтылат. Анын ичинде июнь коогасына байланыштуу көйгөйлөрдөн тартып, бийликке жакпаган маселелерге чейин тизмектелет.

Ошондой эле Кыргызстандагы бир катар журналисттер бийлик тарабынын ыдык көрүп, “Вечерний Бишкек” басылмасын бийликке жакын адамдар тартып алганы тууралуу жазылган.

Баяндамада мындан тышкары Кыргызстандагы ТВ-радиолордун санарип системасына өтүүсү менен маалыматты эркин жайылтуу азайганын байкоочулар билдиргени айтылат. Иликтөөдөгү сурамжылоого катышкан айрым байкоочулар кыргыз-өзбек тилинде маалымат тараткан “Ынтымак” телерадиосу санариптик системага өткөндөн кийин улуттук азчылыктар аз жашаган аймактарда өзбек тилиндеги берүүлөр азайганын билдиришкен.

Отчетто Кыргызстанда орусиялык телеканалдарга артыкчылык берилери айтылат

Отчетто Кыргызстанда орусиялык телеканалдарга артыкчылык берилери айтылат

“Ынтымак” ​телеканалынын жетекчиси Данияр Садиев санариптик системада телекөрсөтүүнүн аймагы кеңейгенин “Азаттыкка” айтты:

- Андай шарт-талаптар болгон эмес. Мурда “Ынтымак” Ош жана Жалал-Абад шаарларына эле тартып келсе, өткөн жылы ноябрдан бери үч облусту толук камтууга мүмкүнчүлүк алдык. Баткенде азырынча жаңы санариптик система иштебей жатканы үчүн жетпей атабыз. Иштей баштаса эле ал жакка да жетебиз.

Ошентсе да атын атагысы келбеген жана микрофонго сүйлөп берүүнү каалабаган журналист “Ынтымак” телеканалына жергиликтүү жана борбордук бийликтен түрдүү көрсөтмөлөр болуп турарын айтты. Анын айтуусунда, өзбек тилиндеги берүүлөрдү азайтуу жөнүндө кеп болбосо да, берүүлөрдүн саатын көбөйтпөө тууралуу буйрук болушу ыктымал.

Парламент сөз эркиндигинин кысымына, митингдерге тыюу салынып жатканына көз жумбоого тийиш. Антпесе бумеранг сыяктуу жүрүп отуруп, өздөрүнүн башына тиет.

“Ынтымак” телеканалы 2010-жылкы июнь коогасынан кийин "Интерньюс" уюму менен кыргыз өкмөтүнүн колдоосунда ачылган. 18 сааттык теле-радио берүүлөрдүн төрт жарым сааты өзбек тилинде чыгат.

АКШ департаментинин баяндамасында Кыргызстанда мыйзам чет элдик жарандарга маалымат каражатына ээлик кылууга тыюу салганы менен, өлкөдөгү басылма-телерадиолордун айрым бир бөлүгү чет элдиктердин колунда экени белгиленген. Ошондой эле Кыргызстанда орус тилдүү телеканалдарга артыкчылык берилери, орусиялык маалымат каражаттары эркин иш жүргүзүп, кыргыз бийлиги аларга жергиликтүү медиа сыяктуу эле мамиле кылары да айтылат.

Саясаттын абалы кандай болсо...

Мурдагы “Вечерний Бишкек” басылмасынын, азыркы “Заноза” маалымат агенттигинин баяндамачысы, журналист Нарынбек Идинов бүгүнкү күнү Кыргызстандагы сөз эркиндиги жалпы эле саясий абал сыяктуу көрүнүштө экенин белгилейт:

- Сөз эркиндигине мамиле жалпы саясат сыяктуу эле болуп жатат. Айтылганы бир, жасалганы таптакыр башка. Мисалы, “Вечерний Бишкектин” айланасындагы маселе эки акционердин ортосундагы чатак деп айтылат. Ал эми иш жүзүндө “Вечерний Бишкек” кимдин колуна өткөнү элдин баарына маалым.

Мамдепартаменттин баяндамасында сөз эркиндигинен тышкары, Кыргызстандагы сот системасы, түрмөлөрдө кыйноолордун азайбай жатышы, диний ишенимге байланыштуу кысымдар, өткөн жылкы шайлоо жана башка бир катар маселелер тууралуу да сөз болгон.

Динара Ошурахунова

Динара Ошурахунова

Укук коргоочу Динара Ошурахунова баяндамада айтылган маалыматтар чындыкка дал келерин белгилеп, апрель окуясынан кийин Кыргызстандагы саясий кырдаал мурунку бийликтердин тушундагы абалга баратканына өкүнүчүн билдирди:

- Сөз эркиндиги, басылмалардын башка кожоюнга күчтөп алынуусу, башка журналисттердин айланасындагы окуялар тууралуу өзүбүз угуп-көрүп атабыз. Ошол эле митингге тыюу салган соттун чечимдери. Апрель окуясынан кийин кайра эле ушул акыбалга келебиз деп эч качан күткөн эмеспиз. Бакиевдин тушундагыдай оор эместир, бирок ошондой окуялар кайталанып атканы тынчсыздандырат.

Укук коргоочу элдин парламенттик башкаруудан күткөн үмүтү да акталбай калганын кошумчалады:

- Тилекке каршы, биздин үмүтүбүздү парламенттик шайлоодо добуштарды сатып кирген адамдар билген деле жок. Толук түшүнгөн деле жок. Анткени азыр парламентте чечимдер кантип кабыл алынып жатканы белгисиз. Оппозициясы ким, коалициясы ким? Баары аралашып калды. Булар элдин кызыкчылыгын коргоо үчүн келдиби, же өздөрүнүн бизнесин коргоо үчүн келдиби? Парламент сөз эркиндигинин кысымына, митингдерге тыюу салынып жатканына көз жумбоого тийиш. Антпесе бумеранг сыяктуу жүрүп отуруп, өздөрүнүн башына тиет.

Мамдепартаменттин баяндамасында 2015-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого атаандаштыкка жол берилгени белгиленип, бирок ошол эле учурда добуш берүүнүн акыйкаттуулугун жакшыртуу зарылдыгы айтылган.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмазбек Батырбеков Мамдепартаменттин баяндамасы Кыргызстандагы кырдаалды калыс чагылдырбайт деген пикирин маалымат каражаттарына билдирген:

- Бул маалыматтардын саясий негизи бар деп эсептейм. Глобалдык таймашуу учурунда муну маалыматтык тирешүү катары эле бааласак да болот. Адам укугу, тартип сактоо жаатында маселелер болушу мүмкүн, бирок сөз эркиндиги жок дегенге кошулбайм. Демократия убакытты талап кылган процесс, баарына бир күндө жетишүүгө мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG