Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

Өкмөт министрликтердин ишин, өкмөт чечимдери аткарылышын көзөмөлдөөчү "Элдик көзөмөл" коомдук уюмун түзүүдө. Буга зарылдык барбы?

Ушул маселе “Азаттыкта” арай көз чарай талкууланды.

Катышуучулар: Берүү жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Кеңешбек Сайназаров, жаш активист жана юрист Атыр Абдрахматова.




Адегенде өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаровдун "Элдик көзөмөл" уюму тууралуу түшүндүрмөсүн угалы:

- Бул биринчиден - көзөмөл. Экинчиден, өкмөт башчынын жөнөкөй адамдар менен байланышынын дагы бир түрү. Студенттер болобу, жарандык активисттер болобу, журналисттерби мамлекеттик мекемелердин ишине көзөмөл жүргүзүшөт. Такай премьер-министр менен түз байланышта болушат. Маал-маалы менен жолугушуп, премьерге отчет берип турушат.

Өкмөт башчы алган маалыматтар боюнча, биринчиден - мамлекеттик мекемелердин ишин жөнөкөй адамдар кантип бааларына анализ жүргүзөт. Экинчиден, ошол маалымат боюнча тийиштүү чара көрүлөт. Кээде мыйзам чегиндеги нерсе деле жарандарга жакпашы мүмкүн, же тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу сунушу айтылышы мүмкүн. Атайын маалыматтык порталын түзүшөт. Мисалы өкмөттүн өкүлү деле, мен деле мамлекеттик органдын ишине нааразы болсом өзүмдүн маалыматымды ошол “Элдик көзөмөл” комитетине өткөрүп берсем боло берет. Долбоор жаряланды. Буга премьер-министрдин жаңы кеңешчиси Миргүл Үмөталиева деталдуу түрдө жооптуу болот.

“Азаттык”: Уюм кандай иштей турганын, кимдер, кандайча тандала турганын түшүндүрүп берүү үчүн Миргүл Үмөталиеваны чакырганбыз. Бирок ал өзү дагы, демилгелүү топтун өкүлү дагы талкууга келген жок.

- Ар бир министрлик, мамлекеттик органдын алдында мындан бир жылдан ашуун убакыт мурда түзүлгөн Байкоочу кеңештин милдети деле дал ушундай болчу. Кеңеш коррупцияны алдын алуу, ишти жакшыртуу максатында түзүлгөн эле. Дагы бир көзөмөл уюмуна зарылдык бар беле?




Кеңешбек Сайназаров: Коомдук байкоочу кеңештер 2010-жылдын сентябрь-октябрь айларында түзүлүп, иштей баштаган. Ошондон бери алар ар кандай пикирлерге кабылууда. Балким жигердүү жаштардан турган топторду ошол байкоочу кеңештердин позициясын бекемдөө үчүн аралаштырса кандай болор эле деп сунуштайт элем.

Жаштар, карылар, аялдар деп топко бөлүп көзөмөлдөбөстөн алардын бардыгын бириктирип, Байкоочу кеңеш сыяктуу органга топтосо алгылыктуу иш болмок. Азыр коомдук байкоочу кеңештер жобонун негизинде гана иштеп келатат. Ага ылайыкташкан мыйзам ченемдүү нерселерди бир жылдан ашуун убактан бери талкуулап, такыр эле Жогорку Кеңешке жетпей жатат.

Ушундай көзөмөл органдарды түзүү менен дагы бир нерсени ойлонуп көрүш керек. Мамлекет тарабынан берилген укуктарга ээ болгон атайын көзөмөлдөөчү органдардын функцияларын кайрадан төмөндөткөн жокпузбу? Ушул суроо да турат. Эгер мамлекет жакшы иштей турган болсо бардык функциялар өздөрү иштеп, бири-бирин көзөмөлдөп жакшы жумуш болмок.

Атыр Абдрахматова: Учурда президент Алмазбек Атамбаев жарандык көзөмөлдөө комитеттерин түзгөнү жатат. Менин билишимче, ошол боюнча мыйзам долбоор иштелип жатат. Андан тышкары байкоочу кеңештер бар, анан дагы бир көзөмөл уюмун түзүнүүнүн канчалык зарылчылыгы бар. Бул чоң суроо. Биринчиден, мамлекеттин өзүндө көзөмөлдөө функциялары бар, экинчиден - Жогорку Кеңештин аткаруучу бийликти көзөмөлдөө функциясы бар. Ар бир органдын үстүнөн көзөмөлдөө уюмдарын түзө бергенде тескерисинче жоопкерчилик жоголот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG