Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзгөн төрт фракция тең өкмөт башчылыгына көрсөтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдошту.

Кыргызстандын премьер-министри кандай сапаттары менен бааланып, кандай критерийлер менен тандалып жатат? Талапкердин кесипкөйлүгүбү же саясий, кландык, аймактык топтун кызыкчылыгы алдыңкы орунга чыгабы? Өкмөттүн cапаттык курамын кантип жакшыртса болот?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров, КСДП фракциясынан депутат Улан Пиримов жана саясий илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев катышты.

“Азаттык”: Улан мырза, Кыргызстанда 25 жылда 28 премьер-министр иштептир. Мындай окуя азырынча дүйнөдө боло электиги айтылууда.

Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыгына көрсөтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбеков бул убакка чейинкилерден кандай сапаттары менен айырмаланат? Талапкерди кароодо кандай критерийлер колдонулуп жатат?

Улан Пиримов: Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев 2011-жылы премьер-министр болгонун эске албаганда биздин партиядан эч ким бул кызматка келген жок. Бул убакытка чейинки өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев да КСДПдан эмес эле.

Бул жолу биздин партиялаштар Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин өкмөт башчылыгына көрсөтүүнү демилгелеп чыгышты. Бул адам биздин партиянын түптөлүшүнө чоң салым кошкон, жөн эле саясий упай топтоо үчүн жүгүрбөй, чыныгы эмгеги, тажрыйбасы менен бааланып келаткан инсан. Ошонун негизинде бүгүнкүдөй ишеним көрсөтүлүүдө.

“Азаттык”: Акылбек мырза, демократиянын негизги принциптеринин бири атаандаштык, тандоо мүмкүнчүлүгү эмеспи. Эмне үчүн жалгыз адам өкмөт башчылыгына көрсөтүлүп жатат? Мисалы, “Бир бол” фракциясынан көрсөтүүгө болбойт беле?

Акылбек Жапаров: Өткөн парламенттик шайлоодо КСДП биринчи орунду алды. Ошондо эле булар өздөрүнүн талапкерин чыгарса болмок, буларга жарашмак.

Биздин фракциянын парламентте 12 мүчөсү бар, кандай талапкерди чыгарсак да дээрлик көпчүлүктү алалбайбыз. Тилекке каршы, “Республика Ата-Журт” фракциясы менен биз оппозициялык коалицияны да түзө алган жокпуз. Ушул абалды эске алганда “Бир бол” фракциясынын көпчүлүк мүчөлөрү Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдойлу деп жатабыз.

“Азаттык”: Чолпонбек мырза, парламенттик башкаруудагы чет өлкөлөрдө өкмөт башчысын шайлоо, өкмөттүн курамын тандоо тажрыйбасы кандай? Биз кайсы өлкөнүн өрнөгүн алсак болот?

Чолпонбек Сыдыкбаев: Дүйнөдөгү демократиялык мамлекеттерди жалпылаштырып келгенде өкмөт куроонун америкалык жана жапон принциптери деген бар. Мисалы, Америкада мамлекеттик жетекчи беш жыл катары менен бир жерде иштебеш керек, иштин натыйжасы үчүн которуп, тарбиялап туруу керек деп эсептешет. Алар ушундай либералдуулугу менен айырмаланат.

Жапондор болсо бир кызматкер бардык тепкичтерди басып өтүш керек, эгер орто жолдо башка тармакка кетип калса, ага кызматтан жогорулоого жол берилбейт.

Кыргыз саясатында болсо такыр башка, жазылбаган мыйзамдар көп. Эң биринчи кезекте ал кызматкер мамлекет башчысы үчүн ыңгайлуу, президент болом деген дымагы жок фигура болушу керек. Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги ушуга окшогон, башка дагы көп критерийлерге төп келип калды.

“Азаттык”: Бийлик бутактарынын башына жетекчи шайларда ким, кайсы аймактан экендигине карап тандоо уланууда деген пикирлер аз эмес. Тең салмак болсун, таарынып калат деген сөздөр басып кетип, жетекчинин кесипкөйлүк сапаттары артта калып жаткан жокпу?

Улан Пиримов: Аймакка бөлүп кадр тандоого каршымын. Тилекке каршы, кээде ушундай мыйзамда жазылбаган нерселер болуп кетет. Бул Кыргызстанды бөлүп-жарууга гана алып келет. Ал кайдан болбосун, түндүкпү-түштүкпү, эң башкысы ал Кыргызстандын жараны болушу керек. Тажрыйбасы мол, мекениме ак кызмат кылам деген ниети болсо биз эмне үчүн аны колдобошубуз керек?

“Азаттык”: Азыркы боло турган өкмөт башчынын эң негизги критерийи Кыргызстандын президенти болуу дымагынын жоктугу деген пикирлер бар. Кошуласызбы?

Акылбек Жапаров: Мен буга кошулбайт элем. Шайлоого чейин саясий кырдаалдар бир топ өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ага чейин президент болом деген дымагы чыгышы да ыктымал. Ушул күндөрү Сооронбай Жээнбековдун "жылдызы" жанганы турат окшойт. Ал киши бийликтин бардык тепкичтеринде болгон, иштеген. Эң негизгиси экономикага туура диагноз коюп, алдыга жылышыбыз керек.

Келе турган өкмөт башчысында көп мүмкүнчүлүк бар, командасын кесипкөй кадрлар менен жаңылап алыш керек. Өкмөт мүчөлөрүн да иреттеп алса жакшы болор эле.

“Азаттык”: Улан мырза, өкмөт башчысын, өкмөт курамын бекитүүдө Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн ролу, орду чоң, жогору. Ал эми өкмөттө маселе чыгып, көйгөй жаралганда коалиция көрүнбөй, жоопкерчиликти тартпай жатат деген пикирлер көп болууда...

Улан Пиримов: Албетте коалиция жооп бериши керек. Коалициядагы бир эле КСДП эмес, башка фракциялар менен өкмөттү курууда, кадр тандоодогу, башка жоопкерчиликтерди чогуу тартышы керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG