Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:47

Кыргыз парламентине төраганын шайланбай создугушу көп талкууга жем таштоодо.

Жогорку Кеңештин спикерлик орундун талаштуу болушуна эмне себеп? Коалициядан көрсөтүлгөн талапкерлердин жол талашып жатканынын негизги төркүнү кайда? Кландык кызыкчылыктар үстөмдүк кылып жатабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Абдувахап Нурбаев жана “легендарлуу парламенттин" мурдагы депутаты, коомдук ишмер Тынычбек Табалдиев катышты.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеш бир аптадан бери төрагасы жок турат, шайланбай создугуп жатышына эмне себеп?

Абдувахап Нурбаев: Төрагасы жок иштеп жатат деген туура эмес, төраганын милдетин анын орун басарлары аткарып жатышат. Жогорку Кеңеш мурдагыдай эле ишин улантууда. Төраганы шайлоо создугуп жатышынын да жакшы жагы бар деп ойлойм. Анткени чыккан талапкерлерди коомчулук билип, талкуулап алууга мүмкүнчүлүк болууда, буга шашылуунун кереги жок.

“Азаттык”: Спикер шайлоодо көпчүлүк коалициянын тил табыша албай жатканы, анын ичинде ырктын жоктугу биримдигине доо кетирип жатат деген кооптонуулар бар. Буга эмне дейсиз?

Абдувахап Нурбаев: Коалициялык көпчүлүктүн лидери Чыныбай Акуновичтин бир талапкерди чыгаруу боюнча айтканы коалициянын ичинде бөлүнүп, ынтымак кетпесин деген ниетте жасалып жатат деп ойлойм. Төраганы шайлоо сөзсүз атаандаштык негизде болуш керек. Атаандаштык болгон жерде сапат болот, алардын баарын угуп туруп анан депутаттар өздөрү тандап алат.

“Азаттык”: Деги парламент төрагасы кантип шайланат? Кимдер көрсөтө алат? Азыр анын тагдырын коалиция эле чечип жаткандай... Шайлоо мыйзамдуу болуп жатабы?

Тынычбек Табалдиев: Мен шайлоочу катары айтсам, бул жерде мыйзам бузуу болуп жатат. "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамга кайрылсак, ал жерде төрагалык орунга талапкерликти фракциялар, депутаттар да көрсөтө алат. Бул жерде чектөө жок, "экөөңөр сүйлөшүп алгыла" деген күлкүлүү нерсе.

Талапкерлер Б. Төрөбаев менен К. Исаевдин саясий позициясы, басып өткөн жолдору, көз караштары кандай болгонун эл билген жок, алар айтышкан жок. “Экөөңөр сүйлөшүп алгыла” деген регламентте жок. Он талапкер чыктыбы - баарына мүмкүнчүлүк бериш керек, депутаттар өздөрү тандап алышат. Шайлай албай калдыбы - кийинкисинде кайра башка талапкерлер чыгат. Коалициянын "биз чечебиз” дегени мыйзамга каршы келет.

“Азаттык”: Абдувахап мырза, бийликтин партиясы, коалициянын негизги күчү Социал-демократтар фракциясы эмне үчүн өз талапкерин көрсөткөн жок?

Абдувахап Нурбаев: Парламенттик башкаруудагы чет өлкөлөрдүн мисалына таянсак, премьер-министр бир фракциядан көрсөтүлсө, спикер башка фракциядан көрсөтүлгөн тажрыйбалар эске алынды деп ойлойм. Социал-демократтардан чыккан премьер-министрди башка фракциялар колдоп бербедиби, эми башка фракциялардан спикерликке көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатат. “Ата Мекен” фракциясы талапкер чыгарган жок. Бирок бүгүнкү жыйынында К. Исаев менен Б. Төрөбаевдин талапкерлигин колдоп жатат.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, төрага талашта мамлекеттик же партиялык эмес, кландык кызыкчылыктар үстөмдүк кылып жатат деген пикирлер бар...

Тынычбек Табалдиев: Азыр Бишкекте эле социалдык тармактарда отуруп алышып коомдук пикир түзүшчү болду. Он кишини отургузуп, пикирлерди жаздырыш технологиясын жакшы билип калдык. Элге, шайлоочуга кайсы жактан болгону эмес, туура мыйзам кабыл алып бергени маанилүү. Спикер түндүктөнбү, түштүктөнбү эч кызыгы жок. Болуп жаткан жөө сөздөр эки талапкердин айланасындагы адамдардын эле оюну. Азыр төрага болсоң, эртең башка кызматтын кепилдиги бар дегенге таптакыр ишенбейм. 2017-жылы башка жагдайлар болот. Азыр болуп жаткан көрүнүштөр эки-үч кишинин эле оюну.

Абдувахап Нурбаев: Парламентаризмге өткөндөн кийин партиялык тизме болуп, түндүк-түштүк маселеси жоюлуп жатат. Эгер талапкердин элдин сынына айта турган баалуу сөзү же идеясы, позициясы болбосо саясий упай алыш үчүн ушул маселени пайдаланышы мүмкүн.

“Азаттык”: Эмне үчүн парламенттеги оппозиция талапкерлигин көргөзгөн жок деп ойлойсуз?

Абдувахап Нурбаев: Мен бүгүн оппозициядагы “Республика Ата-Журт” фракциясы өз адамдарын чыгарганга аракет кылышат деп уктум. Алардын да чыгарууга укугу бар. Эгер чыгарбаса “азбыз, өтпөй калабыз” деп тайсалдап жатышы да мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG