Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Саясий күрөш: маданият жана мандем


Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевге президенттик кызматты тапшырууда, 1-декабрь, 2011-жыл

Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевге президенттик кызматты тапшырууда, 1-декабрь, 2011-жыл

Кыргызстандын президентинин Эгемендик майрамында сүйлөгөн сөзү кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга алынган баш темага айланды.

Мамлекет башчынын аянтта айтылган ачуу кеби жарылчу ириңби же саясий күрөштө колдонулган зарылчылык беле? Кыргызстанда мындан аркы саясий кырдаал кандай өнүгүшү мүмкүн? Алдыдагы конституциялык реформалар аягына чыгабы? Демократиялык коом курууда саясий маданиятты, салттарды кантип калыптандырабыз?

“Арай көз чарай” талкуусуна 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев жана философия илимдеринин кандидаты, саясий серепчи Эмил Каниметов катышты.

“Азаттык”: Эмилбек мырза, президенттин өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгында сүйлөгөн сөзүн сиз кечээ “чоң саясий жаңжалдын башаты” деп бааладыңыз. Муну кантип негиздеп бересиз? “Эл чекишпей бекишпейт” демекчи, маселе тынч жол менен чечилиши мүмкүнбү?

Мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгы үчүн айтылчу сөз бар, ошол эле учурда айтылбачу сөз да бар. Президенттин ошол мезгилдеги жасаган аракеттери жөнүндө ар кимдин ар кандай ойлору бар. Ошонун баары бүгүн айтылчу сөз эмес.

Эмилбек Каптагаев: Саясий жаңжал деген сөз өткөөл мезгилдеги саясий чечимдердин легитимдүү же легитимдүү эмес, б.а. ошол мезгилдеги кадамдардын ревизиясы жөнүндө болуп жатат.

Эгерде биз легитимдүүлүк маселесине келсек, Роза Отунбаеванын президенттигине, ошол кездеги чечимдерге шек келтире баштасак, анда бүгүнкү бийликтин толук легитимдүүлүгү жөнүндө сөз келип чыгат. Анткени азыркы Конституция убактылуу өкмөттүн чечими менен бекип, элдик талкууга коюлган, референдумга чыгарылган. Эгер ушул багытта “сен ит, мен ит” дей берсек, ар бир айтылган, айтылбаган сөзгө кирип кетсек, чоң жаңжал ошондо башталат.

Мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгы үчүн айтылчу сөз бар, ошол эле учурда айтылбачу сөз да бар. Президенттин ошол мезгилдеги жасаган аракеттери жөнүндө ар кимдин ар кандай ойлору бар. Ошонун баары бүгүн айтылчу сөз эмес. Президенттин мамлекет башчы катары иштегенине сын же пикир ал кызматтан кеткен учурдан тарта жазыла баштайт.

“Азаттык”: Эмил мырза, мамлекет башчынын кечээги сөзүн айрым саясий серпечилер “президент стратегиялык көз карашы жок экендигин көргөздү” деп баалашты. Буга кошуласызбы?

Эмил Каниметов: Тескерисинче, президент ушул сүйлөгөн сөзүндө, мурдагы сөздөрүндө дагы стратегиялык багыттарды көргөзүп жатат. Стратегиялык багыт дегенде бир эле түшүнүк болуш керек - элдин кызыкчылыгына төп келген, элдин назарын алып, өзүн туура экендигине ишендирүүгө аракет. Ошондой аракет жасалууда. Азыркы саясий күчтөрдүн аракеттеринин, жаңжалдын артында чоң геосаясий оюндар турат.

Социалисттер олигархтарды да өз кызыкчылыгына иштетиши керек эле. Алардын потенциалын коомдун социалдык кызыкчылыктарына тартуу керек эле. Аны Атамбаев айта алган жок. Жөнөкөй эле саясий кармаш жүрүүдө.

“Азаттык”: Стратегия дегенде президент тарабынан жакынкы келечекке багыттар айтылган жок деген пикирлер болуп жатпайбы?

Эмилбек Каниметов: Президенттин сөзүнүн башында эмнеге жетиштик, эмнеге жетише албай калдык - бир аз айтылыптыр. Бирок социал-демократтар болгондон кийин азыркы саясий кырдаал, болочок жөнүндө бир дагы сөз болбогону өкүнүчтүү. Алар социалисттик идеяларга оош керек болчу. Социалисттер олигархтарды да өз кызыкчылыгына иштетиши керек эле. Алардын потенциалын коомдун социалдык кызыкчылыктарына тартуу керек эле. Аны Атамбаев айта алган жок. Жөнөкөй эле саясий кармаш жүрүүдө.

“Азаттык”: Эмил мырза, убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрүнүн конституциялык реформа боюнча кайрылууңуздар президент тарабынан ушунчалык терс кабыл алынышына эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Эмилбек Каптагаев: Бул эми ар бир кишинин мүнөзүнө жараша болот. Жакында президент “менин мүнөзүм ушундай” деп журналисттерге айтпадыбы. Ошентсе да президент биздин кайрылуубуз боюнча бир топ жакшы нерселерди айтты. Коомду тазалоо, эч кимге артыкчылыктын берилбеши сыяктуу бир топ маанилүү маселелерди козгоду. Ошол эле учурда президенттин калпыс, үстүрттөн, субъективдүү айтылган ойлору да көп болду.

“Азаттык”: Президент Атамбаев убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө талап-тоноочулук, банк кутучалары жана сепаратисттер менен келишүүчүлүк үчүн жооп бериш керек деди. Өлкө башчысы шек саноолорду мурда эмнеге козгогон эмес? Бүгүн көтөрүп жатканы кылмышты жашырып келген болбойбу?

Эмилбек Каптагаев: Бул маселе бүгүн эле козголгон жок. Коомчулук деле жакшы билет, мындан эки-үч жыл мурда ушул эле президент тарабынан түзүлгөн Башкы прокуратура баштаган бир топ укук коргоо органдары менен бирдикте генерал Рысалиев башында турган тергөө тобу жарым жылдан ашуун иштеген.

Жаап-жашырган эч нерсе жок. Ошол кездеги комиссия белгилүү саясатчыларга байланыштуу талап-тоноочулук болгон эмес деп бүтүм чыгарган. Кечээ президент деле ага ачык далил жок экенин айтты. Эми бул эл оозунда айтылып жүргөн сөз. Жашырып-жаап жаткан нерсе болсо кечээ президент анчалык агынан жарылып жаткандан кийин ачык айтмак.

Саясий маданият эле эмес, жалпы эле маданияттын калыптанышына ондогон жылдар керек. Маданият акырындап калыптана турган нерсе. Биз ошол маданиятты калыптандыруу үчүн Конституцияны өзгөртүүгө 2020-жылга чейин мораторий десек, башкалары аны бузганы жатышат. Бул бузуунун кесепети эмнеде? Эл эми “мыйзам буйлалаган төө, кайда жетелесең кете берет” дегенге дагы бир жолу ынанганы турат.

Акаев менен Бакиевди мен эмнеге күнөөлөйм? Алардын эң башкы күнөөсү элдин бийликке, мамлекетке болгон ишенимин таптакыр жоготуп кетишти. Бийликтин кадыр-баркын, аброюн жерге тебелеп салышкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG