Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Талас: зордуктоого шектелген адамдын жакындары сотко нааразы


Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын 30дан ашык тургуну бүгүн, 27-февралда Талас облустук сотунун алдына нааразылык акцияга чыгышты.

Алар айылдашы Эрлан Дөлөновдун 22 жылга эркинен ажыратылганына нааразылык билдиришти. Чогулгандар колдоруна «Сот акыйкат чечим чыгарган жок!», «Соттун чечимине эл нааразы!» деген жазууларды кармап турушту. Бир сааттан ашык убакытка созулган акцияны укук коргоо органдары көзөмөлгө алды. Облустук соттон нааразылар менен жолугушууга эч ким чыккан жок.

Эрлан Дөлөновго 2014-жылы аталаш тууганынын жашы жетелек кызын зордуктады деген айып менен кылмыш иши козголгон. Бакай-Ата райондук жана Талас облустук соту аны шарттуу түрдө эки жылга абакка кескен. Бирок жабырлануучу тарап буга макул болбой, Жогорку сотко кайрылган. Анын негизинде иш кайра каралып, облустук сот 21-февралда Эрлан Дөлөновду 22 жылга эркинен ажыраткан. Туугандары жана бир катар айылдаштары анын күнөөсүз экенин айтышып, айыпты жабырлануучу тарапка оодарып, актоону көптөн бери суранып келе жатышат. (AlS/NT)

XS
SM
MD
LG