Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Эски мыйзамда да экс-президент бар


1-декабрда Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришет. Ал эми Роза Отунбаева президенттик кызматты өткөрүп берет.

Роза Отунбаева кызматтан кийин билим берүү жана маданият багытында фонд түзүү ниетин билдирди. Ал эми мамлекет тарабынан ага кандай камкордуктар каралган?

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн башына, андан кийин июнь айындагы референдумда президенттик кызматка келген Роза Отунбаева 1-декабрдан тарта кызматынан кетет. Ал экс-президент макамына ээ болот.

Экс-президенттин макамын аныктай турган жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан даярдалып, бирок ал кабыл алына элек. Ага карабай Роза Отунбаева кызматтан кеткенден кийин 2005-жылы апрель айында кабыл алынган мыйзамга жана Конституцияга ылайык экс-президент макамына ээ болот.

2-август, 2009-жыл
2-август, 2009-жыл
2005-жылдагы мыйзам боюнча экс-президент кол тийгис макамына ээ. Мындай макамга экс-президенттин турак-жайы, унаасы, архиви да ээ болот. Иштеп турган бул мыйзамдын социалдык кепилдиктери тууралуу президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев буларды билдирди:

- Азыркы алып айткан айлыгынын 75% ала берет. Андан сырткары мамлекеттик резиденциялардан бирөө берилет. Медицина, күзөт жагынан камсыздалат. Булардын баары мыйзамда жазылган.

Учурда парламенттин кароосунда турган “Кыргыз Республикасынын президенти жөнүндөгү” жаңы мыйзамда да экс-президентке атайын беренелер каралган. Ал беренелерде экс-президенттин макамы жана анын укуктары, мамлекет тарабынан бериле турган кепилдиктер жазылган.

Маселен, ал мыйзамдын талаптарына ылайык экс-президент Жогорку Кеңештин жыйынына жана башка мамлекеттик салтанаттуу чогулуштарга катышууга укуктуу. Анын айлык акысынын 75% төлөнө берет. Медициналык бекер тейлөө, мамлекет байланыш кызматынан акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү сакталат. Мамлекет ошондой эле экс-президенттин коомдук жана мамлекеттик турмушка катышуусуна кам көрүшү керек.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин анын күчү мурунку президенттерге тарайбы деген маселе да көтөрүлгөн. Мыйзамдын өзүндө болсо экс-президент макамы Конституциянын 67-беренесине ылайык, кызматынан бошогондорго берилбейт деп жазылган.

Бул беренеде ыңкылап жолу менен кызматынан кетирилген жагдай каралган эмес. Анда таза укуктук же импичмент жолу менен кызматынан бошотулган жагдай каралган.

Данияр Нарынбаев мурунку президенттерге байланыштуу маселе саясий чечим менен жөндөлүш керектигин билдирүүдө. Бирок Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин экс-президент макамы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынып салынган.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, “Кыргыз Республикасынын президенти жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев ушундай эле норма жаңы мыйзамга киргизиле турганын билдирген.

Роза Отунбаева өзү болсо президенттик кызматтан кийин билим берүү, маданият жана эл аралык мамилелерге байланыштуу фонд түзүүнү көздөп жатканын билдирди. Ал эми коомчулукта Роза Отунбаева мамлекеттик маанилүү башка кызматтарды аркалайбы деген да күтүүлөр жок эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG