Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Кыргызстан Орусиянын федералдык бажы кызматынын транзиттик жүк ташууларга чектөө киргизген чечимин кайра кароону сурады. Мындай көрүнүш Бажы биримдигине кирүү маселесиндеги пикир келишпестиктерге байланыштырылууда.

Орусия федералдык бажы кызматынын акыркы чечимине ылайык, өз аймагы аркылуу өткөн эл аралык жүктөрдү ташууларга чектөө 14-сентябрдан баштап киргизилиши керек. Бул эки тарап үчүн тең олуттуу чыгымдарды алып келет деп эсептеген Кыргызстан эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелердин чегинде, стратегиялык өнөктөштүктү, соода-экономикалык кызыкчылыктарды эске алып, чечимди кайра кароону сурап, Орусияга кайрылды.

Бул аралыкта Бишкекке Орусия бажы кызматынын башчысы, Кыргызстан - Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Андрей Бельянинов Бишкекке келди. Андрей Бельянинов менен Кыргызстан өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин 26-августтагы жолугушуусунда Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги жиберген нотанын айланасында кандай сөз болгондугу маалымдалган жок.

Экономист-талдоочу Азамат Акелеев болсо орусиялык таасирдүү өкүлдүн дал ушул учурда Кыргызстанга келишин талылуу маселелерди талкуулоо максаты менен байланыштырды:

- Азыр карама-каршылыктар бир топ эле болуп атпайбы. Ошолорду азайтуу боюнча жана басым көрсөтүү аракети менен дагы бир жагынан чаралар бир учурда болуп атат деп ойлоп атам.

Кыргыз өкмөтүнүн тараткан маалыматына караганда, расмий тараптар Кыргызстан-Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын октябрда боло турган Бишкек жыйынынын күн тартибин талкуулашты. Октябрдагы жыйында болсо өзөктүү маселе Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу болчудай.
Азамат Акелеевдин айтымында, Кыргызстан койгон шарттарга Орусия макул болгон жери жок:

- Өкмөт жол картасы аркылуу өзүнүн сунуштарын койбодубу. Ал толуктоолордун көбү кабыл алынган жок. Анда импорттолгон товарлар боюнча бааларды калтырсын деп 2600 даана сунуш бериптир. Албетте аны алар кабыл алышкан жок.

Бажы биримдигине даярдыкты талкуулаган жыйын, 29-март, 2013-жыл

Бажы биримдигине даярдыкты талкуулаган жыйын, 29-март, 2013-жыл

Кыргызстан “жол картасына” тарифтерди белгилүү мөөнөткө чейин азыркы калыбында калтыруу, артта калган өлкөлөргө жардам берүү фондун түзүү, “Кара Суу”, “Мадина”, “Дордой” өңдүү ири базарлардагы эркин экономикалык аймактарды өз калыбында калтыруу, ветеринардык-санитардык лабораториялардын инфраструктураларын жабдуу, жакшыртуу сыяктуу өңдүү шарттарды сунуш катары киргизген.

Талдоочу Акелеев кызыкчылыктар минтип дал келбей турган шартта Кыргызстандын Бажы биримдигине киргенге караганда кирбей турганы пайдалуу деп эсептейт. Ал эми экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин айтымында, Кыргызстанды биримдикке кирүүгө аргасыз кылган тобокелчиликтер бар:

- Кирген пайдалуу болот. Биз Бажы биримдигине кирбей турганда эт-аш, азык-түлүктүн баары өтө берчү. Өзүбүздүн эле дыйкандар алып барып сатууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Азыр Бажы биримдиги башталганы баары иштеп калды. Казактар, мына, сүттү киргизбей койду. Этти да киргизбей коюшу мүмкүн. Кытайга барып сата албайт. Анда кичинекей өлкөбүз да, өзүбүз менен өзүбүз болуп, экономикабыз жокко чыгып, акыркы элибиз Кыргызстандан көчүп кетет.

Анткен менен жергиликтүү эксперттер да, айрым мамлекеттик кызматкерлер да Кыргызстандын Бажы биримдигине мурда болжолдонгондой 2014-жылы киришине реалдуу шарт түзүлө элек дешүүдө. Мындай маанай бирдиктүү мыйзамдык негиздер, анын ичинде регламент, тариф маселелери жолго коюла электиги, бул камылгалар бир жылда бүтпөй тургандыгы менен түшүндүрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG