Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Экс-депутат Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китебин чыгарды. Анда бир топ маселелерди ачыктап, айрым саясатчыларга кине койгон. Жапаров учурда чет өлкөдө.

Бул боюнча саясатчынын өзүнө телефон аркылуу кайрылып, эмне үчүн китебинде келтирилген мисалдарды убагында айтпаганын жана учурда кайсы өлкөдө, кандай негизде жашап жатканын сурап билдик.

"Азаттык": Садыр мырза, китебиңиздин мазмуну кандай?

Жапаров: Китепке саясатка аралашкан убактан тарта башымдан өткөн, өзүм аралашып жүргөн фактыларды жаздым. Жазылбай калган фактылар бар, эми алар тууралуу айтпай эле коеюн...

"Азаттык": Эмне үчүн ал фактылар ачыкка чыкпайт? Же сизге ыңгайлуу гана фактылар жарыяландыбы?

Жапаров: Жок, андай деле эмес. Эми мамлекеттик сыр деген болот. Мен мамлекеттик кызматкер да болгом. Ошондогу мамлекеттик сырлар китепке кирген жок.

"Азаттык": Каркыра Казакстанга өтүп жатканда сиз ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин кенешчиси турбайсызбы? Андан кийин эле комиссар болуп калдыңыз. Мурда Каркыра боюнча катуу каршы болуп келатып, кийин президенттин айтканын кылган парламенттеги “Ак жол” фракциясынын чечимине эмне үчүн унчуккан жоксуз? Анын үстүнө Каркыра сиздин киндик кан тамган жер эмеспи?

Жапаров: 2007-08-жылдары чырылдап жүргөнүмдү ал кезде анча деле көрүнүктүү саясатчы болбогонум үчүн балким эл билбейт. Тилекке каршы, 2008-жылдын март айында “Ак жол”, КСДП жана Коммунисттерден турган парламент Каркыраны ратификациялап берди. Мен анда депутат болбой калган болчумун. Ал эми президенттин кеңешчиси деген кызмат "аты улук, супарасы курук" болчу.

"Азаттык": Бирок сиз андан аз өтпөй эле комиссар болдуңуз. Ушул кызмат менен Жапаровдун “оозун жабышты” дегендер да бар...

Жапаров: Эми аны Кудай карап турат. Мен жумуш сурап барган жокмун. Өздөрү чакырышты. Комиссар болуп 2008-жылы жай мезгилинде бардым.

Садыр Жапаровдун китеби

Садыр Жапаровдун китеби

"Азаттык": Дал ошол сиз комиссар болуп турган мезгилде Кумтөр менен кайрадан келишим түзүлгөн учур болчу. Ал келишимди кийин коррупциялык деп айтып чыктыңыз. Коррупцияны ооздуктоочу орунда отуруп, ал ишти убагында алып чыгууга эмне тоскоол болду?

Жапаров: Өкмөттүн курамы деген бар. Биз өкмөттүн курамына кирчү эмеспиз. Биз жөн эле баягы коомдук башталыш сыяктуу эле агенттик болчубуз. Эгер ошол мезгилде мага дагы макулдашууга жок дегенде бир документ келгенде мен аны токтотуп калууга күчүм жетет эле.

"Азаттык": Бирок сиз баары бир мамлекеттик деңгээлдеги аткаминер болчусуз. Сиз ал ишти билбей калышыңыз мүмкүн эмес эле.

Жапаров: Кумтөр боюнча ал убакта сураган документти бейрасмий тургай, расмий да берчү эмес. Кумтөр өкмөтүңөрдөн алып алгыла дечү. Өкмөт болсо аларды “крышевать” этип отурчу.

"Азаттык": 2011-жылдын 30-октябрында үч тонна алтын Түркияга чыгарылып кеткен дептирсиз. Эсептеп көрсөм үч тонна алтындын базар баасы 5 млрд. сомго барабар экен. Алтынды Отунбаева же Атамбаев чыгара алмак деп айтыпсыз. Бул боюнча эмне үчүн ошондо алтын чыгып баратат деп айткан жоксуз?

Жапаров: Ошол мезгилде ким чыгарып кетип жатат, мунун артында ким турат, жүзүн ачалы деген максат болгон. Ошол максатта Текебаев, Кулов, Ташиевге жана дагы бир топ депутаттарга билдирип, түнү менен уча турган мезгилде кармап калалы дегенбиз. Тилекке каршы, ал түнү учурбай, эртеси тез аранын ичинде учуруп жибергенин интернеттен окуп калдык. Кыргызстандан жүк алып барган самолет авария болуп, токтоп турган самолетту канаты менен сүзүп алып, ремонтко киргизилди деп.

"Азаттык": Макул, а кеткенден кийин эмнеге чуу чыгарган жоксуңар?

Жапаров: Колуңда 100% документ болмоюн жөн эле сүйлөй берген болбойт. Мага ал эзели жакпайт. Жок дегенде 60-70%ы ишеничтүү болгондон кийин чыгарган жакшы да.

"Азаттык": Бирок китебиңизге жаздыңыз да?..

Жапаров: Себеби ошол документтер колго тийди. Ундун арасына салып, үч тонна алтынды чыгарып кетишкен. Ошон үчүн жаздым. Отунбаева же Атамбаев чыгарышы мүмкүн дегеним, а кишилер ошондо бийликтин башында турушкан.

"Азаттык": Парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясына Акматбек Келдибеков аркылуу "казак досубуз" үч миллион доллар бериптир, бирок Келдибеков аны бизге бербей коюптур деп жазыпсыз.

Жапаров: Кандай гана шайлоо болбосун, алдыңкы келаткан партиялар менен ички, сырткы күчтөр эсептешпей койбойт. Анан ошол мезгилдерде ал "бизнесмен дос" сыяктуу күчтөр жардам беришет. “Ата Журтка” эле эмес, бардык партияларга жардам беришкен. Сырткы күчтөр “Ата Мекенге”, КСДПга, керек болсо “Ак шумкарга” да жардам беришкен. Ошондой мезгилде "казак досубуз" “Ата Журтка” жардам берген экен. Аны биз убагында билбептирбиз. Кийин жарым жыл өткөндөн кийин билинип калды.

"Азаттык": Кандай болгон күндө да башка өлкөнүн жаранына карыз болуп калдыңар да? Аны кийин кантип кайтардыңар?

Бир катар беренелер боюнча айыпталган “Ата Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков учурда чет өлкөгө дарыланууга кеткен

Бир катар беренелер боюнча айыпталган “Ата Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков учурда чет өлкөгө дарыланууга кеткен

​​Жапаров: Мисалы, мен же партиялаштарым анын милдетин алган эмеспиз. Мен ошон үчүн Келдибековго барып чыр чыгаргам. Эмне үчүн алдың? Эмне үчүн момундай жардам келип атат деп ачыкка чыгарган эмессиң деп, талаш-тартыштар болгон.

"Азаттык": Ошол учурда колуңуздан келип турганда бир кишинин "Ысык-Көлгө губернатор болом" деп 150 миң доллар алып келгени, бирок аны сиз албай койдум дегениңиз шектенүү жаратып жатпайбы?..

Жапаров: Биринчиден, Кудай көрүп турат. Экинчиден, 15 чакты кошуналарыбыз менен чай ичишебиз. Баары болбосо да бир-экөө күбө катары айтып бере алат.

"Азаттык": 2014-жылдын 22-октябрында эжеңиз Райкүл Жапарованы “Ысык-Көл Инвестбанкын” жетектеп турганда “коррупциялык иш аракеттерге барган, кылмыштуу жол менен табылган акчаларды адалдаган, көз боемочулук кылган” деп башка бир топ кишилер менен кошо соттогон экен. Банктын мурдагы кожоюну Болот Байгожоев банкты Бакиевдердин жардамы менен Садыр Жапаров басып алып, эжесин ал жерге отургузган дейт. Буга кандай жооп бересиз?

Жапаров: Менин да, эжемдин да “Ысык-Көл Инвестбанкына” бир пайыз дагы тиешебиз жок. Бул банкта эжем сиз сыяктуу айлык алып гана иштеген. Байгожоевдин кинеси туура эмес. Ал өз колу менен банктагы акциясын Максим Бакиевге саткан экен. Мен муну кийин билдим. Банкта Чыныбай Турсунбековдун, менин, анан Байгожоевдин акциялары болгон. Мен 2005-жылы депутат болгондо сатып жибергем, кийин Турсунбеков дагы сатып жиберген. Байгожоев калган 20% акциясын Максим Бакиевдин балдарына сатып, 30 млн. сом алган экен. Ал кийин соттон белгилүү болду. 2010-жылы революция болуп кеткенден кийин Максим тартып алган деп туруп, соттон банкты бекер алмай болгон ал.

"Азаттык": Эми ал рейдерлик тартып алуу болгонбу, же чын эле өзү каалап сатканбы, сот иликтеши керек. Сот демекчи, сиз китебиңизде бир топ каармандарга айып тагыпсыз. Алар соттошобуз десе келип соттошконго даярсызбы?

Жапаров: Кайсы гана убакыт болбосун фактыларымды көтөрүп барып, соттошконго даярмын.

"Азаттык": Польшанын борбору Варшавадамын деп жатасыз. Ал жактан саясий баш паанек алдыңызбы?

Жапаров: Жок, азырынча ала элекмин.

"Азаттык": Китебиңизде батырып алганы үчүн Евробиримдикке жана Польша бийлигине рахмат айткан экенсиз. Ал жакта кандай негизде жашап атасыз?

Жапаров: Азырынча убактылуу жашап атам. Буюрган күнү мекениме барам.

"Азаттык": Саясий качкын катары арыз бердиңизби же берелексизби?

Жапаров: Арыз бере элекмин. Кудай буюрса берем. Эгер керек болсо берем.

"Азаттык": Иним жакшы болуп калса келем дедиңиз эле. Иниңиз кантип калды?

Жапаров: Иним, буюрса бөйрөгү алмашылды. Төрт-беш ай болуп калды. Анан үч-төрт күн мурда боорунан операция болуп, реабилитациядан өтүп жатат. Буюрса, март-апрелдерде жакшы болуп калат. Буюрса, ошол мезгилдерде Кыргызстанга барып калам.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG