Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Британ министри Башкы прокурор менен Максим Бакиев ишин талкуулады


Улуу Британиянын юстиция министри Лорд Эдвард Фолкс Башкы прокурор Аида Салянова менен жолугуп, эки өлкөнүн мындан аркы сот жана укук жаатындагы кызматташтыгын талкуулады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматкери Алманбет Абдраманов билдирди. Анын айтымында Салянова бир катар кылмыш иштери боюнча сыртынан соттолгон Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүгө жардам көрсөтүүнү Британ тараптан суранды. Өз кезегинде Лорд Эдвард Фолкс кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим сот тарабынан бир канча берене боюнча айыптуу деп табылып, сыртынан соттолгон. 4-апрелде Биринчи май райондук соту Максим Бакиевди Улуу Британия жараны Шон Дейлинин өлүмүн уюштурган деген кине менен үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү чечими менен өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан чечим чыгарган. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сентябрдын соңунда Британиянын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугуп, Максим Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөргөн болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG