Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Борбордук шайлоо комиссиясы 8-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовдун мандатын алды. Буга Орусиянын Башкы прокуратурасынын Саматовдун орус жарандыгын алгандыгын ырастаган документтери негиз болду.

Ушуну менен үчүнчү жолу мандатынан ажыраган Саматов дагы соттошорун, орус жараны эместигин далилдерин жарыялады.

Башкы прокуратура Жыргалбек Саматовдун жарандыгына байланыштуу Орусиядан келген документтердин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясына 17-июнда кат жөнөткөн. Боршайкомдун Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алгис Шүкүралиевдин маалымдашынча, анда Орусиянын Башкы прокуратурасы Саматов мындан толук 15 жыл мурун орус жарандыгын алганын бышыктаган:

- Жыргалбек Саматов Орусия жарандыгын Татарстан республикасынан 2001-жылдын 15-мартында алган. 2001-жылы 19-июлда ага Казан шаарында паспорт берилген. Экинчиден, Орусиянын тиешелүү органдарына бул адамдын Орусиянын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз менен кайрылганы тууралуу маалымат жок. Үчүнчүдөн, Орусиянын Федералдык кызматынын жетекчиси Константин Ромодановскийдин колу коюлган кат Саматовго берилген эмес.

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш

Жыргалбек Саматов биринчи жолу 2010-жылы Жогорку Кеңешке “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен келген. Анын кош жарандыгы тууралуу маселе ошондо эле көтөрүлгөн, бирок анда мандаттан ажыратылган эмес.

Саматов парламентке 2015-жылы “Республика Ата-Журт” партиясынан депутат болгон. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов ал өзүнө бөлүнгөн аймактан тиешелүү добуш албай калганы үчүн алдын ала шерттешүү убадасы боюнча мандатын тапшырууну талап кылган. Саматов андан баш тарткандыктан анын орус жарандыгы тууралуу маселе кайра коюлган. Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин аны эки жолу мандаттан ажыраткан. Бирок соттор Саматовдун пайдасына чечим чыгарып келген.

Жыргалбек Саматов кош жарандыгы бар деген дооматты караманча четке кагууда. Ал муну далилдөө үчүн Татарстанда сотко кайрылганын, алгачкы процесс 14-июлда караларын жарыялады:

- 2010-жылы талапкер, кийин депутат болгондон кийин БШК мүчөлөрү талкуулап, чечим кабыл алган. Ошол боюнча калган. Андан кийин 2015-жылы кайра шайлоого барганда бул маселе көтөрүлдү, алты жолу сот болду. Мен бул маселеге Орусия жактан чекит койбосо болбойт деп сотко кайрылдым. 2001-жылы жарандык албаганымды далилдеш үчүн сотко берип, жазылган арыз, толтурулган кагаздарды коюлган колдорду текшертүү үчүн экспертиза жасаттым. Ал жакта менин колум эмес экени жазылып турат.

Саматов эмне себептен буга чейин Татарстандын соттору анын арызын кароодон баш тартып келгени тууралуу мындайча түшүндүрмө берди:

- Татарстандын Федералдык миграциялык кызматы башка райондо болгондуктан биз кайрылган сот "ошол райондун сотуна кайрылгыла" деп жооп берген. Биз ошондуктан башка сотко кайрылып, ал иш 14-июлда каралганы жатканын сиздерге айттым. Ромодановскийдин каты тууралуу айтсам, мен ал жакка барган эмесмин. Арыз жазып жөнөткөндө ошондой жооп келген. "Ал катты Ромодановский берген эмес" деген эки кат келди. Бирок ал каттардын мазмуну окшош. Менин маселемдин улам-улам эле көтөрүлүп жаткан себебин жакшы билесиздер. Биз кандай маалымат жөнөтсөк, анын баары билинип калып башка тараптан да бизге каршы катуу иштер жүрүп жатат.

Нуржан Шайлдабекова

Нуржан Шайлдабекова

Анткен менен анын жүйөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн канааттандырган жок. 8-июлдагы жыйында мандаттан ажыратуу тууралуу чечим бир добуштан кабыл алынды. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова орус жарандыгын алганына анын сотко берген арызы далил экенин белгиледи:

- Бир канча жыл мурун эле сиз бул маселеге чекит коюп койсоңуз болмок. Бизге Татарстандын “Авиастроитель” соту эки аныктама берди. Сиз ал жакка эки арыз менен кайрылыпсыз. Сиздин өкүлүңүз дагы эки арыз бергенбиз деп маалымдаган. Ал арызда мыйзам чегинде Орусиянын жарандыгынан чыгуу маселесин чечип бериңиз деп жазылып турат.

Айтор, Саматовдун мандатына байланыштуу талаш-талкуу дагы уланмай болду. Анын жактоочусу Борбордук шайлоо комиссиясынын мандаттан ажыратканын мыйзамсыз деп даттанып, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна кайрылды.

2010-жылдан бери депутат болуп келе жаткан Саматовдун кош жарандыгы тууралуу маселе көтөрүлгөндө, Борбордук шайлоо комиссиясынын буга чейинки курамы эмнеге тыкыр иликтеген эмес, Башкы прокуратура ошондо эле эмнеге Орусиядагы кесиптештерине кайрылып тактаган эмес деген суроолор ачык бойдон калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG