Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Темир Сариев өкмөт башчылыктан кетти. Ал бир жылга жетпеген мөөнөттө кызматынан бошоду. Эгемендүүлүк доорунан бери Кыргызстанда өкмөт башчылар бир-эки жылга жетпеген убакта кызматтан кетүүсү өнөкөт көрүнүшкө айланып калды.

Темир Сариев толук кандуу шайланган 20-өкмөт башчы болуп калды. Ал эми өкмөт башчы кызматынан кетип, анын милдетин аткарып тургандарды кошуп санаганда эгемендүүлүк доорунан бери Кыргызстанда 30га чукул өкмөт башчы алмашты.

Темир Сариевдин кызматтан кетүүсүнө Балыкчы-Корумду жолун куруу үчүн өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар себеп болгону айтылды. Бирок Сариев андай айыптоолорду четке кагып, күрөштү токтотпосун билдирди.

“Независимая газетанын” Борбор Азия боюнча кабарчысы Виктория Панфилова Кыргызстанда өкмөттүн тез-тез алмашуусун саясий-экономикалык кризис менен байланыштырат:

- Өкмөттүн алмашуусу саясий-экономикалык кризиске байланыштуу. Атамбаевдин президенттиги учурунда Сариев төртүнчү өкмөт башчы болду. Ага чейинки өкмөт башчы Оторбаев Кумтөр жаңжалы боюнча кетти. Сариев да экономикалык жаңжалга байланыштуу кетти. Таң каларлык эч нерсе жок. Менин оюмча, Атамбаев 2017-жылдан кийинкиге даярдык көрүп, команда түптөөдө. Ал өкмөт башына кайра келип, бийликтен биротоло кетпештин камын көрүп жаткандай.

Виктория Панфилова бийликтен кетпөө адаты КМШга мүнөздүү көрүнүш экенин кошумчалады. Ал ошондой эле өкмөттүн тез-тез алмашуусу саясий-экономикалык кризисти күчөтөт. Анткени өкмөт мүчөлөрү программасын даярдап, аны ишке ашырууга үлгүрбөйт деп эсептейт.

Кыргызстандык саясатчы Улукбек Ормонов өкмөт менен кошо жоопкерчиликти башкаруучу коалиция да тартыш керек дейт:

- Чыныгы парламенттик өлкөдө утуп келген партиянын лидери өкмөттү башкарат. Ошондой болгондо гана өзгөрүү болот. Азыр биздин партиянын лидерлери башка бирөөнү шайлап коюп, өздөрү четте калып атпайбы сындап коюп. Азыркы коалиция өзү шайлаган өкмөттүн ишине толук жооп бериш керек.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев 1991-жылдан бери келаткан өкмөттү садага чапмай өзгөргөн жок деген пикирде:

- 1991-жылдан 2010-жылга чейин өкмөттүн үстүндө президент турган. Элдин алдына жооп берер алдында өкмөт иштебей жатат деп садага чапчу. 2010-жылдан кийин да ушул эле көрүнүш калып калды.

Кыргызстандын азыркы Конституциясына ылайык президент өкмөттү куроого түздөн-түз катыша албайт. Аны парламенттеги башкаруучу коалиция түзөт. Бирок Конституциянын ал талабын аткаруу мүмкүн эмес. Президент бери дегенде өзүнүн КСДП фракциясы аркылуу өкмөттү түзүүдө негизги ролду ойнойт.

Ошондуктан жаңы өкмөт башына да президенттин айланасындагы кадрлар аталууда. Ысымы аталгандардын катарында азыркы кезде президенттик аппараттын башчынын биринчи орун басары Сооронбай Жээнбеков, КСДПнын мүчөлөрү Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов жана Канат Исаев бар.

1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялаганда өкмөт башына Насирдин Исанов келген. Кумтөр алтын кенин каалаган компаниясына алып бериш үчүн келген Борис Бирштейн менен сапардагы жол кырсыгында каза тапкан Исановду Турсунбек Чыңгышев алмаштырган.

Чыңгышев алтын чырына байланыштуу кызматынан кетип, анын ордуна советтик мезгилде да өкмөттү башкарган Апас Жумагулов шайланган. Кыргызстандын жаңы тарыхында өкмөт башында эң эле көп убакыт турган ошол Жумагулов болуп калды. Ал төрт жылдан ашуун убакыт отурду. Анын ордуна келген Кубанычбек Жумалиев алты ай отуруп- отурбай 1998-жылдагы финансылык кризисте кызматынан кетти. Анын ордуна келген Жумабек Ибраимов оорусуна байланыштуу үч айдан ашык гана кызматта болду.

Өкмөттүн алмашуусу саясий-экономикалык кризиске байланыштуу. Атамбаевдин президенттиги учурунда Сариев төртүнчү өкмөт башчы болду.

Ибраимовдон кийин Амангелди Муралиев, Курманбек Бакиев, Николай Танаев, Феликс Кулов, Алмазбек Атамбаев, Игорь Чудинов жана Данияр Үсөнов өкмөт башчылык орунда кыска мөөнөт иштеп кетишти. Апрель ыңкылабынан кийин өкмөт башчыны алмаштыруу тенденциясы ого бетер тездеп, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев өкмөт башына келүүгө үлгүрдү. Бул өкмөт башчылар негизинен 1-1,5 жыл иштеп-иштебей кызматтан кетип жатышты. Алардын ичинен Николай Танаев, Игорь Чудинов гана эки жылдын тегерегинде кызматта болушту.

Темир Сариевден кийинки өкмөт башчынын да көп иштегенге мүмкүнчүлүгү болбойт. Анткени келерки жылы президенттик шайлоо болот. Ал шайлоодон кийин республикада жаңы саясий кырдаал түзүлөт эмеспи.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG